Кыргызстан: эпидемияны эл тоготпой жатат

Сүрөттүн булагы, official
- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыргызстанда соңку суткада коронавирус жуктургандар саны өсүп кетти. Өлкө боюнча өзгөчө кырдаал режими жарыяланганына карабай, эл чогулган учурлар катталууда. Көпчүлүк эпидемиядан кооптонбогон баскыч башталдыбы?
Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда коронавирус аныкталган 78 жаңы учур катталды. Жаңы катталгандардын басымдуусу сырттан келгендер, деди саламаттык сактоо министрлиги.
43 учур Соль-Илецктен келгендердин арасынан, 3 учур Санк-Петербургдан келген курсанттардан аныкталган. Калгандары жүк ташуучу унаалардын айдоочулары жана башка өлкө менен байланышы болгон жарандар.
Ал эми 26 киши вирус жугузгандар менен Кыргызстандын ичинде байланышта болгондор, деди министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев. Төртөө медицина кызматкерлери. Үсөнбаев четтен киргендерди көзөмөлдөөнүн алгоритмин айтып жатып Оренбургдан келгендерге токтолду:
"Соль-Илецктен келгендерден кайталап ПЧР анализ алуу чечими кабыл алынган. Анткени өтө жакшы эмес шартта болушкан жана баары бир автобуста келишкен. Анда вирусту жуктуруп алуу коркунучу жогору. Ошондуктан аларды дагы бир жолу анализ жасаганга чейин обсервацияда калтырганбыз. Бул чечим, дагы тастыкталган 43 учур тобокелчилик өтө чоң болгонун, биз анын массалык түрдө жайылышын алдын алганыбызды көрсөттү".
Элге жумшак мамиле зарыл

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Расмийлердин маалыматында, мурдагы авиа базада обсервацияда жаткандар үйгө коё берүүнү талап кылып, чуу чыкканда милиция чакырууга аргасыз болушкан.
Иштөөгө уруксат берилбеген мекемелер ишке кирип, элди чогулткан учурлар четтен чыгууда. Бийликтин "зарылчылык болбосо, сыртка чыкпагыла" деген чакырыктарына карабай көчөдө элдин агымы токтобой, айрым ири шаарларда унаа тыгындары пайда болууда.
Саламаттыкты сактоо министринин мурдагы кеңешчиси Елена Баялинова дүйнөнүн башка жерлеринде да карантинге каршы адамдар көтөрүлүп жатканын белгиледи. Ал эл көпкө чейин карантинде кала албасы бышык эле, негизги себеби жашоого каражаттын жоктугу деди.
"Бул азыркы кырдаалды жеңүүнүн жаңы баскычы болсо керек. Дүйнө адамдары эми пандемиянын кесепеттери менен алышууга, экономикалык кризис менен күрөшүүгө аргасыз. Ал адамзат жашоосунун бардык тармагына тиешелүү", - деген пикирин айтты Баялинова.
Баялинова азыр элге өтө жумшак, ак пейил кайрылуулар гана жетет деди:
"Бүгүнкү күнү элди коркутуп, чочутуп, аларга тартип коргоо кызматкерлерин багыттоого болбойт. Ар бир кыргызга, өмүргө коркунуч жаралганын толук түшүнбөй жаткандарга вирус ден соолукту гана эмес, үй-бүлөнүн кирешесин да зыянга учуратарын түшүндүрүшүбүз керек. Биз психологиялык жактан чыдамы түгөнүп жаткан ар бир кишиге түшүнүү менен мамиле жасашыбыз керек".

Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев обсервацияда жатып, карантин режимин сактабагындар өкүндүрөт деди.
"Жумушу токтоп, үй-бүлөсүнөн алыс калганын канчалык түшүнгөнүбүз менен обсервациядагылар милиция кызматкерлердин, башка адистердин ден соолугун коркунучка кептеп жатышат", - дейт ал.
Соль-Илецктен келгендерди бүгүн үй карантинине чыгарышты. Алар эки жолу анализи терс чыккандар.
Батыралиев коомдо таасири бар кишилер, уюмдар лидерлик жөндөмдүүлүгүн пайдаланып, режимди сактоого, эпидемияны бирге жеңүүгө чакырыш керек деген оюн ортого салды.
Медицинанын күчү канчага жетет?

Сүрөттүн булагы, official
Талантбек Батыралиев медицина кызматкерлери эпидемияны толук бууганга чейин күрөштө болууга аргасыз экенин белгиледи:
"Алар өз иши, жарандардын ден соолугу менен толук алек болуш үчүн үй-бүлөсүнө кол кабыш кылышыбыз керек. Жумуштан чарчап келип бала-чакасын багам деп дүкөндөн дүкөнгө чуркабагандай камсыздалса... Азыр "алдыңкы фронтто" иштеп жаткан дарыгерлердин үй-бүлөсү, айрымдарынын кичинекей балдары бар. Бала бакчалар, мектептер жабык, үйдө отурушат. Аларды карай турган дарыгерлер, медайымдарга бир жардам болуш керек".
Елена Баялинова Саламаттык сактоо министрлигине түшкөн жүктүн оордугун белгиледи. Ал ошол эле учурда министрликте көптү көргөн, чыдамдуу кишилер иштээрине көңүл бурду.
"Саламаттык сактоо министрлиги өзүн туруктуу кармап турат, ал чыдайт. Анткени ал жакта иштегендер тажрыйбалуу, чыдамдуулугу жогору. Адам ресурсу дайыма табылат, биздин эл чыдамкай. Ал эми каражат ресурсу жетип жетпеси чоң маселе. Коргоо каражаттары, жаткырылгандарга кеткен акча күн өткөн сайын азайып жатат", - деди Би-Би-Сиге Елена Баялинова.
Өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны өсүп жатат, бул карантин чаралары жумшартыла баштаган учурга туш келди. Республикалык штаб эпидемиянын туу чокусу 20-24 апрелдерге туш келерин божомолдогон эле.
Акыркы суткада 1600дөн ашык анализ жасалган. 6000ден ашык киши үй карантининде байланышта болгон тарап катары көзөмөлдө. 2200дөн ашык адам обсервацияда каралууда.
375 киши стационарда дарыланууда, калгандары айыгып чыкты. Коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1216га жетти, курмандыктардын саны 14.












