Жо Байден менен Си Цзинпиндин сүйлөшүүсү: алардын көздөгөнү эмне?

АКШнын президенти Жо Байден менен Кытайдын президенти Си Цзинпин эки өлкөнүн ортосундагы чыңалуу күчөп жаткан шартта дүйшөмбү күнү виртуалдык саммит өткөрүшөт.
Атаандаш супердержавалар Шотландиянын Глазго жергесинде климаттык өзгөрүү менен күрөшүү боюнча биргелешкен декларация жарыялап, көпчүлүктү таң калтырды.
Бирок Тайван боюнча аскердик тиреш чыңалып, ортодогу пикир келишпестик кескин күчөп кетти.
Тараптардын үчүнчү жолугушуусу бир нече татаал темаларга арналат.
Кибер коопсуздук, соода жана өзөктүк куралды көбөйтпөө негизги тема экенин айткан АКШнын маалымат каражаттарына сүйлөшүүлөрдөн кабары бар булактар.
Жума күнү жарыяланган билдирүүдө Ак Үй төмөнкүчө айткан:
“Эки лидер АКШ менен КЭРдин ортосундагы атаандаштыкты жоопкерчилик менен жөнгө салуунун жолдорун, ошондой эле кызыкчылыктар төп келген багыттарда бирге иштөөнүн жолдорун талкуулашат”.
Эки лидер Байден январда президенттикке келгенден бери эки жолу сүйлөшкөн. Бирок, экөө тең өз ара мамиледе кагылыш болгонун айтышкан.
“АКШ-Кытай мамилелери боюнча улуттук комитет” аттуу бейөкмөт уюмуна жазган катында Си өз өлкөсү мамилелерди жолго салуу үчүн АКШ менен кызматташууга даяр экенин билдирген. Ал кызматташтык “жападан жалгыз туура тандоо” болгонун кошумчалаган.
Вашингтондогу жана Бээжиндеги кабарчыларыбыз ал иш жүзүндө кандай болорун баяндашат.
Байден эмнени каалайт?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Чжаоин Фен, BBC News, Вашингтон
Көп нерсе деле күтүлгөн жок, бирок жолугушуунун өтүп жатканынын өзү эле чоң жетишкендик болуп калмакчы. Эки тарап тең соңку жылдары начарлап кеткен АКШ-Кытай мамилесин оңдоону ниет кылууда.
Күн тартибине Тайван негизги тема болушу мүмкүн. Байден Тайван кысыгында Сиден тынчтыкты сактоого убада берүүсүн каалайт. Ал эми Бээжин аралга аскердик басым жасагысы келгенин көрсөткөн эле. Ага жооп кылып АКШнын президенти өзүнүн кытай кесиптешине Тайвандын өз алдынчалыгы боюнча эч кандай позиция карманбай турганын айтып ишендириши керек болот.
Ошондой эле, бул жолугушуу АКШнын администрациясынын Кытай боюнча стратегиясы эки тараптуу мамиле үчүн туруктуу болору туурасында Сини ынандыруу үчүн Байдендин акыркы мүмкүнчүлүгү болуп калмакчы. Байдендин Кытай доктринасы Мамлекеттик катчы Энтони Блинкен тарабынан төмөнкүдөй корутундуланган болчу:
“Керек болгон учурда атаандаш, мүмкүн болушунча кызматташ жана кажет болгон кезде каршылаш”.
Бирок, Бээжин климаттык өзгөрүү менен күрөшүү сыяктуу кызматташуу маселелерин дипломатиялык мамилелердеги талаштуу жагдайлардан өз алдынча бөлүп кароого болбосун ачык билдирген.
“Эгерде оазистин айланасын чөл курчап турса, анда “оазис” эртеби-кечпи чөлгө айланат”, - деген Кытайдын тышкы иштер министри Ван И сентябрда.
Сүйлөшүүлөр “чөлгө” суу алып келип, жалынды өчүрө алабы?
Си эмнени каалайт?
Робин Брэнт, BBC News, Шанхай
Тайван жана сүйлөшүүлөр — Си Цзинпиндин америкалык шериги менен Zoom аркылуу отуруп сүйлөшө турган теманы корутундулаган эки сөз.
Кытайдын чыгыш жээгиндеги арал өз алдынча демократиялык жол менен президенин шайлайт. Ал Азиянын сыртындагы көпчүлүк үчүн бүдөмүк маселедей.
Бирок Бээжин үчүн Тайван чыккынчы провинция. Кытай аны ар дайым “мекени” менен толук түрдө бириктирүүгө умтулуп келет. Си Цзинпин ал туурасында сүйлөшүүгө аргасыз. Эгерде ал муну ишке ашырса, канондошо турганын билет.
Бирок бир нече апта мурда эле Жо Байден эгерде Кытай кол сала турган болсо Тайванды коргоого сөз берген. Американын кандай баалуулуктарды өзүнө негиз алганы түшүнүктүү болуп калды окшойт. Си Цзинпин ачыктап түшүндүрүп берүүнү каалашы ыктымал.
Өткөн аптада Байден Кытайдын телекоммуникациялык компаниясы менен соода кылууга чектөө киргизүүгө макул болгон. Ошондой эле, ал Азия-Тынчтык Океаны тарапта Кытайдын таасирине жана күчүнө сүр көрсөтүү үчүн шериктештерди бекемдей баштаган.
Бээжин “атаандаштык чыр-чатакка айланып кетпеши” үчүн эки тарапка тең жоопкерчилик жүктөлөрүн белгилеген.
Жолугушуу жана сүйлөшүү жүргүзүү үчүн көп деңгээлдеги механизмдерди кайра калыптандыруу аны ишке ашырууга өбөлгө түзүшү мүмкүн. (EA)







