ЖАМК: Текебаев 2020-жылдын февралында жатак абагына чыгат

Өмүрбек Текебаев
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өмүрбек Текебаев
    • Author, Сапаргүл Абдинабиева
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Жаза аткаруу кызматынын башчысы Таалайбек Жапаров Би-Би-Синин суроолоруна жооп берип жатып, камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев 2020-жылдын февраль айында жатак абагына чыгарыларын айтты.

"Текебаев абакта тартипти бузбаса 2020-жылы жатак абагына чыкканга мүмкүнчүлүгү бар. Кайсы айда чыгарын өзүнчө эсептеп чыгуу керек. Мен сизге болжол менен айтайын, февраль айында жатак абагына чыгат. Жатак абагындагы шартка ылайык, ал келишимдин негизинде эмгектенсе болот. Атап айтканда, абакка жатпай эле үйүнө түнөп же юридикалык фирма менен келишим түзсө, алар берген жайга жата алат. Ал эми жатак абагына болсо жумасына бир жолу келип, каттоодон өтүп турса болот",- деди Таалайбек Жапаров.

Жаза аткаруу кызматынын башчысы Таалайбек Жапаров
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаза аткаруу кызматынын башчысы Таалайбек Жапаров

Белгилүү саясатчы, "Ата-Мекен" партиясынын лидери Текебаев "Мегаком" компаниясынын жетекчилигине кошуп берүү убадасы менен орус ишкери Леонид Маевскийден бир миллион доллар пара алган деп айыпталып, Маевскийдин көрсөтмөсү менен 2017-жылдан февраль айынын аягында камакка алынган. Кийин Бишкектин Биринчи Май райондук соту бир миллион доллар пара алуу иши боюнча күнөөлүү деп таап, сегиз жылдан эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо жөнүндө өкүм чыгарган.

Соттук жараяндын жүрүшүндө белгилүү саясатчы Өмүрбек Текебаев өзүнө коюлган күнөөнү четке кагып, аны жалган жалаа жана саясий куугунтук деп билдирген.

Текебаевдин иши кийинчерээк Бишкек шаардык сотунда, андан соң Жогорку сотто да каралып, райондук соттун чечими күчүндө калтырылган.

Өмүрбек Текебаевдин соттук иши каршылык акциялары менен коштолуп келди.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өмүрбек Текебаевдин соттук иши каршылык акциялары менен коштолуп келди.

Жакында Текебаевдин ишин кайра кароого негиз боло турган жаңы жагдайлар бар экенин Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөш жана коррупцияга каршы туруу боюнча комитетинин жетекчиси Наталья Никитенко айтып чыкты.

22-майда Текебаевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунова ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароо жөнүндө арыз менен Баш прокуратурага кайрылды.

12-июнда башкы көзөмөл органы "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароодон баш тартып, ишти башынан карап чыгуу негизсиз деген маалымат тараткан.

Текебаевдин тарапташтары жана айрым активисттер Текебаевди абактан бошотуу боюнча бийликке кайрылып, нааразылык акциясын өткөрүп келүүдө.