Казак президентинин Бишкекке расмий сапарынын жупуну жыйынтыгы

Сүрөттүн булагы, President.kg
Казакстандын президентинин Бишкекке расмий сапары жупуну жыйынтык менен аяктады. Эки тараптуу бир катар протокол менен меморандумдарга кол коюлду. Казакстан менен болгон чек арадагы жасалма тоскоолдуктарды жоюунун эмне аракети болгону белгисиз.
Касым-Жомарт Токаев расмий сапарынын учурунда Бишкекте атактуу казак акыны Абай Кунанбаевдин эстелигинин, Казакстандын Аль-Фараби атындагы улуттук университетинин филиалын ачуу аземине катышты.
Мындан тышкары эки өлкөнүн президенттери Кыргыз-казак логистикалык соода борборунун курулушуна капсула салышты.
Президенттер кол койгон документтер көбүнчөсү "кызматташтык жөнүндө меморандумдар", "келишим түзүү ниети жөнүндө" протоколдор.
Меморандум конкреттүү түрдө бир нерсеге милдеттендирбеген документ, ошондуктан эмнеге эки бир тууган өлкөнүн башчыларынын жолугушуусу мынчалык жупуну аяктаганы түшүнүксүз.
Кыргызстан үчүн эң маанилүү маселе - Казакстан менен болгон чек арадагы тоскоолдуктар, жү ташыган унаалардын көп күнгө созулган тыгындары. Садыр Жапаров ал жөнүндө өзүнүн сөзүндө ооз учунан гана айта кетти, өздөрүнчө калганда жакшылыктуу сүйлөшкөн болсо, жыйынтык чыгарып жатканда айтышат эле го.
"Товарларды жана жүктөрдү Казакстан аркылуу өткөрүү маселеси боюнча, чек арадагы тыгындарды болтурбоо жана бул маселе боюнча мурда жетишилген макулдашууларды аткаруу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшоо келишимине келдик",-деди Садыр Жапаров.

Сүрөттүн булагы, Facebook
Казак президенти Бишкекке келер алдында "Дордой" ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков ага кайрылуу жасап, чек ара маселесиндеги тоскоодуктарды чечип кетүүгө чакырган эле.
"Чек арада чоң жүк ташыган фуралардын тыгыны пайда болуп, товар өткөрүү токтоп, ал эми карапайым адамдар жакындарынын жана туугандарынын сөөгүн коюуга катыша албай калган учурлар көп болду. Өлкөлөр ички чек араларын алып, тышкысын бириктирип, мындай маселелерди ийгиликтүү чечкен мисалдарды азыркы тарых көрсөтүүдө. Мунун эң сонун мисалы Шенген зонасы, ал жакта товарлар менен адамдардын эркин кыймылынын принициптери биринчи орунда турат. ЕАЭБ так ушундай мамилелердин форматы үчүн түзүлгөн. Бул тажрыйбаны колдонуп, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы чек араны соода-экономикалык кызматташтык үчүн ачууга эмне тоскоол болууда?",-деп жазган Аскар Салымбеков өзүнүн кайрылуусунда.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда кызматташтык, достук тууралуу бир канча келишим бар. Ал эми ЕАЭБдин эрежесине ылайык, аймакта товар эркин жүгүртүлүш керек.
Бирок Казакстан өзүнүн чек арасында кыргыз ишкерлеринин жүгүн текшерип, кылдан кыйкым таап өткөрбөй, ар кандай шылтоолор менен тоскоолдук кылууну токтотпой койду.
Казакстандын чек арадагы ээнбаштыгын ЕАЭБде кароо аракети болгон менен андан кенедей жылыш болгон жок.
Кыргызстандын өкмөтү Казакстан менен болгон чек арада жасалма тоскоолдуктар болуп жатканы туурасында Дүйнөлүк соода уюмуна чейин арызданган эле. (КС)








