Президенттин Кытайга сапары алдындагы камакка алуулар

Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбековдун Кытайга сапары алдында мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жана Бажы кызматынын мурунку жетекчиси Кубанычбек Кулматов Бишкектин райондук сотунун чечими менен Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагына камакка алынды.

мурдагы премьер-министр Сапар Исаков

Биринчи Май райондук соту Сапар Исаковду эки айга, ал эми Кубанычбек Кулматовду 28-июнга чейин камакка алууга чечим чыгарган.

Эки саясатчы тең УКМКга суракка чакырылып, кийин тергөө бүткөнчө камакта калары белгилүү болду. Жергиликтүү маалымат каражаттарына берген маегинде, Исаковдун жактоочусу "Исаков тергөөгө каршылык кылышы мүмкүн" деген жүйө менен камалганын айтты.

Мурдагы өкмөт башчыга өткөн аптада Бишкек жылуулук борборун модернизациялоого Кытай өкмөтү тарабынан берилген 386 млн доллар насыяны максатсыз пайдаланган деген негизде Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү, тактап айтканда "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон эле.

УКМКда алты сааттан ашык сурак бергенден кийин Сапар Исаковдон башка жакка чыкпоо тууралуу тил кат алынып, кое берилген. Ал өзүнө айтылган дооматтарды саясий куугунтук деп баалаган эле.

"Чынын айтсам, айып тагуу боюнча токтомду толугу менен окуп чыга элекмин. Эмне деп айтмак элем, алгач социалдык тармактарда, маалымат каражаттары аркылуу Сапар Исаковдун атын тебелешти. Андан соң ушундай антураж түзүп, кишини кылмышкер катары көрсөтүп жатат. Мүмкүн мен эмоцияга алдырып жатам, албетте, кечирим сурайм. Адвокаттар менен тыгыз иштеп, күнөөсүз экенибизди далилдейбиз. Мен болгон нерселерге нес абалда калдым. Бул таптакыр чектен чыгуу деп эсептейм",- деген Исаков.

Aйрымдар Сапар Исаков президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетектеп турганда чарбалык, коммерциялык маселелерге аралашканын мыйзамда көрсөтүлгөн укуктарынан аша чапкандык катары баалашкан. Баш мыйзамга ылайык, анын вазипасына президенттин тышкы саясаттагы иштерин аткаруу кирет, ал эми ЖЭБди ондоп-түзөө чарба иштери тикелей өкмөтүн жумушу болчу,-дейт саясий илимдердин кандидаты Чолпонбек Сыдыкбеков:

"Факты деген өжөр нерсе. Эгер ал фактылар менен айыпталып жатса анда калкалап, чаң жугузбай, саясий куугунтук болуп жатат дештин кереги жок. Ак болсо тергөө далилдейт. Исаков президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп туруп мамлекеттик ири долбоорлорго аралашканы күмөн жаратууда. Ал чебер дипломат. Тышкы байланыштар боюнча күчтүү адис катары өз багытында так иш алып барганда аброю жогору болмок".

Бишкектин мурунку мэри, Бажы кызматынын жетекчилигинен жакында эле кеткен Кубанычбек Кулматов

Ал эми Бишкектин мурунку мэри, Бажы кызматынын жетекчилигинен жакында эле кеткен Кубанычбек Кулматов "өлкөдөн сыртка чыгып кетиши мүмкүн" деген себеп менен тергөө бүткөнчө камакка алынган.

Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Кубанычбек Кулматовго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча айып тагылган.

"Кулматов 2014-жылы Бишкек мэри болуп турганда Бишкек жылуулук борборун модернизациялоо долбоорун ишке ашыруунун алкагында Кытайдын TBEA ишканасы тарабынан аймактарга жаңы эки мектеп куруу максатында берилген гранттык каражатты өкмөттүн карамыгынан мэриянын карамагына Калыс-Ордо жаңы конушуна мектеп куруу өтө орчундуу деген жүйө менен чыгарып кетип, мыйзамсыз колдонгон. Андан тышкары "Альто Групп" ишканасынын жетекчиси менен жең ичинен сүйлөшүп, сынагы жок эле кытайлык компаниядан 1 млн доллар өлчөмүндөгү каражатты ошол жеке компаниянын эсебине которууга жетишкен. Мындан тышкары мектепти аягына чыгаруу үчүн шаардык бюджеттен кошумча 100 млн сом ашыкча бөлүнүп берилген. Учурда кылмыш ишинин алкагында жеке компаниянын жетекчилеринин бири УКМКнын тергөө камак жайында убактылуу камакта. Кулматовдун Бишкек мэриянын айрым кызмат адамдарынын жана аларга тиешеси бар жеке компаниянын жетекчиси жашаган жерде санкцияланган тинтүү иштери жүргүзүлдү",-деп билдирген УКМК.

Бишкек жылуулук борбору
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мурдагы өкмөт башчыга өткөн аптада Бишкек жылуулук борборун модернизациялоого Кытай өкмөтү тарабынан берилген 386 млн доллар насыяны максатсыз пайдаланган деген негизде кылмыш иши козголгон эле.

"2014-жылы Калыс-Ордо конушунда мектеп салганбыз. Ошого каражат максатсыз колдонулган деп кылмыш ишин козгоп жатат. Бирок бул акчаны мэрия көргөн эмес. Кытайдын ТВЕА компаниясы өзү мектепти салган. Ошондуктан "максатсыз пайдаланылган" дегенди түшүнбөй жатам. Бул грант болчу, мэрияга акча берилген эмес. Биз техникалык көзөмөл кылып, коммуникацияны алып барганбыз. Мэриядан чыккан акча ушул болчу. Калганын компания өзү салган",-деп билдирген Кулматов.

Экс-президенттин көздөй кадрлары

Бул эки саясатчы тең мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин ишенген кадрлары катары айтылып жүрөт. Айрым саясат талдоочулар көптөн бери эле мурунку жана азыркы президенттин ортосундагы мамиле бузулганы тууралуу ар кандай жоромолдорду айтып келүүдө. Бишкек жылуулук борборундагы чуу экс-президент Алмазбек Атамбаевдин командасына ачуу сындар менен кошо эле кылмыш иштерин илди.

Сапар Исаков 2017-жылы 26-августта премьер-министр болуп келген. Ага чейин президенттин аппаратын жетектеген. Андан мурда аппарат жетекчисинин орун басары, 2011-жылдан 2017-жылга чейин президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн башкарган эле.

Кубаныч Кулматов өткөн жылы Бажы кызматынын төрагалыгына келген. Ал буга чейин дагы 2010-2013-жылдары бул кызматты башкарып турган. Бишкек шаарынын мэри кызматынa 2014-жылдын башында келип, эки жыл иштеген.

Мурдагы Энергетика министрине кылмыш иши козголду

КСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев

Сүрөттүн булагы, official

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаевге Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголгонун кабарлады. Башкы прокуратуранын расмий сайтында кеңири түшүндүрмө берилди:

"2012-2013-жылдар аралыгында "Бишкек ЖЭБди модернизациялоо" долбоорун ишке ашыруу үчүн "Электр станциялары" ААКсына төрт компаниядан сунуш келгени аныкталды. Бул компаниялардын ичинен көбүрөөк пайдалуу жана ылайыктуу сунушту Кытайдын СМЕС мамлекттик компаниясы жолдоп, долбоорду 356 млн. АКШ долларына ишке ашырууну сунуштаган. Алардын негизги ишмердүүлүгү эл аралык энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу болгон. Кытайдын ТВЕА компаниясы долбоорду 390 миллион долларга бүткөрүүнү сунуштаган. Аталган компаниянын мындай долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тажрыйбасы болгон эмес. Бирок 2013-жылдын 24-майында КР президентинин резолюциясы менен Энергетика жана өнөр жай министри О. Артыкбаевге КР президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси С. Исаков жана КР президентинин аппаратынын каржы-экономикалык талдоо бөлүмүнүн жетекчиси Н. Ахметованын атынан кызматтык кат келген. Катта ТВЕА компаниясы менен сүйлөшүүдө артыкчылык берүү жагы белгиленген. Ушундан кийин О.Артыкбаев 2013-жылдын май айынан декабрга чейинки аралыкта көп ирет келишимди макулдашуу тууралуу жыйын өткөргөн. Жыйында ал ТВЕА сунуштаган шартта тез арада келишим түзүү зарылдыгына басым жасаган. Ошондой эле О.Артыкбаев өзүнүн орун басары А.Калиев, "Электр станциялары" ААКнын башкы директору С.Авазов, анын орун басары Ж.Назаров милдеттүү түрдө керек болгон техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭО) жана башка техникалык документтерди талап кылган эмес. Мунун жыйынтыгында 2013-жылдын 16-июлунда техникалык-экономикалык негиздеме жана башка техникалык документтери жок, Кыргыз Республикасына пайдасыз болгон шартта "Электр станциялары" ишканасы менен ТВЕА компаниясынын ортосунда Бишкек ЖЭБин 386 миллион долларга модернизациялоо тууралуу «EPC» (баштан-аягына чейин) эл аралык стандарты боюнча Кыргызстанга ыңгайсыз шарттагы келишим түзүлгөн. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө айтылат."ЕРС" келишиминин келишилген шарттары боюнча "Электр станциялары" ААК курулушка кеткен чыгымдарды көзөмөлдөө жана ага таасир этүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган",-деп көрсөтүлгөн.

Андан сырткары "2018-жылдын 12-апрелиндеги Эсеп палатасынын Актысына ылайык, жогоруда көрсөтүлгөн келишимде каражаттардын коротулушу боюнча так эсеп-кысап болгон эмес. «EPC» формасындагы келишимде Кыргызстандын кызыкчылыгы сакталган эмес. Ошондуктан аткарылган иштин баасын аныктоо мүмкүн болбой калган. Анализ көрсөткөндөй, тандалмалуу текшерүү учурунда айрым позициялар боюнча баалардагы айрымачылык орточо 20 млн. АКШ долларын түзгөнү" белгиленген. "Кылмыш иши иликтөө үчүн УКМКнын Тергөө башкармалыгына жолдонду",-деп айтылды. (AbA)