Ош базарында өрт чыкты
Ош базарында соода павильондорунда эртең менен өрт чыкты. Кырсык болгон жерде беш өрт өчүрүүчү машина иштеп жатат.
Базардагы өрт жөнүндө биринчи билдирүү өрт өчүргүчтөргө саат тогуздан 48 мүнөт өткөндө түшкөн.
Күбөлөрдүн айтымында, өрт жер төлөдөн чыккан. Бул жакта синтетика кийимдер сакталып турган экен.

Сүрөттүн булагы, RUFAT ERGESHOV/BBC
Соодагерлер жер төлөдөгү товарларын алып чыгыш үчүн кирүүгө аракет кылышты. Бирок милиция кызматкерлери өрт болуп жаткан жакта газ баллондору сакталуу болгондугун эскертип, ал жакка эч кимди киргизген жок.
Алдын ала маалыматка караган, өрттөн жабыркаган адамдар болгон жок. Базардагы өрттүн себептери айтыла элек.

Сүрөттүн булагы, RUFAT ERGESHOV/BBC




