Суперпрезиденттик доор бүттүбү? Казакстандагы конституциялык референдум

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Казакстанда жекшембиде болгон референдумдагы добуш берүүгө алдын ала маалыматтар боюнча жалпы жарандардын 68% катышып, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды анын 77% колдоду.
Добуш берүү күнү он миңден ашык участкалар иштеди, анын ичинде 52 мамлекетте 65 добуш берүү участогу болду.
Баш мыйзам боюнча эгер добуш берүүгө өлкөнүн 17 субъектисинин 12ден кем эмесинде жарандардын жарымынан көбү катышканда референдум өттү деп эсептелет.
Референдумдун жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүдөн кийин жети күн ичинде жарыялашы керек.
Референдум эмне жөнүндө?
Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөр боюнча Казакстан суперпрезиденттик башкаруудан күчтүү парламенти бар президенттик республикага көчөт. Башкача айтканда, мамлекет башчынын ыйгарым укуктары кыскарат, парламенттин жана жергиликтүү өкүлчүлүк органдарынын ролу чоңоет. Ошондой эле адам укуктарын коргоо тутуму бекемделип, Конституциялык сот түзүлөт. Өлүм жазасы биротоло жоюлат.
Президент бардык саясий партиялар менен кыймылдардан сырткары болот, мамлекет башчынын жакындары жана туугандарына мамлекеттик жетекчи кызматтарды ээлегенге тыюу салынат.
Референдумдагы маанилүү чечимдердин бири - өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин ролу жана привилегиялары жөнүндөгү жоболор жокко чыгарылат. Баш мыйзамда Назарбаев жөнүндө эгемен Казакстандын негиздөөчүсү, өлкөнүн биринчи президенти катары макамы Элбасы деп көрсөтүлүп жазылган.
"Январдагы окуялар (массалык тополоң) коомдун ушундай (саясий) процесстерге катышуусуна алып келди. Коом биригип өзүнүн пикирин ачык билдирип жатат. Эл үчүн саясий-укуктук системаны бекемдөө абдан маанилүү, ошондуктан добуш беришти. Коомдогу консенсус ушундай референдумдар аркылуу ишке ашат",-деди ТАССка Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча жумушчу топтун мүчөсү, Европалык укук жана адам укугу институтунун директору Марат Башимов.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Баш мыйзамды өзгөрткөн референдум Казакстанда көп адам каза тапкан кандуу январдагы окуялардан жарым жылдан кийин болду.
Бир катар шаарлардагы социалдык талаптар менен башталган каршылык акциялары саясий митингдерге айланып, Алматы шаарында массалык тополоң чыгып кеткен. Полиция күчтөрү менен кагылышууда эки жүздөн ашык адам каза таап, миңдеген адам кармалган.
Президент Токаевдин өтүнүчү менен Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун аскерлери өлкөгө киргизилген.
Президент Токаев өлкөдөгү каршылык акцияларын “профессионалдар даярдаган бийликти басып алуу планы”, "террордук чабуул" деп атаган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Касым-Жомарт Токаев ошол тополоң окуялар учурунда Назарбаевдин ордуна өзүн Коопсуздук кеңешинин төрагасы кылып жарыялаган. Нурсултан Назарбаев ага 2019-жылы президенттик кызматты өткөрүп берген, 2021-жылы Казакстан элинин ассамблеясынын төрагасы жана бийликтеги “Нур Отан” партиясынын лидери кылып дайындаган.
Ошентсе дагы Назарбаев жана анын үй-бүлөсү “өлкөнү мыкчып” келүүдө деген сын пикирлер айтылып, элдик толкундоодо митингге чыккандар “Чал, кет!” деп кыйкырып чыгышкан. Назарбаевдин бир региондогу эстелиги кулатылган.
Эгемендүү Казакстандын биринчи президенти өлкөнү 1989-жылдан бери башкарып келди, бирок масштабдуу элдик толкундоо болгон күнү 81 жаштагы “эл атасы” дайынсыз болуп турду.
Алматыда жекшембидеги референдумда добуш берүү участокторунун биринде оппозициялык саясатчылар Назарбаевди жоопко тартууну, январдагы тополоңдо каза тапкандардын тизмесин жарыялоону талап кылышты. (КС)











