ЖЭБ чыры: ысырап кредитке ким күнөөлүү?

Жогорку Кеңеш Бишкек ЖЭБдеги кырсыктын себептерин иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун карап баштады. Депутаттык комиссия өзүнүн корутундусунда Бишкек жылуулук борборун модернизациялоого Кытайдан алынган 386 миллион доллар кредит ысырап пайдаланылган, ошондуктан мурдакы өкмөт башчыларынын жана энергетика тармагын башкарган жетекчилердин жоопкерчилигин кароо керек деп жатат.
Депутаттык комиссиянын корутундусунда мурдакы өкмөт башчыларынын жана энергетиканын жетекчилеринин жоопкерчилигин кароо жөнүндө сөз болуп жатат. Алардын ичинде, мурдакы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Темир Сариев жана Сапар Исаковдун, мурдакы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин аттары айтылууда.
Бишкек ЖЭБдеги кырсык боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында энергетиканын бакандай беш жетекчиси кармалган. Бирок депутаттык комиссия Бишкек ЖЭБдеги кырсыктын себептеринен шалаакылык эле эмес, коррупциянын да белгилеринда көрүп жатканын билдирүүдө. Ошол себептүү күч органдарынын укуругуна дагы бир топ мурдакы жана азыркы чоң кызмат адамдары илиниши мүмкүн болуп турат.
Кыштын кыраан чилдесинде январь айында Бишкек жылуулук борборунда техникалык кырсык болуп, шаардыктар бир жума бою үйлөрү жылыбай, үшүп чыгышкан. Анын себептерин иликтей келгенде ЖЭБдеги от казандардын эле иши эмес, модернизациялоого алынган 386 миллион кредиттин пайдаланышына байланышкан дагы көп кыңыр иштер ашкере боло баштады. Кредиттин эсебинен алынган 600 долларлык аттиш менен 14 миң долларлык видео камералар элдин оозун ачырып, кыжырын келтирген өзүнчө бир сенсация болуп калды.
Бирок депутаттык комиссиянын корутундусунда тийиштүү жетекчилердин ишине саясий гана баа берилген. Ал эми кылмыш барбы же жокпу, аны күч органдары өздөрү териштирип жаткан кез. Ошого карабастан, депутаттык комиссиянын корутундусунда көрсөтүлгөн жетекчилерге суудан кургак чыгуу оңой болбойт окшойт.
Ошол эле убакта депутаттык иликтөө Бишкек ЖЭБди модернизациялоого Кытайдан кредит алуу маселесине Атамбаев президент болуп турганда түздөн түз көзөмөл жана көрсөтмөлөр болгонун көрсөтүүдө. Ошондуктан бүгүнкү талкууда айрым депутаттар Атамбаевди экс-президент укугунан ажыратуу жөнүндө дагы маселе көтөрүп жиберишти.








