№13 округдагы талаш: Жогорку Кеңеште Талант Мамытов, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабеков ант берди

депутаттар
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Бүгүн, 18-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында №13 көп мандаттуу шайлоо округунан шайланган Айбек Алтынбеков, Талант Мамытов жана Айгүл Карабекова депутаттык ант беришти. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров талаштуу №13 округдагы шайлоо өнөктүгү боюнча кыскача маалымат берди. Андан соң БШК төрагасы жаңы шайланган эл өкүлдөрүнө депутаттык күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырды. Ошентип, бул үч депутаттын ант бериши менен Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын курамы толукталды.

18-февралда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын каттоо тууралуу токтом кабыл алынган. Ага ылайык, БШК Талант Мамытовду, Айбек Алтынбековду жана Айгүл Карабекованы депутат кылып каттаган.

№13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрында өткөн. Бирок добуш берүү күнү 30дан ашык тилкеде мыйзамсыз камералар орнотулганы аныкталып, БШК муну "добуш берүүнүн купуялуулугун бузуу" деп баалап, 3-декабрда шайлоонун жыйынтыгын толугу менен жокко чыгарган.

Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылгандан кийин, БШК 2026-жылдын 1-мартына кайра шайлоо дайындаган. Ага 22 талапкер катталып, үгүт иштерин жүргүзүп жатышкан. Бирок 2026-жылдын 13-февралында Борбордук шайлоо комиссиясы "жаңы ачылган жагдайларга" таянып, мурдагы чечимин жокко чыгарган.

Анткени, тергөө бул камералар талапкер Бакыт Сыдыковдун тарапташтарына таандык экенин тастыктап берген.

Анын жыйынтыгында Борбордук шайлоо комиссиясы 30-ноябрдагы шайлоону өттү деп таанып, анда эң көп добуш алган Талант Мамытовду, Айбек Алтынбековду жана Айгүл Карабекованы жеңүүчү деп жарыялаган.

БШКнын бул чечими 1-марттагы кайра шайлоого даярданып жаткан башка талапкерлердин нааразычылыгын жаратты. Алар үгүт иштерине ири суммадагы каражат жумшалганын айтып, БШКдан түшүндүрмө талап кылышкан.

Ал эми талапкер Бактыбек Сыдыков БШКнын чечимине каршы Бишкек шаардык административдик сотуна арыз менен кайрылган. Бирок 2026-жылдын 16-февралында сот Сыдыковдун арызын канааттандыруудан баш тартып, БШКнын чечимин күчүндө калтырган.

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышы 2025-жылдын декабрь айында өз ишин баштаган. Мыйзамга ылайык, 30 округдун ар биринен үчтөн депутат шайланышы керек. №13 округдан мандат алган үч депутат Жогорку Кеңештин курамын толуктап, жалпы депутаттардын санын 90ду түзөт.