Балдар өлүмүнө алып келген Индиянын жөтөлгө каршы сироптору

Индия

Сүрөттүн булагы, NurPhoto via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Индия

Сентябрдын башында Мадхья-Прадеш штатындагы шаарчада балдардын табышмактуу өлүмү дарыгерлерди дүрбөлөңгө салды. Бир жаштан алты жашка чейинки кеминде 11 бала кадимки жөтөлгө каршы сироп ичкенден кийин бир нече күндүн ичинде каза болуп калды.

Башында себеби аныкталганга чейин дарыгерлер таза суудан тартып чиркей чаккан жерлерден бери баарын текшерип, акыры балдардын бөйрөгү иштебей калганы аныкталган.

Бир нече жумадан кийин өлкөнүн түштүгүндөгү Ченнай шаарындагы өкмөттүк лаборатория сироптун курамында 48,6% диэтиленгликоль бар экенин аныктады. Бул — медицинада колдонууга таптакыр болбой турган өндүрүштө колдонулчу уулуу эриткич. Аны ичкен адамдын бөйрөгү көп учурда иштебей калат.

Трагедия бир эле Мадхья-Прадеш менен чектелген жок. Коңшу Ражастхан штатында жергиликтүү компния өндүргөн "Декстрометорфан" деген аталыштагы жөтөлгө каршы сиропту ичкенден кийин эки кичинекей бала каза болуп калганы тууралуу айтылууда. Окуя коомчулукта нааразылык жаратып, өкмөттүк иликтөөгө түрткү берди.

Индияда мындай окуялар буга чейин да болуп келген. Соңку жылдары диэтиленгликоль кошулган сироптор ондогон балдардын өмүрүн алган.

2023-жылы курамына диэтиленгликоль кошулган Индия сиробу Гамбияда 70, Өзбекстанда 18 баланын өлүмүнө себеп болгон.

2019-жылдын декабрынан 2020-жылдын январь айына чейин Индиянын башкаруусундагы Кашмирдеги Жамму шаарында 5 жашка чейинки 12 бала жөтөлгө каршы сироптун кесепетинен чарчап калган.

Активисттер чыныгы курмандыктардын саны андан да көп болушу мүмкүн экенин айтышат. Буга чейин болсо кодеин камтылган сиропторду ашыкча колдонуу учурлары болгон. Кодеин жеңил опиоид болуп, чоң дозада эйфория жаратат жана көз карандылыкка алып келиши мүмкүн. Аны кичинекей балдарга берүүгө болбойт.

Ар бир ушундай трагедиядан кийин бийлик реформа болот деп убада кылат, бирок уулуу сироптор кайрадан эле дарыканаларда пайда болот. Бул Индиянын фармацевтикалык рыногунун башаламандыгын көрсөтөт.

Сынчылар өлкөдө жүздөгөн майда өндүрүшчүлөр арзан жана көп учурда каттоодон өтпөгөн дары-дармектери эркин сатышарын айтып, аны көзөмөл системасынын жоктугу менен байланыштырат.

Акыркы окуялардан кийин Индиянын Саламаттык сактоо министрлиги мындай дарыларды "рационалдуу" колдонууга чакырып, дарыгерлерге аларды жаш балдарга жазып жатканда өтө этияттык менен мамиле кылууну эскертти.

Балдарды өлүмгө түрткөн сироптун үлгүлөрүн алып, сатууга тыюу салып, иликтөө жүргүзүүнү тапшырды.

Бирок сынчылардын баамында, көйгөйдүн тамыры мындан да тереңде - Индиянын дары-дармек көзөмөл системасынын алсыздыгында жана чийки мыйзамдарда.

Индия

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Market Research Future компаниясынын маалыматтарына караганда, Индиянын жөтөлгө каршы сироптор боюнча рыногу 2024-жылы 262.5 миллион доллардан 2035-жылга чейин 743 миллион долларга өсүшү күтүлүүдө. Жылдык орточо өсүү темпи 9,9 пайызды түзөт.

Бирок индиялыктар жөтөлгө каршы сиропко болгон көз карандылыктан баш тарта алганда мынчалык чоң көйгөй жаралмак эмес.

Мындай сироптордун пайдасы аз жана айрымдары зыян алып келерин билишсе да ондогон жылдардан бери дарыгерлер бейтаптарга сунуштап келет, адамдар болсо аны колдонуудан баш тартышпат.

Тамак ооруну жана туруктуу жөтөлдү тез басаңдатуучу каражат катары сунушталган бул таттуу сироптордун курамы канттан, боектордон жана жыт берүүчү кошулмаларга аралашкан антигистаминдерден, шишикти азайтуучу жана какырыкты жибитүүчү заттардан турат.

Теория боюнча ар бир компонент өз функциясын аткарат: бири какырыкты азайтат, экинчиси аны жибитет, үчүнчүсү жөтөл рефлексин басат. Бирок иш жүзүндө бул сироптордун натыйжалуулугун далилдеген маалыматта аз. Көпчүлүк учурда жөтөл бир нече күндүн ичинде өзү эле басаңдайт.

Жөтөл инфекциядан же аллергиядан улам болушу мүмкүн. Сироптор негизинен эки түргө бөлүнөт: баланы тынчтандыруучу седативдер жана дем алууну жеңилдетүүчү бронходилататорлор. Дарыгерлер адатта экөөнүн бирин гана сунуштайт.

Мумбайдагы педиатр Ражарам Д. Харенин айтымында, чоң шаарлардагы балдар көпчүлүк учурда инфекциядан эмес, абанын булганышынан жана аллергиядан улам жөтөлөт.

Аллергия иммундук система чаң жана булгануу сыяктуу триггерлерге ашыкча реакция кылганда пайда болот.

Мындай балдар тумоолоп калганда көпчүлүгү түнкүсүн же таңга маал жөтөлөт. Кээде жөтөл бир нече жумага чейин созулат.

Айтымында, чоң шаарларда адатта чаң жана түтүндөн пайда болот, кээде жеңил бронхоспазм менен коштолот.

Дарыгердин айтымында, мындай учурда эң жакшы жардам — ингалятор же небулайзер аркылуу дем алуу органдарын ача турган дарылар.

Бирок көптөгөн дарыгерлер дагы эле убактылуу гана жеңилдик бере турган сиропторду жазышат.

Көпчүлүк балдардын жөтөлү вирус аркылуу пайда болот жана бир апта аралыгында өзүнөн өзү жоголот. Дарыгерлердин айтымында, эч бир сироп жөтөлдү тез арада баса албайт, болгону убактылуу гана жеңилдетет. Эң жаманы ал көз карандылыкты жаратып, уулануу жана ашыкча доза колдонуп алууга алып келиши мүмкүн.

"Сасык тумоо болуп калган балага жөтөлгө каршы сироп жазбайм. Эгер ал катуу жөтөлүп, уктабай калса, бир аз жеңил сироп жазышым мүмкүн. Өзгөчө кургак жөтөл жана респиратордук вирус менен коштолсо. Максат айыктыруу эмес, убактылуу ыңгайлуу шарт түзүп берүү",- деди доктор Кхар.

Индияда жөтөлгө каршы сироп эмнеге кеңири колдонулат?

Мунун бир себеби - Индияда, айрыкча кичи шаарларда жана айыл жерлеринде баштапкы медициналык жардамдын алсыздыгы.

Абанын булгануусу күчөгөн сайын жөтөл өнөкөткө айланып, адамдар сиропту дарыгердин көзөмөлүсүз эле өзү билгендей колдонушат.

Аймактарда бул көйгөй андан да чоң. Элет жеринде биринчи медициналык жардам алуу үчүн тургундардын 75 пайызы медициналык билими жок, жон гана "билермандарга" кайрылат.

Бейтапкана алыс же таптакыр жабылып калган аймактарда "билермандар" дарыгер катары кызмат кылышат жана сироптор алардын эң ишенимдүү дары каражаттары болуп саналат.

Индия

Сүрөттүн булагы, Reuters

Индия Кыргызстанды дагы дары-дармек менен камсыздайт

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Индиянын медициналык кызматташтыгы соңку жылдары туруктуу өнүгүп жатат. Кыргызстанга дары-дармектердин жана медициналык жабдуулардын кайсы бир бөлүгү Индиядан келет.

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин маалыматына ылайык, жыл сайын чет өлкөдөн импорттолгон дары-дармектердин 11-12 пайызы Индиядан келет. Алар негизинен антибиотиктер, кант диабетине каршы препараттар, жүрөк ооруларына багытталган дары-дармектер жана витаминдер.

Аталган министрлик белгилегендей, чет өлкөдөн келип жаткан ар бир дары-дармек катуу текшерүүдөн өтүп, стандарттарга жана коопсуздук талаптарына ылайык келген гана продукциялар киргизилет.