Текебаевдин адвокаттары Башкы прокуратура менен соттошот

- Author, Сапаргүл Абдинабиева
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Өмүрбек Текебаевдин адвокаттары Башкы прокуратура 'Ата мекен' партиясынын камактагы лидеринин ишин кайра карап чыгуудан баш тартканын майзамсыз деп эсептейт. Жактоочу Таалайгүл Токтакунова беш күндүн ичинде кайрадан сотко кайрыларын Би-Би-Сиге билдирди:
“Биз Башкы прокуратуранын чечими менен макул эмеспиз. Алардын чечими акыркы чечим эмес. Биз жакынкы күндөрү Октябрь райондук сотуна кайрылып, алардын чечимин жокко чыгарганга аракет кылабыз”.
12-июнда башкы көзөмөл органы "Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароодон баш тартып, ишти башынан карап чыгуу негизсиз деген маалымат тараткан.
“Башкы прокуратура тарабынан Өмүрбек Текебаевдин адвокаттарынын жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча иш жүргүзүүнү кайра баштоо тууралуу биргелешкен арызы каралып чыкты. Адвокаттар көрсөткөн далилдер буга чейинки соттук отурумдар учурунда эле каралганы аныкталды. Андыктан арыз канааттандырылган жок”, - деди Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын өкүлү Жаркынай Азиева.
Текебаевдин ишин кайра карап чыгууга жаңы жагдайлар бар экенин алгачкылардан болуп Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөш жана коррупцияга каршы туруу боюнча комитетинин жетекчиси Наталья Никитенко айтып чыккан. Депутат жаңы себептер кеминде бешөө экенин билдирген.
Атап айтканда, Текебаевди миллион доллар алды деп көрсөтмө берген орус ишкери Маевскийдин тергөө документтеринде жазылгандай, анын "Хаят" мейманканасында жашаганы суроо жаратууда. Жаңы далилдүү документтер боюнча аталган мейманканада жашаган Маевский аттуу жарандын паспорттук маалыматтары башка болуп чыгууда. Экинчиден, Маевскийдин паспортунда анын чек араны кесип өткөнү жөнүндө тийиштүү жазуулар жок.

Сүрөттүн булагы, KENESH.KG
Дагы бир орчундуу жагдай, Модин көрсөткөн өкмөт үйүндөгү 306-кабинетте Текебаев эмес, Атамбаев отурганы жөнүндө болуп жатат. Президенттин иш башкармасынан мунун дагы далилдүү документтери алынды.
Маевский менен Модиндин Текебаев жана Чотонов менен сүйлөшүүлөр "Супарада" өткөн деген көрсөтмөлөрү дагы жалганга чыгууда. Жаңы далилдер 13-июнда Текебаевдин "Пинара" мейманканасында конституциялык кеңешмеде болгонун, Модиндин шаардын борборунан эч жакка чыкпаганын, ал эми Чотоновдун эртең менен Ошко учуп кеткенин көрсөтүүдө. Эң кызыгы шаардык сот ишти карап жатканда бул маалыматты такташ үчүн телефон компаниясына суроо жолдогон экен, бирок анын жообун күтпөй эле өкүмдү чыгарган. Иш Жогорку сотто каралып жатканда шаардык сот билген маалыматын ишке тиркебей да, билдирбей да, жашырып койгон.
"Чыныгы акыйкат сот болуш керек, бирок тилекке каршы Текебаев менен Чотоновго карата саясий буюртма менен репрессия болду",-деген Наталья Никитенко.
Муну улай Жогорку Кеңештеги "Ѳнүгүү" фракциясынын өкүлү Мирлан Бакиров, "Республика-Ата-Журт" фракциясынын мүчөсү Мирлан Жээнчороев жана депутат Жанар Акаев дагы сөз сүйлөп, саясий режимдин алмашышы менен Текебаев сыяктуу саясий буйруктун курмандыгы болгон бир катар жарандардын ишин кайра карап чыгуу зарылдыгын белгилешкен.
Бул сыяктуу кайрылуулардан кийин 22-майда Текебаевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунова ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароо жөнүндө арыз менен Баш прокуратурага кайрылган эле.
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана анын партиялашы, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов "Мегаком" компаниясын сатууну убада кылып, орус ишкеринен бир миллион доллар пара алды деп айыпталып, бир жыл мурда сегиз жылга эркинен ажыратылган.

Жакында эле акыйкатчы Кубат Оторбаев Ѳмүрбек Текебаевге кечирим берүүнү өтүнүп президент Атамбаевке кайрылган. Бирок бул вариантты эң оболу Текебаевдин өзү жараксыз жол катары четке кагып, президентке ырайым сурап кайрылбай турганын, ишти кайра карап чыгууну талап кыларын билдирген.
Камактагы саясатчылардын иштерин кайра кароого өлкөдө президент алмашып, жаңы саясий кырдаал түзүлгөндөн кийин жол ачылган. Ѳкмөт башына, УКМК менен Башкы прокуратуранын жетекчилигине президент Сооронбай Жээнбековдун өзүнүн командасындагы адамдар келди. Баш прокурор Ѳткүрбек Жамшитов дайындалып жатканда резонанс туудурган чырлуу иштерди баары кайра караларын билдирген болчу. Коомчулук жаңы президенттин убагында сотторго бийликтен кысымы болбой, саясатчылардын иштери акыйкат кароого мүмкүн болот деген үмүт артууда.
"Менин оюмча, бир нерсени эске алышыбыз керек. Башкы прокуратура дагы, Жогорку сот дагы көз-карандысыз иштеши керек. Кандай чечим чыгарса дагы "Ак үйдөн буйрук болгон" дегенге ишенбейм. Баарын эле азыркы бийликке, азыркы президентке жүктөй берген туура эмес. Себеби азырынча андай фактылар жок, мурдагы режимде соттордун өздөрү айтып чыккан эле да", - дейт саясий серепчи Алмаз Акматалиев.
Мындан мурдараак Жогорку сот экс-депутат, мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иши боюнча өкүм чыгарып, Ленин райондук жана Бишкек шаардык сотунун чечимдерин күчүндө калтырды. Салянова анын алдында адилеттүү чечимге үмүт артып жатканын билдирген. Өкүм угузулгандан кийин демек азыркы президенттин сот реформасы тууралуу айткандары куру сөз экен дегени бар.












