"Орусия Украинаны, Казакстанды жана Кавказды колдон чыгарды". АКШда Путин менен Буштун сүйлөшүүсүнүн стенограммасы ачыкка чыкты

Сүрөттө: Путиндин Буш менен алгачкы жеке жолугушуусу достук маанайда өткөн, бирок орусиялык президент ошондо эле аймактар маселесин козгогон.

Сүрөттүн булагы, Corbis via Getty Images

    • Author, Би-Би-Синин Орус кызматы

Жорж Вашингтон университетине караштуу "Улуттук коопсуздук архиви" америкалык өкмөттүк эмес уюму өз сайтында Владимир Путин менен АКШнын президенти Жорж Буштун 2001-, 2005- жана 2008-жылдардагы сүйлөшүүлөрүнүн жашырылган үч стенограммасын жарыялады. Документтерге караганда, Путин Буш менен биринчи жолугушууда эле "Орусия миңдеген километр аймактан өз ыктыяры менен баш тартты" деп нааразы болуп, НАТОнун кеңейүүсүнө каршы чыккан.

"Улуттук коопсуздук архиви" сүйлөшүүлөрдүн стенограммасы маалымат эркиндиги жөнүндө америкалык мыйзамдын негизинде уюм берген доо арыздын натыйжасында ачыкка чыкканын айтты.

Биринчи документ 2001-жылдын 16-июнунда катталган. Бул күнү Словениянын борбору Люблянадагы Брдо сепилинде Путин менен Буштун биринчи жеке жолугушуусу өткөн.

Жорж Буш 2000-жылдагы шайлоодо АКШнын 43-президенти болуп шайланып, 2001-жылдын январында ант берген. Ошол учурда Путин да президенттикке жакында эле келген: ал 2000-жылдын мартында өткөн шайлоодо жеңишке жеткен.

Путин менен Буштун жолугушуусу

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

Биринчи жолугушуу: достук маанай жана "колдон чыккан аймактардын" темасы

Стенограммага караганда, эки лидер тең бири-бирине жылуу мамиле жасап, Орусия менен Батыштын ортосундагы жакшы мамилени сактап калуу ниетин көрсөтүшкөн.

Жолугушуунун башында Буш Путинди Техастагы ранчосуна чакырып, орус лидерине "Орусиянын ролун азайткысы келбей турганын" айтып, "күчтүү Орусия биздин кызыкчылыгыбызга жооп берет" деп ишендирген.

Буга жооп катары орусиялык лидер мамилелерде чынчыл болууга үндөп, буларды белгилеген: "Мен Орусияда белгилүүмүн жана мунун себебин да айта алам: мен адамдарды укканды билем".

"Орусияда адамдар аларга көбүрөөк эркиндик алып келген кеңири маштабдагы өзгөрүүлөрдөн көңүлү калгандай сезишет, бирок алар бул өзгөрүүлөрдүн артыкчылыктарын пайдалана албай жатышат", - деп кошумчалады Путин.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ушундан кийин дароо эле Кремлдин башчысы тарых жана аймактар маселелерине өткөн.

Стенограммага караганда, бул маселе орусиялык лидерди президенттигинин алгачкы жылдарында эле тынчсыздандыра баштаган. Батыш медиа каражаттары бир нече жолу жазгандай, Батыш өнөктөштөрү менен кийинки сүйлөшүүлөрдө, анын ичинде Украинадагы согуш маселесинде Путин тарыхка кеңири токтолуп, муну менен өзүнүн иш-аракеттерин негиздеп берүүгө аракет кылган.

"Орустар миңдеген чарчы километр жерди өз ыктыяры менен өткөрүп беришти, - деп айткан 2001-жылы жайында Путин Бушка. – Бул ойго келбеген нерсе! Кылымдар бою Орусиянын курамында болуп келген Украинаны бердик. Казакстанды да бердик. Кавказ да берилди. Муну элестетүү кыйын жана муну партиянын жетекчилери кылышты".

Андан соң Путин Бушка Батыш өлкөлөрү бир нече маселелерди, анын ичинде Орусиянын карыз маселесин чече албаганын, Чеченстандагы радикалдуу исламчыл топтордун аракеттерин көрмөксөнгө салып, Москваны оңтойсуз абалда калтырганын айткан.

Бул жолугушуу маалында Путин ошондой эле Буштан НАТОну кеңейтүүгө кандай зарылчылык бар болгонун сурап, Орусия бул альянс маселесинде "өзүн обочодо калгандай сезерин" айтып нааразы болгон.

Путин Орусия 1954-жылы НАТОго кирүүгө өтүнмө бергенин, бирок ал четке кагылганын билдирген. "Иш жүзүндө НАТО кеңейип жатат, ал эми биз буга байланыштуу үн ката албайбыз", - деген эле Путин Бушка.

Стенограммага ылайык, сүйлөшүү маалында Буш Путинден Орусиядагы басма сөз эркиндиги кысымга алынып жатканы тууралуу бир нече жолу суроо узаткан, сыягы, "НТВ" телекомпаниясынын мамлекеттик "Газпром-медиа" компаниясынын көзөмөлүнө өткөнү тууралуу сөз болгон. Буга жооп кайтарып, Путин "НТВ" телеканалынын мурдагы ээси Владимир Гусинскийди мамлекеттик каражатты уурдаган деп айыптаган.

2008-жылдагы жолугушуу: "Украина – жасалма жол менен түзүлгөн мамлекет"

"Улуттук коопсуздук архиви" белгилегендей, Путиндин Буш менен акыркы жеке жолугушуусу 2008-жылдын 6-апрелинде Орусия президентинин Сочинин жанындагы "Бочаров ручейдеги" жайкы резиденциясында өткөн.

Сүрөттө: Сочидеги жолугушуу: эки лидер мурдагыдай эле жылмайып турушат, бирок сүйлөшүүнүн маанайы өзгөрдү

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

"Бул жолку жолугушуунун маанайы буга чейинкилерден кыйла айырмаланды. Мурда эки президент тең бардык маселелер боюнча кызматташуу тууралуу сүйлөшүп, тыгыз жеке мамилелерге умтуларын айтышчу", - деп жазат уюмдун авторлору.

Алар бул сүйлөшүүлөр НАТОнун Бухаресттеги эң маанилүү саммитинен кийин эле өткөнүн, анда АКШ Украина менен Грузияны альянска чакыргысы келгенин эске салышат.

Натыйжада альянстын мүчөлөрү Киев менен Тбилисиге мүчөлүккө тиешелүү иш-аракеттер планын дароо бербөөнү чечишкен, бирок келечекте эки өлкө тең НАТОго кире аларын белгилешкен болчу. Ошондо Путин бул чечимди Орусиянын коопсуздугуна тикелей коркунуч катары баалап, төрт айдан кийин орусиялык аскерлер Грузиянын аймагына бастырып кирген.

Стенограммага караганда, жолугушуунун башында Путин менен Буш Европадагы ракетадан коргонууга тиешелүү көйгөйлөр жөнүндө кенен сөз кылышкан.

Ушундан кийин Путин НАТОнун кеңейүү маселесине өтүп, "Украина сыяктуу өлкөнүн НАТОго кошулушу биз үчүн узакка созулчу чыр-чатакты жана тирешти жаратат" деп түз айткан.

Буш андан: "Эмне үчүн?" деп сураганда, Путин АКШ президентине Украина, анын пикири боюнча, "совет мезгилинде түзүлгөн жасалма мамлекет" деп айткан. Кийинчерээк Орусия Украинага бастырып киргенде дал ушул жүйөнү колдонгон.

Путин Советтер Союзунун тушунда Украинанын ар кайсы аймактары "бир жерге чогултулганын" айтып, "украин элинин басымдуу бөлүгү НАТОну душман уюм деп эсептей турганын" белгилеген.

Путин Украинанын НАТОго кириши "Орусияга жакын жерде аскердик базалардын жана жаңы аскерий системалардын пайда болуу коркунучун жаратат" деген.

Путин Орусия "Украинада көйгөйлөрдү жаратууга" даяр экенин эскерткен

Сүйлөшүүнүн стенограммасына ылайык, Путин андан кийин Бушка Түндүк Атлантика альянсына кирүүсүнө жол бербөө үчүн Орусия Украинадагы кырдаалды туруксуздаштырууга даяр экенин эскерткен.

"Украинадагы НАТОго каршы чыгып жаткан күчтөргө таянуу менен Орусия НАТОнун мындан ары кеңейүүсүнө жол бербөө үчүн аракеттенет, - деди Путин Бушка. – Орусия ал жерде ар дайым көйгөйлөрдү жарата алат".

"Украинанын НАТОго мүчө болушунун мааниси эмнеде? Мындан НАТО менен АКШ кандай пайда табат? Бир гана себеп болушу мүмкүн – Украинанын Батыш дүйнөсүнүн бир бөлүгү катары статусун бекемдөө – логика ушундай болушу керек. Мен муну туура логика деп эсептебейм", - деп кошумчалады Путин.

Путин менен Буштун жолугушуусу

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

Буш менен сүйлөшүүсүндө Путин ошондой эле украиналыктардын 70% НАТОго кирүүгө каршы экенин айткан.

Социологиялык изилдөөлөргө караганда, бул сан чындыкка дал келбейт: 2008-жылдын жазында Украинанын Демократиялык демилгелер фонду жүргүзгөн сурамжылоодо респонденттердин көбү (59%) НАТОго кирүүгө каршы болчу, 22% колдошкон, 19% бир чечимге келе албай турганын айтышкан.

Ошол эле маалда сурамжылоолорго караганда, Орусиянын кеңири масштабдагы кол салуусунан кийин НАТОго кирүүнү жактаган украиналыктардын үлүшү кескин өскөн. 2024-жылдын күзүндө Разумков борбору жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, өлкөнүн жашоочуларынын 82 пайыздан ашыгы Украинанын НАТОго мүчөлүгүн колдойт.

2008-жылы Буш менен жолугушууда Путин: "Биз Украинанын НАТОго киришине каршыбыз, бирок кандай болгон күндө да, калктын көпчүлүгү макул болгонго чейин күтө туралы", - деп айткан.

Учурда Орусия Украинанын НАТОго кирүүдөн баш тартуусу согушту токтотуунун милдеттүү шарттарынын бири экенин айтып келет. Украина АКШнын жана Батыштын айрым өлкөлөрүнүн азыркы жетекчилиги аны НАТОго кабыл алууга даяр эмес экенин моюнга алат, бирок жамааттык коргонуу боюнча альянстын Уставынын Бешинчи беренесиндегидей коопсуздук кепилдиктерин талап кылууда.

НАТОго жана Евробиримдикке кирүү Украинанын конституциясында да жазылган.

Буш Путиндин Украина менен Грузиянын НАТОго кирүүсүн каалабаганы тууралуу айткандарына мындай деп жооп кайтарган: "Сиздеги мага жаккан сапат – мунун баарын НАТОго айтуудан коркпогонуңуз. Бул мактоого татырлык. Сизди кунт коюп угушту, сиздин позицияңыз баарына белгилүү болду. Жакшы сүйлөдүңүз".

"Улуттук коопсуздук архиви" ошондой эле Путин менен Буштун 2005-жылдын 16-сентябрында Ак үйдөгү кезектеги сүйлөшүүсүнүн стенограммасын да жарыялады.

Ошол жолугушууда президенттер негизинен өзөктүк куралды жайылтпоо маселесин жана Орусиянын Тегеран жана Пхеньян менен мамилесин талкуулашкан. (ZMa)