"Космостогу атаандаштык": Би-Би-Си журналисттери дүйнө жүзүндө ракеталык учурууларды көзөмөлдөгөн АКШ базасына барды

- Author, Жонатан Бил
- Role, Би-Би-Синин Коргоо боюнча кабарчысы
"Йеменден учургула!" – деген кыска жана катуу кыйкырык жаңырды. Компьютерлерин тиктеп отурган аскер формадагы эркектер менен аялдар жапырт жооп кайтарышты: "Кабыл алдык, Йеменден учурдук".
АКШнын Космос күчтөрүндө аларды "жоокер" эмес, космостук "сакчылар" деп аташат. Колорадо штатынын Денвер шаарынын чет жагындагы базада отуруп эле, дүйнөнүн кайсы бир бурчунан ракета учурулганын билип коюшат. Алар экрандан карап туруп эле ракета кайсы жерден учуп, каякка түшөөрүнө чейин көзөмөлдөй алышат.
Биз АКШ Космос күчтөрүнүн Бакли базасындагы ракеталардын учуусун көзөмөлдөө борборунда болгон алгачкы чет элдик журналисттерден болдук. Ал жакта "сакчылар" күнү-түнү кароолдо турушат.
Адистер ири көлөмдөгү мониторлордон аскердик спутниктерден алынган карталар жана маалыматтарды акмалап турушаары байкалды. Кайсы жерден ракета учпасын, дароо аныкташат экен.
Бир аздан кийин "Ирандан учургула" деген буйрук берилди, ошол жерде олтургандар "Кабыл алдык, Ирандан учурдук" деп жапырт жооп беришти.
Азыр бул жөн гана аскердик окутуу. Бирок өткөн айда ал чындап эле болгон: Иран бийлиги АКШ менен Израилдин биргелешкен соккусуна жооп катары Катардагы Аль-Удейде америкалык аскердик базага ракеталык чабуул жасаган.
Полковник Энн Хьюздун айтымында, чабуул тууралуу аларга алдын ала эскертилген, ал күнү кеңседеги атмосфера чыңалып турган. Ирандык ракеталардын учканын байкап, ал маалыматты ошол замат жергиликтүү абадан коргонуу системаларына жеткире алышкан.
"Акыры бүткүл объектини жана ал жердеги кызматкерлерди сактап калдык", – дейт полковник Хьюз.

Сүрөттүн булагы, BBC/Matthew Goddard
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Жакынкы Чыгышта кырдаал чыңалып, согуш тутанып кеткендиктен соңку жылдары алардын жумушу оорлошкон.
Убагында Украинаны дагы алдын ала эскертишкенби деп сураганымда, подполковник Хьюз мындай жооп кайтарды: "Биз ракеталык чабуул тууралуу стратегиялык жана тактикалык эскертүүлөрдү АКШнын бардык күчтөрүнө жана алардын союздаштарына беребиз".
АКШ бийлиги бул маалыматты расмий тастыктабаганы менен, өз учурунда орус армиясы Киевге сокку узатаарын украиналыктарга эскертиши мүмкүн.
Космос күчтөрүнүн Бакли базасы Дональд Трамп түзө турчу "Алтын купол" жаңы абадан коргонуу системасынын маанилүү бир бөлүгү болмокчу.
Израилдин "Темир Купол" ракетадан коргонуу системасына шыктанып АКШ президенти бул амбициялуу долбоорго 175 миллиард доллар бөлгөн. Бирок ал андан да кымбатка тураарын айтышууда.
Бакли базасында ал системанын "фундаменти" тургузулган. Ал жакты кубаттуу спутник антенналарын коргоп турган тегерек капкактар жайгаштырылган. Алар аябай чоң гольф-тобундай көрүнөт. Бул спутник антенналар Жерден 11 миң жарык жылы алыста жарылган радиотолкундарды аныкташкан.
Космостук операциялар тобун (SpOC) жетектеген генерал-лейтенант Дэвид Миллердин айтымында, жаңыдан гана башталып келаткан "Алтын купол" долбоору АКШ аймагына багытталган коркунучтар өсүп келатканын моюнга алууда. Алар үчүн негизги коркунуч Орусия жана Кытайдан экенин белгилей кетти.
Эки өлкө тең үн ылдамдыгынан беш эсе көп уча турган гиперүндүү ракеталарды иштеп чыгышкан. Ошондой эле экөө тең "жарым-жартылай орбиталык бомбалоо" деп аталган системаларды сынактан өткөрүштү, аларды көзөмөлдөө кыйыныраак.
Космос мейкиндиги мындан ары согуш аянтчасына айланаарын сезип, АКШ бийлиги беш жыл мурун Космос күчтөрүн түптөгөн. Президент Трамп ал түзүмдү өзүнүн биринчи мөөнөтүндө ишке киргизип, космосту "дүйнөдөгү аскерий аракеттердин жаңы аянтчасы" деп сыпаттаган.

Сүрөттүн булагы, BBC/Matthew Goddard
Кытай да, Орусия да спутниктерди атып түшүрүүгө багытталган ракеталарды, ошондой эле алар менен байланышты үзүү ыкмаларын буга чейин эле сыноодон өткөрүшкөн.
Орусия космосто "өзөктүк дүрмөттү жайгаштыруу дараметин көрсөткөнүн" генерал Миллер белгилей кетти.
"Космосту багындырууда буга чейин эле күрөш жүрүп жаткан, АКШ космостогу айыгышкан салгылашууга даяр болушу керек", – дейт ал.
Полковник Феникс Хаузер "Дельта-7" деп аталган Космос күчтөрүнүн чалгындоо, байкоо жана изилдөө бөлүмүн жетектейт. Алардын башкы милдети – космосто болуп жаткан окуяларды көзөмөлдөө.
Колорадо-Спрингс шаарына жакын жайгашкан аскердик базада негизги жумуш чоң экрандарга байланган – анда Жердин тегерегиндеги миңдеген майда чекиттерди көзөмөлдөп турушат. Космосто азыркы учурда болжол менен 12 миңге жакын спутник бар, ал эми он жылдыктын аягына чейин алардын саны 60 миңге чейин жетиши мүмкүн.
Алардын негизги көңүлү Кытай тарапка багытталганын Хаузер белгиледи.
"Кытай – барган сайын күчөп бараткан коркунуч. Алардын миңге чукул спутниктери жайгаштырылган, теңи эле – аскердик", – дейт ал. Анын айтымында, келерки он жылдыкта Жердин төмөнкү орбитасында дагы миңдеген спутниктер пайда болот. Космос барган сайын толуп, абал татаалдашууда.
"Биз космостук салгылашуу этабына өттүк. Биз атаандаштардан коркунучтуу жана ар кандай аракеттерди байкап жатабыз", – дейт полковник. Айрыкча, ал радиожыштыктыкка тоскоолдук жаратуучу лазерлер, ал тургай башка спутниктерди орбитадан жылдыра турчу торлор менен жабдылган спутниктер тууралуу айта кетти.
Космостук мейкиндикте "жакын салгылашуулар" жүрүп жатат деп эсептегендер дагы бар.

Сүрөттүн булагы, BBC/Matthew Goddard
АКШнын Космос күчтөрү мейкиндиктеги ар кандай куралдуу кагылышууларга даярданышууда. Полковник Хаузердин айтымында, былтыр эле алар чабуул жасай турган космостук мүмкүнчүлүктөр жөнүндө ачык айта алышчу эмес. Ал эми азыркы тапта президентке космостогу үстөмдүктү камсыздоого жардам бере турган коргонуу жана чабуул ыкмалары боюнча варианттарды сунуштоо алардын башкы максатына айланган.
Генерал Миллердин айтымында, чыр-чатакты алдын алуунун жалгыз жолу – аскердик күч. Ошондуктан АКШ "өз объектилерин коргоо үчүн жеке мүмкүнчүлүктөргө ээ болушу керек". Ал бул сөзү менен так эмнени айткысы келгенин ачыктаган жок.
АКШнын Ирандагы өзөктүк объекттерине каршы жакынд эле жүргүзүлгөн операциясы – Космос күчтөрүнүн мүмкүнчүлүктөрү кандай деңгээлге жеткенин көрсөттү. B-2 үлгүсүндөгү кыйратуучу учактардын бул жолку соккулары АКШ армиясынын космостогу үстөмдүктү сактап калуу канчалык маанилүү экенин дагы бир жолу тастыктады.
Би-Би-Си дал ошол операцияга АКШнын Космос күчтөрүнүн "сакчылары" кантип катышканын билип чыкты.
"Ал операциянын жүрүшүндө өзүнүн электромагниттик мүмкүнчүлүктөрүбүздү колдондук", – дейт генерал Миллер. Электромагниттик тармагы радиотолкундарды, микротолкундарды, инфракызыл нурланууну жана көрүнүүчү жарыкты камтыйт.
"Байланышты үзүү үчүн атайын электрондук жабдыктар колдонулушу мүмкүн экенин билгенбиз", – дейт ал.
АКШнын Космос күчтөрү B-2 бомбалоочу учактарынын бутага жетип, GPS аркылуу багытталган бункерге каршы бомбаларды так таштоосу үчүн байланышта эч кандай тоскоолдук болбошун камсыз кылышкан.

Сүрөттүн булагы, BBC/Matthew Goddard
Ушул эле түзүмгө караштуу "Дельта-3" тобунун радиоэлектрондук күрөш боюнча адистери жеринен иш алып барып жатышкан.
Алардын башчысы – полковник Анжело Фернандес Би-Би-Си кабарчысына спутниктик антенналардын катарларын жана жабдуулар салынган контейнерлерди көрсөттү. Аларды дүйнөнүн каалаган бурчуна аба аркылуу жеткирүүгө мүмкүн.
Анын айтымында, аталган антенналар душмандардын байланыш мүмкүнчүлүктөрүн "колго түшүрүп", аларды басынтууга колдонулат.
"Аба мейкиндигинде коопсуз жол ачып, америкалык объектилерди коргой алды", – дейт Фернандес.
Операция башталганга чейин жана анын жүрүшүндө "Дельта-7" бөлүмүнүн "сакчылары" электромагниттик диапазонго байкоо салып турушкан. Алардын жардамы менен күтүүсүздүктүн бутага сокку уруп, экипаж ал жактан эч кимге байкалбастан узап кете алды.
АКШнын Космос күчтөрү – Куралдуу күчтөрдүн эң жаш тармагы болгону менен, өлкөнүн аскердик кубаттуулугу үчүн опол тоодой мааниге ээ. Генерал Миллердин айтымында, бүткүл америкалык армия космостогу үстөмдүккө көз каранды.
Ал бул абал ушундай бойдон сакталып калуусун каалайт жана ар кандай кырдаалды жөнгө салууга даяр:
"Эгерде америкалык аскерлер бир нерсени максат кылып алышса – анда Кудайдан тилене бериңиз!" (КВ)












