Шайлоо стратегиясы, шаштырган президент

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Сооронбай Жээнбеков шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу стратегиясын колдоп берүү өтүнүчүн Жогорку Кеңеш депутаттарына дагы кайталап, аны кабыл алууну тездетүүнү суранды. Президент бардык өзгөрүүлөр шайлоого бир жыл калганга чейин бекитилип калышы керектигин айтты.
Шайлоо мыйзамдарына маанилүү кандай өзгөртүүлөр кирүүдө?
Эки жылдан кийин өтө турган парламенттик шайлоого чукул калганда оюн эрежелерин өзгөртүүнүн эмне зарылдыгы бар эле?
Шайлоо модели: өзгөрөт же өзгөрбөйт
2018-2020-жылдарга карата шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу стратегиясына ылайык, кийинки парламенттик шайлоо деле партиялык тизме менен өтөт, шайлоо модели өзгөрбөйт.
13-августта болгон Улуттук Кеңештин жыйынындагы талкууда президент Сооронбай Жээнбеков өзү партиялык тизме менен шайлоону жактары белгилүү болуп калды.
Президенттин буйругу менен түзүлгөн шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу боюнча жумушчу топ дагы документ долбоорунда жакынкы жылдары пропорционалдык шайлоо системасы эле Кыргызстанга ыңгайлуу болорун айтып жатат.
"Парламенттик башкаруу системасына баары бир күчтүү партиялар керек. Парламентаризмдин институту катары бекемдейбиз деген максат коюп атсак, анда партияларга убакыт, мүмкүнчүлүк, шарт да түзүп беришибиз керек. Пропорционалдык шайлоо системасы аларды өркүндөтөт деп ойлойм",- деди жумушчу топтун мүчөсү, Боршайком төрайымы Нуржан Шайлдабекова.

Сүрөттүн булагы, Official
Ошол эле учурда жумушчу топ Кыргызстанда болочокто преференциалдык шайлоо системасын киргизүү жагын дагы караштырып жатканын айта кетели. Бирок ал системанын дагы өзүнчө бир ылайыктуу учуру келиши керек деп айткан эле БШК төрайымы:
"Азыр преференциалдык шайлоо системасын киргизүү менен партияларда жаңы-жаңы гана калыптанып жаткан ички структура жана чечимдерди кабыл алуудагы иерархияны талкалап алуу коркунучу бар. Бирок жалпысынан преференциалдык шайлоону биз жактайбыз. Бирок башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын карап отуруп, ага акырындык менен өтүү керек экендигин көрдүк. Ага партиялар кичине күчтөнүп калганда өтүү оң", - деп түшүндүргөн эле Нуржан Шайлдабекова.

Сүрөттүн булагы, Official
Шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу стратегиясында мындан башка Жогорку Кеңеш жана жергиликтүү кеңешке шайлоолордо талапкерлерге коюлган талаптар жаңырды жана шайлоо акчасына көзөмөл күчөдү.
Президент шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу стратегиясын кабыл алууну тездетүүну депутаттарга буга чейин 27-июндагы парламенттеги кайрылуусунда да айткан болчу.
Партиялык тизме: өткөндөн сабак
Кыргызстанда Жогорку Кеңеш партиялык тизме менен шайлоо 2000-жылы башталды. 1998-жылы өткөн Конституциялык реформанын негизинде кыргыз парламентинин курамынын саны кайра каралып чыгып, партиялык тизме менен шайлоо кирген.
2000-2005-жылдары парламенттин Мыйзам чыгаруу палатасынын 60 депутатынын 15и партиялык тизме парламентке келген.
Бирок ошол чакырылышта бир мандаттуу округ аркылуу келген 15тей депутат парламентте активдүү болуп , маанилүү мамлекеттик чечимдерди кабыл алууда таасирдүү роль ойногону айтылып келет.
2005-жылы өлкө бир палаталуу парламентке кайтып, партиялык тизме жоюлган.
2007-жылы Бакиев президент болуп турган учурда Жогорку Кеңеш биринчи жолу бүтүндөй партиялык тизме менен шайланып, бийликтин "Ак Жол" партиясы көпчүлүк орунга ээ болгон.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Байкоочулар партиялык тизме менен өткөн 2010 жана 2015-жылдардагы парламенттик шайлоолор коррупцияны күчөтүп, таасирлүү партиялардын тизмесиндеги баштапкы орундар чоң акчаларга сатылып калганын айтып жатышат.
Мындай шартта талапкердин депутат болор- болбосун шайлоочулар эмес, партия лидерлери же калың капчык аныктап калып жатат. Азыркы парламент "олигархтар парламенти" деп сынга алынып жатканынын себеби ушунда.
Шайлоого даярдык
Анда эмне үчүн таза шайлоону демилгелеп жаткан учурдагы бийлик партиялык тизме менен шайлоону жактап жатат деген суроо туулат.
"Байкалып эле турбайбы. Бийлик үчүн партиялык тизме эң ыңгайлуу, оңтойлуу болуп жатпайбы. Бардык ресурстарды бир партияга эле жумшап, жеңишке жетишип калат. Ал эми бир мандаттуу округдан шайлоо болгондо, Кыргызстанда канча мандаттуу округга чейин бөлүнүшу мүмкүн? Мисалы, 90 депутат десек, 90 шайлоо округу болот, ал жерде бийликтин өзү каалагандай парламент түзүү мүмкүнчүлүгү азаят. Себеби, 90 округду көзөмөлдөө бир топ кыйын. Акаевдин доорунда бул кандай болгонун билебиз ",- дейт саясий серепчи Айданбек Акмат уулу.
Ал Аскар Акаевдин тушунда 2000-жылы өткөн парламенттик шайлоодо бир мандаттуу округдардан күчтүү депутаттар келип, 14-15 депутат эле парламентти көтөрүп койгонун белгилейт. Жогорку кеңештин таасири өсүп, өлкөдөгү саясаттын чордону парламент ичине көчкөн. Бирок ошондой күчтүү парламент учурдагы бийликке ыңгайлуу болбойт сыяктуу.

Сүрөттүн булагы, Official
Айтмакчы, Сооронбай Жээнбековду президенттик шайлоодо жеңишке алып келген КСДП партиясы азыркы учурда өзүнүн ичинде ыркы кетип, социал-демократтар эки жээкке бөлүнүп, кризисте турган убагы.
Мындай шартта президенттин иниси, үч жолу (2007, 2010 жана 2015-жылдары) депутат, эки жолу спикер болгон Асылбек Жээнбеков кийинки парламенттик шайлоого жаңы партия түптөшү мүмкүн дешет.
Эмнеси болсо дагы шайлоо мыйзамындагы учурдагы өзгөртүү-толуктоолордун өзүнчө бир саясий максат-мүдөөсү бар экени түшүнүктүү.












