Акыл эмес, акча сапырган кыргыз шайлоосу

БШК төрайымы Би-Би-Си үчүн бет ачаар алдында стратегиянын урунттуу учурларына токтолду

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, БШК төрайымы Би-Би-Си үчүн бет ачаар алдында стратегиянын урунттуу учурларына токтолду
    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

БШКда 2018-2020-жылдарга карата шайлоо тууралуу мыйзамдарды жакшыртуу боюнча стратегия иштелип чыкты. Президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен атайы жумушчу топ иштеп чыккан стратегия долбоору буга чейин аймактарда талкууланып, эртең 26-июнда коомдук угууга коюлганы жатат.

Андан соң документ Өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү боюнча улуттук кеңештин кароосуна коюлат.

Талапкерлерге талаптар жаңырат

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова стратегия долбоорунун урунттуу жерлерин Би-Би-Сиге айтып берди.

Долбоордо президенттикке, Жогорку Кеңеш жана жергиликтүү кеңеш шайлоо талапкерлерине жаңы талаптар коюлду. Эми жергиликтүү кеңешке шайлоого катыша турган адамдын орто же орто кесиптик, ал эми парламент жана президенттикке талапкер адамдардын жогорку билими болушу шарт.

Кайсы деңгээлде талапкер болбосун кош жарандуулугун жашырганы кийин аныкталса, ал үчүн тийиштүү административдик жана кылмыш жоопкерчилиги болот.

Оор кылмыштар боюнча соттолгон талапкерлер соттуулугу жоюлгандан кийин дагы 10 жыл шайлоого катыша албайт, ал эми өтө оор кылмыштар үчүн жазасын алгандар 15 жылга чейин шайлоого кое берилишпейт.

Шайлоо акчасына көзөмөл

Талапкерлер, партиялар арасында тең укуктулуулукту, таза атаандаштыкты камсыздоо үчүн шайлоолордо финансылык чектөөлөр кирет.

"Президенттик шайлоодо финансылык чек коюп атабыз, ал шайлоо фондуна байланыштуу. Шайлоо учурунда болгон каржылык чыгашалардын чектөөсүн былтыр июнда парламент алып салган эле. Бул шайлоодо негативдүү таасир этүүчү фактор болду. Бул нерсе биринчи фактор болуп калышы мүмкүн экендигин өткөн шайлоодо көрдүк", - деди Шайлдабекова.

Айтымында өткөн шайлоодо айрым президенттикке талапкерлердин ачык чыгашасы 240 миллион сомду чапчыса, эң азы 1 миллион 200 миң сомго эле барды.

Өткөн президенттик шайлоодо эң көп каражатты "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов жумшаган

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өткөн президенттик шайлоодо эң көп каражатты "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов жумшаган

Каржылык көзөмөлдөө парламенттик шайлоо үчүн да каралат, азыр партиялар үчүн шайлоо фондунун көлөмү 500 миллион сом делип, бирок анын да көлөмүн да азайтуу чаралары көрүлөт.

Президенттикке талапкер адамдар мындан кийин өзүнүн эле эмес, жакын туугандарынын да киреше булагын ачыкташы шарт. Дагы бир маанилүү талап - президенттикке талапкер адамдын чет мамлекеттерде банктык эсеби жана активдерди болбошу керек.

Шайлоо модели өзгөрбөйт

Стратегияда ошондой эле келе жаткан 2020-жылда өтө турган парламенттик шайлоолорду өткөрүү формалары боюнча сунуштар камтылган.

"Парламенттик системага баары бир күчтүү партиялар керек. Парламентаризмдин институту катары партияларды бекемдейбиз деген максат коюп атсак, анда партияларга убакыт, мүмкүнчүлүк, шарт да түзүп беришибиз керек. Пропорционалдык шайлоо системасы аларды өркүндөтөт деп ойлойм. Кийинки шайлоо циклына ачык тизме же преференциалдык добуш берүүнүн түрлөрүн жана формаларын көрөлү деп атабыз", - деди Нуржан Шайлдабекова.

"Азыр преференциалдык шайлоо системасын киргизүү менен партияларда жаңы-жаңы гана калып жаткан ички структура жана чечимдерди кабыл алуудагы иерархияны талкалап алуу коркунучу бар. Бирок жалпысынан преференциалдык шайлоону биз жактайбыз. Бирок башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын карап отуруп ага акырындык менен өтүү керек экендигин көрдүк. Ага партиялар кичине күчтөнүп калганда өтүү оң", - деп кошумчалады БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова.

Президент БШК аркылуу шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу аракетип көрүп жаткан чакта парламентте да кийинки Жогорку Кеңешке шайлоолорго карата мыйзам долбоорлору демилгеленип жатат.

Партияларды ким каржылайт?

Шайлоо алдындагы чыгымдарды жабуу үчүн партия лидерлери акчалуулар менен ымалашууга мажбур деп эсептеген депутат Айнуру Алтыбаева саясий партияларга мамлекеттик колдоо берүү керек деген пикирде.

Бул себептүү ал "Саясий партиялар тууралуу" мыйзамына толуктоо-өзгөртүүлөр киргизүү мыйзам долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга койду. Мыйзамдагы маанилүүсү - бул партиялардын каржы булактарын ачыктоо.

"Эми 2020-жылдагы парламенттик шайлоо жакындаган сайын күнүгө бирден партия чыга баштайт. Бирок ал партиялардын идеологиялык багыттары кандай, кимдерден турат? Программасы кандай деген суроолор чыгат. Партиялар декларативдүү түрдө өздөрүн демократиялык же башка багытта деп койгону менен, чындыгында, алардын идеологиясы аны кимдер каржылайт ошондон көз каранды. Бирок бүгүнкү күнү партиялардын финансылык булактары белгисиз, ачыкталбай калууда", - деди Алтыбаева.

Депутат ар бир партиянын финансылык абалына Юстиция Министрлиги жана Эсеп палатасы кызыга жана текшере алгандай болушу керек деп жатат.

Ошондой эле "Саясий партиялар тууралуу" мыйзамына ылайык мурдагы парламенттик шайлоолордо жалпы добуш берүүчүлөр санынын 5%дык колдоосуна ээ болгон партияларга каржылык колдоо каралган. Мамлекеттик колдоонун баасы канча болот, Алтыбаева ачыктаган жок, ал өкмөттүн чама-чаркына байланыштуу болот деди.

"Партиялардын киреше булагы ачык болуш керек"

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Партиялардын киреше булагы ачык болуш керек"

2010-жылы Кыргызстанда мамлекетти башкаруу парламенттик системага өтүп, саясий партиялар ролу өзгөрдү. Парламентке келүү партиялар аркылуу гана мүмкүн болуп калды.

2015-жылы өткөн шайлоо алдында партиялык тизмеге илинүү үчүн алдыңкы орундар соодаланып, мандаттар сатылганы айтылып жүрөт. Мунун эсебинен Жогорку Кеңешке акылы күчтүү эмес, акчасы күчтүүлөр келип, олигархтык парламент түптөлдү, дешет серепчилер.