Интернетти оздуктоо аракети: фейкке каршыбы же сөз эркиндигинеби?

коомдук медиа

Сүрөттүн булагы, Getty Images

    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Коомдук талкууга коюлган "Маалыматтын манипуляциясы жөнүндө" мыйзам долбооруна ылайык, бурмаланган маалымат тараткан интернет сайттарды тийиштүү органдар сотко чейин эле жаап, чектеп коё алат.

"Медиа Полиси Институту" аталган документти талдап, ал Баш мыйзамга каршы келерин айтып чыкты. Бирок демилгечи депутаттар "мыйзам сөз эркиндигин чектөөгө эмес, фейк жаңылыктар менен күрөшүүнү көздөй турганын" жүйө келтирип жатышат.

"Тажрыйба көрсөткөндөй коомчулук үчүн фейк жаңылыктар көбүрөөк алымдуу болот экен. Тилекке каршы, андай жаңылыктар олуттуу журналистикага караганда көбүрөөк кызыкчылык туудуруп жатат. Бул өзүнчө эле ММКнын кара рыногуна айлангандай. Долбоорго ылайык , жалган маалыматтарды таратуу гана чектелет. Ал жалганбы же жокпу сот чечет. Бирок бизде андай соттошуулар жылдарга создугуп кетип атат. Ал убакта фейк маалымат коомчулукту дүрбөтө берет",- деп түшүндүрдү Би-Би-Сиге мыйзамдын демилгечиси "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Гүлшат Асылбаева.

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Гүлшат Асылбаева

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Гүлшат Асылбаева

Аталган мыйзам долбооруна ылайык, макалада же жаңылыкта кадыр-баркына шек келтирди деген жаран сотко кайрылары менен ал тууралуу жарыяланган интернеттеги маалымат 48 саат ичинде өчүрүүлүгө тийиш.

Медиа чөйрө жана укук коргоочулар жаңы демилгени сөз эркиндигине чабуул деп аташты. Алар ар бир жаран эркин маалымат алууга укуктуу экенин эскертип жатышат.

"Мурунку режимдерди карасак, мамлекеттик, коомдук телеканалдарга цензура киргизип, бийлик сын айткан пикирлерди, дегеле коомдо болуп жаткан ачуу чындыкты элге жетпесин, эл билбесин деген максат менен тыйып келишкен. Бирок мындай мүмкүн эмес экенин тарых бир эмес эки жолу тастыктаган. Азыр болсо интернет адамдардын маалымат алуусунн негизги ресурсу болуп калды. Анткени интернет ар бир адамда бар", - деди парламенттин мурунку депутаты Алмамбет Шыкмаматов.

Саясатчы мындай чектөөлөр экстремизм жана терроризмге каршы багытталса гана өзүн актай турганын кошумчалады.

Кырнеттин саны жана салмагы

Кыргызстанда интернетти үзгүлтүксүз такай колдонгон жарандар саны үч миллионго чамалайт, алардын көбү социалдык түйүндөргө маалымат алуу үчүн киришет.

Коомдук сайттардагы колдонуучуларынын саны боюнча Instagram жана "Одноклассники" алдыда. Андан кийинки эле орунда Facebook турат.

"Datareportal берген статистикага таянсак, Кыргызстанда үч миллионго жакын интернет колдонуучулары бар. Mail group эсептөөлөрү боюнча "Одноклассники", "В Контакте" жана бул почтаны колдонгон кыргызстандыктар саны төрт миллион 370 миңге барат. Биздин өзүбүздүн да мартта жасаган эсептөөлөрүбүз бар. Март айында "Одноклассники" коомдук сайтын активдүү колдонгон кыргызстандыктар саны 817 миң болду. "ВКонтакте" түйүнүн бир айда 405 миң кыргызстандык колдонгон. "Фейсбукту" бул айда 650 миң адам, "Инстаграмды" эки миллион 100 миң адам колдонду",- деди SMM адиси Светлана Марголис.

Үгүт өнөктүгүндө коомдук сайттардын ролу чоң экенин буга чейинки шайлоолор көрсөттү. Электорат топтоо, атаандашын каралоо, ушак таратуу өткөн президенттик шайлоонун тренди болгон.

Мындан улам интернетти көзөмөлдөө демилгеси келе жаткан парламенттик шайлоого да байланыштуу болушу мүмкүн.

Үгүт аянты катары социалдык желелер канчалык натыйжалуу?

Чоробек Сааданбек

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чоробек Сааданбек

"Бул жолу кадимки жүргүзүлгөн үгүттөө иштерине биринчи жолу теңме-тең иштер социалдык желеде жүргүзүлөт. Байкасаңыздар жергиликтүү кеңештерге шайлоолордо соцжеледе популярдуу болгон инсандарды кошуп алуу болду. Аракеттеги депутаттар, саясатчылар деле социалдык желени өзүнө тартуу үчүн аябай эле жакшы колдонуп атышат", - деди интернетте кыргыз тилин илгерилетип келе жаткан адис Чоробек Сааданбек.

Кыргыз тилдүү аудитория үчүн соңку кезде TikTok жана Instagram коомдук сайттары популярдуу болуп жатат, дейт ал.

Ошентип, социалдык технологиялар өнүккөнү шайлоо процесстери да өзгөрүүлөргө дуушар болууда . Электорат жашарып, аларга карата мамиле да өзгөрүп жатат. Ошол эле убакта ал коомдук сайттар аркылуу таратылып жаткан фейк жаңылыктар да машакат жаратууда.