Ош базарындагы өрт. Соодагерлер эмне дейт?

Такталган маалыматка караганда, өрт жалмаган аянт 3000-3500 чарчы метрге жеткен
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Такталган маалыматка караганда, өрт жалмаган аянт 3000-3500 чарчы метрге жеткен
    • Author, Абдыбек Казиев
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Бишкек шаарындагы Ош базарынын бир бөлүгү болгон Сейтек базарында (Беш-Сары соода борборунун маңдайында) өрт чыгып, бир нече дүкөн күйүп кетти.

Такталган маалыматка караганда, өрт жалмаган аянт 3000-3500 чарчы метрге жеткен. Эрте менен саат онго жуук башталган өрт болжолдуу бир жарым сааттан ашыгараак убакытка созулду. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт эмнеден чыкканын тактап жатканын аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Би-Би-Си окуя болгон жерге барганда күркөлөрү күйүп кеткен айрым соодагерлерге да жолукту. Алардын айткандарына караганда, өрт чыккан жерде газ балону да болушу мүмкүндүгүн айтышкан. Бирок ӨКМ бул маалыматты четке какты. Окуянын күбөсү болгон башка соодагерлер билдиргендей, ушул эле соода борборунда мындан 3-4 жыл мурун да өрт чыгып, ал тарап кете элегинде өчүрүлгөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча өрт жылыткычтан келип чыккан жана синтетикалык буюмдарга жабышып, тез эле алоолоп кеткен
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алдын ала маалыматтар боюнча өрт жылыткычтан келип чыккан жана синтетикалык буюмдарга жабышып, тез эле алоолоп кеткен

Базарда иштегендердин айрымдары өрт өчүрүү кызматы суусу жок, кеч келгенин айтып нааразы болгону менен ӨКМ бул маалыматты четке кагып, аралык жакын болгондуктан өрт өчүрүү кызматы билдирүүдөн көп өтпөй жетип барганын, тилсиз жоону токтотуу ишинин башында министр өзү турганын да кошумчалалды.

Алдын ала маалыматтар боюнча өрт жылыткычтан келип чыккан жана синтетикалык буюмдарга жабышып, тез эле алоолоп кеткен. Өрттөнгөн жайдан кийим-кечектердин кайсы бир бөлүгүн чыгарып кеткени менен баарын алып чыгууга толук үлгүрө алышкан жок. Айрым соодагерлер келтирилген чыгымды базар жетекчилиги төлөп берет деген үмүттө турат.

ӨКМ берген маалымат боюнча 1-26-январь күндөрү Кыргызстан боюнча 280 өрт кырсыгы катталып, андан 11 адам каза тапкан. Алардын бири жаш бала болгон. Куткаруучулар сонку бир ай чичнде эле өрттөн 7 кишини куткарып калышкан. Чылым чегүүнүн кесепетинен үч жолу өрт чыккан.

ӨКМ жылытуу үчүн колдонгон электр жабдуулары, от жагылчу мештердин талапка жооп бербегендигинен же эрежелерди сактабагандыктан өрт кырсыктары көбөйө турганын эскертет. Ошондой эле аталган кызмат өрт кырсыктарынын жетимиш пайыздайы жеке менчик сектордон чыгаарын айтып, жарандарды этият болууга үндөдү.