Чыңгыз Айтматов минген Jaguar: айдоочунун эскерүүсү

Чыңгыз Айтматов Бельгияда элчи болуп тургандагы алака-катыш күткөн дипломаттар, окумуштуулар жана анын минген кызматтык унаалары жөнүндө көп жыл жанында кызмат кылган айдоочусу Касидин Жүсүмкуловдун учкай эскерүүсүн сунуштайбыз.

Айтматов Чыңгыз

Сүрөттүн булагы, screenshot

-Канча жыл чогуу жүрдүңүз?

-Элчилик расмий түрдѳ 1995-жылы ачылды. Мен Европага 1993-жылы ноябрь айында келдим, ал кезде Чыңгыз Айтматов Россиянын ыйгарым укуктуу элчиси болуп турган эле. Советтер Союзу тараганда, элчилик дароо орустарга ѳтүп, Россиянын элчиси болуп аталып калган. Мен келген убакта Чыңгыз Тѳрѳкулович ѳзүнүн мѳѳнѳтүн бүтүп жаткан. Кийин президент Европага, Брюссель жана Парижге келгенде, биз дагы ал иш чарага катыштык. Расмий түрдө ошол мезгилден тартып, 2008-жылга чейин чогуу иштештик.

-Чыңгыз Айтматовдун айдоочусу катары ар дайым жанында жүргѳнсүз. Ошол күндөрдөн кандай таасирлер калды?

-Ооба, улуу, атактуу адам экендигин түшүнчүмүн… Анын китептери кѳптѳгѳн тилдерге которулуп, ар кайсы жактагы басмалардан чыгып турчу. Ар бир роман, повести баарыбызга белгилүү. Чыгармачылыгы башталганда француз жазуучусу Луи Арагон, казак жазуучусу Муктар Ауэзовдун колдоосу чоң болуп, көп ийгиликтерге жетишпедиби. Бирок, анын баары жанында жүргѳн мезгилде сезилбей калат экен. Башкалар канча билсе, сен деле ошончо билесиң дегендей. Бирок, жанында жүргѳндѳргө эң жөнөкөй адам болуп көрүнчү.

Күйүп турган шамдын өзүнүн алдында ар дайым караңгы болот. Элчиликте иштеген адамдардын абалы ушуга окшош. Бүткүл дүйнөгө таанымал адам андан алыстагылардын баарына жарыгын тийгизип турат, жанында жүргөн бизге караганда алыста жүргөндөр көптү көргөн да, билген да болушу мүмкүн. Анткени күйүп турган шамдын өзүнүн алды караңгы болот. Биздин жаныбызда анын эмне үчүн жөнөкөй адам болуп сезилгенинин, көрүнгөнүнүн себебин ушундай түшүндүрсөк болот.

Айтматов жана Касидин Жүсүмкулов

Сүрөттүн булагы, Касидин Жүсүмкулов

-Өзү машина айдаган учурлары болду беле?

-Жок. Рулга бир да жолу отурган жок.

-Элчи кызматында турганда кимдер менен жакын мамиледе эле?

-Достору болгон. Брюсселде бир үй-бүлө менен жакын мамиле түздү, алар - Бланковдор, анан дагы бир англичандар бар эле. Алар келет, же Айтматовдор алардыкына барышар эле. Кечки тамактануулар, кечелер өтчү. Анан, албетте, бардык элчилер менен эң сонун мамилеси бар эле.

Брюссел университетинин профессору Жан Бланковдун үй-бүлөсү менен жакшы мамиледе жүргөн.

Сүрөттүн булагы, screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Брюссель университетинин профессору Жан Бланковдун үй-бүлөсү менен жакшы мамиледе жүргөн.

-Сиз кечигип калганда жетекчи катары сизге кандай мамиле жасачу?

-Жок, эч качан андай болгон жок. Тээ башынан эле, жинине тийгендей кечиккеним жок. Эч качан эч кимди урушуп, жемелеген эмес. Бир дагы дипломаттан, «шефтен» жеме уктум дегенин укканым жок.

Айтматов жана Касидин Жүсүмкулов

Сүрөттүн булагы, Касидин Жүсүмкулов

-Чет жакта жүргөндѳ анын жашоосун эң жакшы билген адам эле айдоочусу болот эмеспи.

-Көп убакта ойго батып жүрөр эле. Ойчул жетекчи катары, адамдын жан дүйнөсүн, мүнөзүн тереңден таанып, А ар бир пикирлешкен адамынын оюн билип койчу десем да болот. Адамдын ою кай жакты көздөй жетелеп баратканын туюп, жай баракат жообун берип коер эле. Ар бир нерсеге кызыгуусун билдирчү, машиналар болобу, машинанын ремонту болобу.

-Кызматта кандай унаалар менен жүрчү эле?

Атактуу жазуучу Бельгияда минген бул Jaguar 1992-жылы заводдон чыгып, аны 1995-жылы сатып алышкан. Классик аны менен Европанын жарымын айланып чыккан. Азыр бул автомашинаны Айтматовдун үй-музейинде экспонат болуп турат.

Сүрөттүн булагы, Касидин Жүсүмкулов

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Атактуу жазуучу Бельгияда минген бул Jaguar 1992-жылы заводдон чыгып, аны 1995-жылы сатып алышкан. Классик аны менен Европанын жарымын айланып чыккан. Азыр бул автомашина Айтматовдун үй-музейинде экспонат болуп турат.

-Бишкекте ал УАЗикте жүрчү, айдоочусу Ормон байке эле. Бул жакка келгени Россиянын элчилигинин унааларында мен алып жүрдүм. Мен келгенде эле, айдоочу күбѳлүгүм бар экенин билип, мени мурунку айдоочусунун жанына отургузуп койду. Орустун айдоочусу менен кичине даярдоодон ѳттүм десем болот. Алгач "девяткада" (ВАЗ-2109) жүрдүк. Ал кичине болгондуктан, унаа издей баштадык да, "Мерседести" сатып алдык. Элчиликте иштеп жүргѳн мезгилде, ал ѳзүнүн менчик унаасын дагы кызматка колдонуп жүрдү. Унаа жок, акча жиберишпей, кийин 1995-жылдын аягында гана акча жиберишти: Жумагулов, Германиянын элчиси, Бишкектен акча жиберип, бөлүп-бөлүп төлөп жатышып, акыры Jaguar сатып алганбыз. Ага чейин бир жыл элчиликте Айтматовдун жеке менчик унаасы пайдаланылды. Өзүнүн менчик унаасы ВАЗ-2109 болчу.

-Сиз өзүңүз кайсы чыгармасын окудуңуз эле жана кайсы чыгармасы жагат?

-Чыгармаларынын ичинен мага жакканы - «Кылым карытар бир күн». Кѳп темалуу, ар биринин ѳз окуясы бар. Бул жерден ал акыркы «Тоолор кулаганда» чыгармасын жазды. Бет ачарлар кийин болду. Ал эми башында, япондор, венгерлер келип, ѳз сыйлыктарын тапшырып кетип жүрдү. Россиянын сыйлыктары да болду. Бардык сыйлыктар бул жерден тапшырылды. Досу бар эле, футуролог, миссионер Икеда Дайсаку деген, анын чоң фонду бар экен. Ал дагы келип, ѳз атынан чоң сыйлыгын ушул жерден тапшырып кеткен.

-Европалык уюмдардын жетекчилери менен кандай мамиледе эле?

- Элчи менен Европалык шериктештиктин жогорку жетекчилигинин жолугушуусун уюштуруу эң жеңил маселе эле, себеби биринчи жетекчиси - Люксембургдун мурунку премьери Жак Сантер болчу. Люксембургда СССРдин, кийин Россиянын элчиси болуп жүргѳн кезде, экѳѳ абдан жакын ымалада болгон. Соңунда экѳѳ тең Брюсселге кѳчүп келишти. Бул жактан да кѳрүшүп турушат эле. Дипломаттар үчүн жомоктогудай шарттар түзүлгѳн.

Ал Евробиримдиктин президенти менен телефондон жайбаракат сүйлөшүп, кийинки күнү каалагандай барып жолугуп сүйлөшө алчу. Адатта, Европа шериктештигине келген адам анын президенти менен сүрөткө түшүүгө ашыкчу. Айтматов келгенде, тескерисинче баары аны тосуп алып, чуркап барып, аны менен сүрөткө түшүүнү суранышчу. Кызматкерлер менен түшкѳн сүрөттөрү өтө көп.

Маектешкен Чолпон Субакожоева

P.S. Маекти уюштурууга көмөгүн көрсөткөнү үчүн Кыргызстандын Бельгия Падышалыгындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Муктар Жумалиевге ыраазычылык билдиребиз.