Шайлоо 2020: Акыл менен акчанын тиреши

Сүрөттүн булагы, VYACHESLAV OSELEDKO / STRINGER
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Рыскелди Момбеков менен Жанар Акаев 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо талапкерлердин ачык тизмесин киргизүүнү сунуштоодо. Тиешелүү мыйзам долбоорун жарандык коом өкүлдөрү да колдоп жатышат.
Преференциалдык шайлоо системасы деген эмне жана анын Кыргызстанда иштеп кетүү мүмкүнчүлүгү барбы?
Ачык тизме
Тиешелүү мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Жанар Акаевдин айтымында, шайлоочу партияны гана эмес, анын өкүлдөрүн да бирден тандайт:
"Электрондук добуш берүү аркылуу преференциалдык шайлоо системасын ишке ашыруу оюубуз бар. Түпкү маңызы - шайлоочу партияга добуш берүү аркылуу ал партиянын ичиндеги адамдарды да тандаганга мүмкүнчүлүк берүү. Азыр болсо шайлоочулар жалпысынан эле партияга добуш берет дагы, бирок партия тизмесинин курамын ошол партиянын лидери же саясий кеңеши аныктап коюп атат".

Сүрөттүн булагы, Social media
Үч депутат сунуштап жаткан шайлоо системасы өзүнө пропорционалдык (партияны тандоо) жана мажоритардык (талапкерди тандоо) системанын элементтерин камтыйт.
Олигахтар VS лидерлер
Партиялык тизме менен өткөн 2010 жана 2015-жылдардагы парламенттик шайлоолор коррупцияны күчөтүп, таасирлүү партиялардын тизмесиндеги баштапкы орундар чоң акчаларга сатылып калганын байкоочулар айтып келишет.
Мындай шартта талапкердин депутат болор-болбосун шайлоочулар эмес, партия лидерлери же калың капчык аныктап калып жатат. Азыркы парламент "олигархтар парламенти" деп сынга алынып жатканынын себеби ушунда.
"Олигархтар менен чыныгы лидерлер ортосундагы саясий конфликт болуп атат. Жакшы депутат каякка барарын билбейт. Ал эми жаман депутаттар акчасын даярдап, кайсы жерде добуш сатып алсак деп даярданып отурат. Муну тескеринен селекция дейт", - дейт парламенттин экс-депутаты Равшан Жээнбеков.

Сүрөттүн булагы, Guljan Turdubaeva
Партиялык тизме менен шайлоодо "депутаттарды эл шайлайт" деген Баш мыйзамдагы 4-берене бузулуп жатканы да жүйөө келтирилип жатат.
"Бийлик колдобосо, өтпөйт"
Кыргызстанда преференциалдык шайлоо системасын киргизүү парламенттин мурунку чакырылыштарында да көтөрүлгөн.
"Бул шайлоо системасын 2013-жылы Ишенбай Дүйшөнбиевич (ред. Кадырбеков, Жогорку Кеңештин экс-депутаты) экөөбүз дагы жылдырганбыз. Бир топ фракция өкүлдөру колдогон. Бирок өтпөй калган. Эмне үчүн? Анткени бул бийликте турган күчтөргө жакпайт. Бүгүнкү айтылып атканда идея да жакшы идея. Эл арасында айтылып жаткан идея. Бирок бийлик колдобосо өтпөйт", - деди "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн өткөн талкууда.

Текебаев бүгүн өкүм сүрүп жаткан шайлоо системасы бийлик системасын дискредитациялады деп, кадыры түшкөн бийликтин арты ыңкылап менен бүтөрүн эске салды:
"Так ошол кырдаал күндөн күнгө күчө келе жатат. Бүгүнкү шайлоо системасына эл нааразы. Монополдошту деп атышат".
"Акырындык менен өтүү керек"
БШКда буга чейин шайлоо тууралуу мыйзамдарды жакшыртуу боюнча стратегия иштелип чыккан. Президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен атайы жумушчу топ иштеп чыккан стратегия долбоорун парламент быйыл жазында колдоп берди.
Стратегияда маанилүүсү - шайлоо модели өзгөрбөйт делген.
"Азыр преференциалдык шайлоо системасын киргизүү менен партияларда жаңы-жаңы гана калып жаткан ички структура жана чечимдерди кабыл алуудагы иерархияны талкалап алуу коркунучу бар. Бирок жалпысынан преференциалдык шайлоону биз жактайбыз. Бирок башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын карап отуруп ага акырындык менен өтүү керек экендигин көрдүк. Ага партиялар кичине күчтөнүп калганда өтүү оң", - деген эле буга чейин БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова.

Сүрөттүн булагы, Official
Ал Кыргызстан бул эмес, кийинки шайлоо циклына барып, ачык тизме менен добуш берүүнүн формаларын байкап көрүшү мүмкүндүгүн айткан.
Партиялык тизме: өткөндөн сабак
Кыргызстанда Жогорку Кеңеш партиялык тизме менен шайлоо 2000-жылы башталды. 1998-жылы өткөн Конституциялык реформанын негизинде кыргыз парламентинин курамынын саны кайра каралып чыгып, партиялык тизме менен шайлоо кирген.
2000-2005-жылдары парламенттин Мыйзам чыгаруу палатасынын 60 депутатынын 15и партиялык тизме парламентке келген.
Бирок ошол чакырылышта бир мандаттуу округ аркылуу келген 15тей депутат парламентте активдүү болуп , маанилүү мамлекеттик чечимдерди кабыл алууда таасирдүү роль ойногону айтылып келет.
2005-жылы өлкө бир палаталуу парламентке кайтып, партиялык тизме жоюлган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
2007-жылы Бакиев президент болуп турган учурда Жогорку Кеңеш биринчи жолу бүтүндөй партиялык тизме менен шайланып, бийликтин "Ак Жол" партиясы көпчүлүк орунга ээ болгон.









