"Кредитке бүткөн курулуштарды бүт текшерүү керек"

Сүрөттүн булагы, official
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Парламент депутаттары Бишкек Жылуулук электр борборундагы авария жана аны модернизациялоого кеткен каражаттын максаттуу сарпталышын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулону улантты.
"Жээнбековдун Кытайга сапары алдында этият бололу"
Тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов президенттин Кытайга болгон иш сапары алдында ЖЭБ маселесин талкуулоодо депутаттарды этият болууга чакырды.
«Кытай элчиси нааразычылык айтты, андай учурлар качан болот? Вакуум болгондо. Коомдо же мамлекетте бир маселе талкууланып жатып, ал өлкө тууралуу ар кандай сөздөр болуп жатса, жалпы расмий түрдө позиция жок. Элчи бир ай чыдайт, эки ай чыдайт. Анан жетекчилигинен сөгүш алганда бизден сурайт. Силер үн катпайсыңар деп. Вакуум түзүлгөндө спекуляцияга жол берилет»,- деди Бешимов.
Ал президент Сооронбай Жээнбеков Кытайга барганда бул маселе өлкө жетекчилери деңгээлинде сөзсүз көтөрүлөрүн эскертти.
ЖЭБ маселесин талкуулоодо бүгүн төрага Дастан Жумабеков менен КСДП фракциясынын өкүлү Рыскелди Момбеков экөөнүн ортосунда кайым айтышуулар эмоциялар менен коштолду.
Момбеков ЖЭБ боюнча депутаттык комиссиянын корутундусу талкууланган чакта мурда-кийин өкмөттө иштегендер эксперттик сөөлөт менен түшүрдүрмө бергенине нааразы болду жана спикерден аларга «ыйык трибунадан сүйлөгөнгө мүмкүнчүлүк бербөөгө» чакырды.
Буга Жумабеков макул эмес экенин айтып, мамлекет деңгээлинде маанилүү маселе талкууланып жатканын эскертип сунушту четке какты.
ЖЭБ боюнча кармалгандарды парламентке алып келүү сунушталды
«Республика Ата-Журт» фракциясынын өкүлү Кенжебек Бокоев ЖЭБ маселеси боюнча парламенттик талкууга ушул иште кармалып камакта жаткан «Улуттук энергохолдинг компаниясынын» мурунку жетекчиси Айбек Калиев, «Электрдик станциялардын» мурунку директору Узаа Кыдырбаев жана ЖЭБди жаңыртууга башкармалыгынын мурдагы директору Темирлан Бримкуловду чакыруу сунушун берди.

Сүрөттүн булагы, official
«Камактагы адамдарды, кармалгандарды чакыралы. Ошолорго суроо берип жооп алалы, өзүн акташ үчүн алар толук маалымат берет. Тергөөнүн сырдуулугу деп кийин алардан маалымат ала албай калабыз», -деди Бокоев.
ЖЭБдеги коррупция боюнча төрт кылмыш иши козголду
Парламенттик талкууга катышып жаткан Баш прокурордун орун басары Дүйшөнбиев ЖЭБ маселесинде баш-аягы өрт кылмыш иши ачылганын, алар жазык процесстеринин алкагында иликтенип жатканын билдирди.
Баш прокуратура парламенттик талкууда кечээ-бүгун айтылган бардык сөздөр, стнограмма жана протоколдор ал кылмыш иштерине тиркелерин кошумчалады.
Январда Бишкек жылуулук электр борборунда техникалык кырсык орун алып, авариядан кийин окуянын чоо-жайын, насыянын максаттуу пайдаланылышын иликтеген депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссия "жооптуулар" тизмесине 30га жакын чиновникти киргизип, аларга укуктук баа берүүнү сунуш кылып жатат.
«Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу кымбатка курулуп жатат»
«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын өкүлү Зиядин Жамалдинов ЖЭБ чуусу менен насыяга курулуп жаткан башка объектилерге да назар буруу керектигин айтты :
«Мындай көрүнүштөр ЖЭБде эле эмес, насыя эсебинен курулуп жаткан башка объектилерде деле бар. Түштүк-түндүк альтернативдик жолдо да. Ошол жакта бир чакырым асфальт жолдун баасы 2 миллион долларга чыгып атат. Салыштармалуу ирээт белгилейли, Балыкчы-Корумду жолунда бир километр жолу 850 миң долларга эле курулуп атат. Айырмасын карап көрүп, бул жерде дагы текшерүү иштерин жүргүзүү керек», -деген шеги менен бөлүштү депутат.

Сүрөттүн булагы, official
Ал Кемин-Датка подстанциясын куруу иштеринде коррупциялык элементтер болгонбу аны д а көзөмөлгө алуу зарылдыгын белгиледи.
Насыялардын 21% энергетика тармагына туура келет
Жогорку Кеңештеги ЖЭБ боюнча талкууга катышкан Каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоков Кыргызстан эгемендик жылдары энергетика тармагына баш-аягы 2,77 миллиард доллардан ашык насыя алганын билдирди.
Бул өлкө четтен алган жалпы насыялардын 21% түзөт.
Жалпысынан Кыргызстан бул жылдары түрдүү тармактарга 9 миллиард доллардан ашык кредит алган.
КСДП депутаты Чыныбай Турсунбеков мынча көлөмдөгү насыя алынганына карабастан энергетика системасы толугу менен оңолбой жатканына нааразыланды.
Ал эми «Өнүгүү-Прогресс» лидери Бакыт Төрөбаев ЖЭБ жаңылангандан кийин колдонуучулар үчүн электрге болгон баа канчалык арзандаганына кызыгып, «20 тыйынга деген» жооп алды.
ЖЭБ сырттан ташылып келген көмүрдү жагат
Төрөбаев ошондой эле жаңыртылган ЖЭБдин кубаттулугу 150 мегаваттка эле көбөйүп, аны иштетүүгө жергиликтүү көмүр колдонулбай жатканын да белгилеп өттү.
Жыйынга катышып жаткан экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев ЖЭБдеги жаңы агрегаттар жергиликтүү көмүргө эсептелгенин кошумчалады.

Сүрөттүн булагы, official
«Эмнеге жаңы өкмөт аны эске албай калганын иликтөө керек. Кара-Кече көмүрү альтернатива болуп, ал иштетилсе бюджетке жеңилдик түшөт эле»,- деди Сатыбалдиев.
Бишкек ЖЭБ өкүлдөрү быйыл станцияга кошумча 550 миң тонна көмүр сырттан сатылып алынарын, борборду акырындык менен жергиликтүү көмүргө которуу аракеттери болуп жатканын жооп кылышты.
Маалыматка караганда учурда ЖЭБде үч-төрт откана сырттан ташылып келген көмүрду иштетип жатат.












