Кытай-АКШ тирешин Британия басаңдата алабы?

Жастин Паркинсон, Саясий кабарчы, BBC News

Кытай-АКШ

Сүрөттүн булагы, Reuters

Cэр Оливер Летвин Кытай менен мамиленин “алтын доорун” алдын ала көрө алган өкмөттүн алдыңкы мүчөсү болгон.

Мындай билдирүүнү 2015-жылдын октябрында ошол кездеги канцлер Жорж Осборн айтып чыккандан бери көп нерсе өзгөрдү.

Британиянын эң бекем эл аралык шериктеши делген АКШ дээрлик күн сайын Кытай менен Тайвандын келечеги, адам укуктары, соода жана Түштүк Кытай деңизиндеги күчтөрдүн тең салмактуулу сыяктуу маселелердин айынан айтышып жатышат.

Кандайдыр бир деңээлде мына ушул маселеден улам Министрлер кабинетинин мурдагы министри Сэр Оливер Британиянын дүйнөдөгү орду жана келечектеги ролу жөнүндө көп ойлонгон.

“Биз үчүнчү орунда турганыбыз анык”, - дейт Сэр Оливер. Ал Брекситке каршы үндөгөн жана Борис Жонсондун пландарына каршы болуп партиядан чыгарылган 21 тори эл өкүлүнүн бири болгон.

“Биз АКШ же Кытай эмеспиз. Биз Индия эмеспиз. Биз Европа Биримдиги эмеспиз”.

Андан кийин Сэр Оливер консервативдик канатка кайра кайтып барган, бирок азыр эл өкүлү эмес. АКШга “биргелешип кандайдыр бир таасир этүү үчүн” ал Британия Евробиримдик, Канада, Австралия жана Жаңы Зеландия менен иштешет деп ойлойт. Анткени, АКШ дүйнөдөгү эки супер державанын кыйла жеткиликтүүрөөгү.

Жакынкы убакытка чейин баары тынч эле болуп жаткан.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Жо Байдендин өкмөтү 2022-жылы өтө турган Бээжин Кышкы Олимпиадасына дипломатиялык бойкот жарыялай салып, Си Цзинпиндин жинине тийип алды. Бойкот жарыялоого адам укуктары боюнча маселелер себеп болгон эле. Ал эми Кытай “жооп иретинде чечкиндүү чараларды көрө турганын” айтты.

АКШ, Британия жана Австралия коопсуздук пактын түзүү менен Кытайдын ачуусун келтирди. Бул Түштүк Кытай деңизиндеги таасир талашууга жеткирди.

Ага кошумча Тайван Кытайдан көз карандысыз болушу керекпи деген маселе турат. Ошондой эле, АКШ Шинжаңдагы уйгурларга каршы тукум-курут кылып жатат жана Гонк Конгдо демократияны жок кылууда деп Кытайды күнөөлөп келет. Кырдаал туруксуз экенинен эч күмөн жок.

“Мен өтө эле оптимист эмесмин”, - дейт Сэр Оливер АКШ менен Кытайдын ортосундагы мамиле жөнүндө ойлонуп жатып. Ал Лондон Королдук коллежинде конок профессор. “Азыркы траектория менен алганда биз Америка менен Кытайдын ортосундагы кансыз согушту көздөй аёосуз жылып баратабыз”.

Өзүнүн “Кытай Америкага каршы: Эскертүү” аттуу китебинде ал андан да тереңдеп ой жүгүртөт. Ал Кытай менен АКШ “ысык согуштун” алдын алуу үчүн атаандаштыкты бир аз жумшартышы кажет деп көшөрөт.

Анын оюнча, АКШ менен Кытай климаттын өзгөрүүсү жана оорулар сыяктуу көйгөйлөр жөнүндө отуруп, олуттуу түрдө сүйлөшүүсү зарыл. Аталган маселелердин алдын алуу бардык адамзатка тиешеси болгондой эле, аларды да кызыктырат.

Сэр Оливер Летвин

Сүрөттүн булагы, PA Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сэр Оливер Летвиндин айтымында, Кытай өзүнө Батыштан көбүрөөк сый-урмат мамилени күтөт

Бирок Сэр Оливердин айтымында, Бириккен Улуттар Уюму жана Эл аралык валюта фонду сыяктуу мурдатан түзүлгөн институттар жетишсиз. Аларды реформалоо “көпкө” созулушу ыктымал. Ошондуктан Кытай менен Батыш эртерээк аракетке өтүшү кажет.

“Ал сөзсүз ишке ашат деп айтуудан алысмын”, - дейт Сэр Оливер. “Бирок аракет кылып көрүү акылга сыйган нерсе болмок. Себеби Батыш менен Кытайдын ортосундагы ишенимди түптөй ала турган башка эч нерсе ойго келбей жатат”.

Вашингтондогу көптөгөн аналитиктердин оюнча, авторитардык Кытай өзүнүн экономикалык таасири аркылуу либералдык демократияны кыйратууну каалап жатат. Мисалы, “Бир алкак, бир жол” долбоору Азия менен Европанын ортосунда инфраструктура курууга багытталган жана армиясы да барган сайын күчтөнүп жатат.

Бирок Сэр Оливердин айтымында, Батыш көбүнесе Кытайды туура эмес түшүнөт. Кытай өзүн дүйнөлүк держава катары көрүп, өзүнүн ордун кайра калыбына келтирүүнү көздөйт. Соңку 250 жылда Кытайды Батыш алсыздантып келген.

“Алар сый-урмат менен мамиле кылууну күтүшөт… жана алар институттарын АКШнын алдында ийилишин каалабайт”.

Кытай менен АКШнын ортосундагы “карама-каршы амбицияларды” жөнгө салууга салым кошуу үчүн Батыш “Кытайды периферия катары көрүүнү” токтотуу боюнча иштеши керек экенин айтат Сэр Оливер.

Сэр Оливердин айтымында, G20 мамлекеттери, анын ичинде Кытай да, үмүт берет. Аталган уюмга алдыңкы экономикага ээ 20 өлкө кирет. Бирок АКШ мындан ары дүйнөнүн жападан жалгыз супер дежравасы эмес экенине ылайыкташуу үчүн “аябай чоң өзгөрүүлөрдү” киргизиши керек.

Кытайдын Гонк Конгдогу иш-аракеттери

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытайдын Гонк Конгдогу иш-аракеттери тынчсызданууга себеп болду

Цензурадан улам мурдагы эл өкүлүнүн көз караштары Батыштагыдай эле Кытайда да оңой менен жеткиликтүү болбошу мүмкүн. Бирок ал дипломаттарга кандай кеңеш бермек?

“Бул ылайыкташуу АКШ үчүн канчалык чоң экенин жана аркы тарап үчүн ошол кыйынчылык канчалык эбегейсиз экенин Кытайдын таануусу аябай маанилүү”, - дейт ал.

Бирок көптөгөн саясат талдоочулар Кытай менен мамиледе эң жакшы - чынында жападан жалгыз - жол эч кандай алсыздыкты көрсөтпөө деп айтышы ыктымал. Сэр Оливердин көз карашын айрымдар баёо деп ойлоп калышы мүмкүнбү? Себеби ал өзгөрүү үчүн Батышка абдан чоң жоопкерчилик артып, бирок Кытайды ошондой эле кадамга барууга чакырган жок да.

Азырынча Батыштагы башка өлкөлөр “Вашингтон эмне десе, жөн гана ошого кулак салып, туйгундай болуп жатышат. Ошондуктан учурда биз эч кандай деле таасир этүүчү ролду аткарган жерибиз жок”, - дейт Сэр Оливер.

Британ өкмөтү дагы АКШныкындай болуп Бээжин Оюндарына дипломатиялык бойкот жарыялай турганын билдирди.

Айрым британ депутаттары Си Цзинпиндин өкмөтүн адам укуктарын бузуу боюнча сынга алгандан кийин санкцияга түшүп калган.

Алар Британия айыптоолорун жана иш-аракеттерин андан ары күчөтүшү керек дешет.

Батыш мындай жүрүм-турум боюнча көз карашын билдирүүнү улантуу менен бирге диалогго дагы барышы керек деп эсептейт Сэр Оливер.

“Биз бардык жерде адам укуктарын сыйлоо боюнча жол көрсөткүбүз келет”, - дейт ал. “Бирок ал жалпы эле адамзаттын кызыкчылыгы үчүн алар менен кызматташуубузга жолтоо болбошу керек”. (EA)