Матраимов жаңжалы: "Сөз эркиндигине сокку урган" сот чечимдери

Раим Матраимов азыркы учурда Кыргызстанда эң таасирлүү фигура болуп жатат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бажыдагы коррупция жөнүндө журналисттик иликтөөдө эң оболу Бажы кызматынын төрагасынын мурдакы орун басары Раим Матраимовдун ысмы аталууда

Кыргызстанда коррупцияны иликтеген маалымат каражаттары менен соттошуп жаткан Матраимовдор ММКлардын банктагы эсебин камакка алуу жөнүндө арызын кайра чакырып алууга аргасыз болууда. Мунун башкы себеби алардын арызын жогорку ылдамдык менен караган сот чечимдерине коомдук реакция өтө курч болуп жатканында.

"Жең ичинен"

Коомдук активисттер Матраимовдордун арызын тездик менен караган соттун чечимдери алдын ала жең ичинен сүйлөшүлгөн аракеттердин натыйжасы деп жатышат.

"Доо арыз 9-декабрда түшүп жатат. Сот заматта каттоого алып 10-декабрда соттун жыйыны болор күндү белгилейт. Ал эми практикада кандай болушу керек? Азыр жаңы кодекстер ишке киргенден кийин соттук иштерди бөлүштүрүү беш күндүн ичинде иштерди автоматтык бөлүштүрүү системасы аркылуу жүрөт. Доо арыз сот төрайымы Ж. Ибраимовага келген, ал ошол күнү аны өзүнө жөнөтүп жатат. Ал мыйзамдагы беш күндүк мөөнөттү күтпөй эле кийинки күнү карап жатат...Бул жерде күн мурунтан сүйлөшүп алышкан",-деди "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова.

Бажыканадагы ууру жолдор менен миллиондорду жымырган уурулар жөнүндө иликтеген "Азаттык", "Клооп" жана "24.kg" маалымат агенттигинин банк эсептери Матраимовдордун арызы боюнча камакка алынганы бейшембиде кечинде белгилүү болду.

"Тумшуктууга чокутпай, канаттууга кактырбай"

Facebook баракчаны өткөрүп жиберүү, пост

Баракча ачылбайт

Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.

Facebook посттун аягы

Бул маалыматка коомчулуктун реакциясы абдан курч болууда. Бул жерде Матраимовдор бийликтин колдоосуна таянып, ММКларга кысым көрсөтүп баштады деген сындар айтылууда.

"Алар бул жерде сөзсүз түрдө бийликке таянып жасап жатышат. Раим Матраимов менен президенттин мамилеси кандай экендиги коомчулукка биз айтпасак дагы белгилүү. Президент шайлоо убагында Матраимовдордон кандай колдоо алганы, азыркы кезде аны арты түртүп ийгенге бара албай же колтугуна кыса албай, бирок тумшуктууга чокутпай, канаттууга кактырбай жанында алып жүрөт",-деди Би-Би-Сиге аналитик Айданбек Акматов.

Ошол эле убакта Матраимовдордун адвокаты Татьяна Карыжинская бүгүн Бишкектеги басма сөз жыйынында доо арыз берилген маалымат каражаттарынын банктык эсебин камакка алуу арызы кайра чакыртылып алып жатканын билдирди. Алардын мындай чечими президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиеванын, АКШнын өкүлдөрүнүн курч билдирүүлөрүнөн кийин болгон чегинүү катары каралууда.

Жарандык активисттер митингге чыгышып, коррупцияга каршы чечкиндүү чараларды көрүүнү талап кылышты
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Миллиондорду жымырган уурулар жөнүндө журналисттик иликтөө жарыяланганда жарандык активисттер митингге чыгышты

"Эркин басма сөздү коркутуу"

Кыргыз президентинин басма сөз катчысы өзүнүн билдирүүсүндө соңку сот чечимдерин "президенттин гана эмес, биздин демократиялык өлкөнүн да аброюна шек келтирээрин так кесе билдиребиз» деп белгилеген.

Ошол эле убакта АКШнын Өкүлдөр Палатасы Кыргызстанда болуп жаткан окуяларды "журналистиканы басмырлоо жана эркин басма сөздү коркутуу жана ооздуктоо" деп атады.

Коррупциялык кылмыштар жөнүндө журналисттик иликтөөдө аты аталган Райым Матраимов ошол иликтөөнү жүргүзгөн "Азаттык" үналгысын, "Kloop.kg" жана аны жарыялаган "24.kg" агенттигин сотко берип, негизсиз жаманатты кылды деген негизде алардын баарынан жалпысынан 60 миллион сом кенемте талап кылууда. Алгачкы соттук териштирүү 19-декабрда болгон жатат. Андан бир күн мурда Бишкекте сөз эркиндигин колдоого чакырган чоң митинг өткөрүү пландалууда. (КС)