Мирзиёев "Тынчтык Кеңешинин" жыйынына катышуу үчүн Вашингтонго жөнөп кетти

Мирзеев

Сүрөттүн булагы, president.uz

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев АКШ президенти Дональд Трамп негиздеген "Тынчтык Кеңешинин" (Board of Peace) 19-февралда өтө турган биринчи саммитине катышуу үчүн Вашингтонго жөнөп кетти. Бул тууралуу анын басма сөз кызматы билдирди.

"Тынчтык Кеңешине" Борбор Азияда дагы бир мамлекет - Казакстан мүчө экени белгилүү. Акорда казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин аталган кеңештин биринчи саммитине катышар-катышпасын ырастай элек. Бирок Токаев 16-февралда орус президенти менен Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү белгилүү болду. АКШга сапар алдында борборазиялык лидерлер адатта Кремлдин "алдынан өтүп" келгени белгилүү.

"Тынчтык Кеңешинин" алгачкы саммитиндеги күн тартибиндеги негизги маселе катары Газаны калыбына келтирүү аталууда.

Саммитти утурлай Трамп "Тынчтык кеңешинин" мүчөлөрү согуштан кыйраган Газаны калыбына келтирүүгө 5 миллиард доллар бөлүүгө убада беришкенин билдирди.

"Тынчтык кеңеши тарыхтагы эң таасирдүү эл аралык орган болуп калат. Анын төрагасы болуу мен үчүн сыймык", - деп жазды бул тууралуу Трамп социалдык тармактагы билдирүүсүндө.

Январда Давосто жыл сайын өтүүчү Дүйнөлүк экономикалык форумда Доналд Трамп өзүнүн "Тынчтык кеңеши" боюнча демилгесин жарыялаган эле. Дүйнө лидерлери жаңы түзүмдүн келечектеги ролуна сактык менен мамиле кылышууда.

Аталган кеңешке АКШнын президенти төрагалык кылат жана кызмат президенттик мөөнөтүнө байланган эмес. Трамп ондогон дүйнөлүк лидерлерге чакыруу жөнөткөн.

"Кеңеш толугу менен куралганда өзүбүз каалаган нерсени жасай алабыз. Аны биз Бириккен Улуттар Уюму менен биргеликте кылабыз", – деген эле Трамп. Сынчылар кеңеш БУУнун айрым функцияларын өзүнө алып алган сыяктуу экенин айтып жатышат.

Себеби, Трамптын администрациясы АКШ тараптан БУУну каржылоону кыскарткан эле. АКШнын ветосу менен Газадагы согушту токтотуу боюнча Коопсуздук кеңешинин чара көрүү аракетине да бөгөт коюлган. 2026-жылдын 7-январында Трамп "АКШнын кызыкчылыгына каршы иштейт" деген негизде БУУнун 31 түзүмүнөн чыгуу боюнча меморандумга кол койгон. Анын ичинде БУУнун Климаттын өзгөрүүсү боюнча конвенциясы жана БУУнун Демократиялык фонду бар.