Кадрдык алмашуулар: Парламент жаңы министрлердин талапкерлигин колдоду

Парламент

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Парламент
Окуу убактысы: 1 мүнөт

18-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында өлкөнүн жогорку жетекчилигинде ири кадрдык өзгөрүүлөр болуп, бир катар министрлер жана УКМКнын жаңы төрагасы бекитилди. Парламенттин чечими менен Жумгалбек Шабданбеков УКМКнын төрагасы, Талантбек Солтобаев Транспорт жана коммуникациялар министри, Урматбек Шамырканов Өзгөчө кырдаалдар министри, ал эми Акыл Токтобаев Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп бекитилди.

Парламент депутаттарынын добушу менен Жумгалбек Шабданбеков УКМКнын төрагасы кызматына дайындалды. Анын талапкерлигин 88 депутаттын 79у колдоп, дайындоо эч кандай талкуусуз эле ишке ашты.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жетекчилиги да алмашты. Буга чейин бул кызматты Абсаттар Сыргабаев аркалап келсе, эми анын ордуна Талантбек Солтобаев келди. Ал 16-февралдан бери министрдин милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан.

Ошондой эле, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Урматбек Шамырканов жетекчи болду. Президент Садыр Жапаров сунуштаган бул талапкерди депутаттар бир добуштан колдошту. Шамырканов буга чейин министрдин орун басары кызматында иштеп келген жана бул кызматта Бообек Ажикеевди алмаштырды.

Мындан тышкары, Акыл Токтобаев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп дайындалды. Анын талапкерлиги да президент тарабынан сунушталып, парламент тарабынан бекитилди. Токтобаев бул кызматта Медер Машиевдин ордуна келди.

Аларды кызматка президент коюп, талапкерлигин бекитип берүү үчүн Жогорку Кеңешке киргизген.

Коомчулукта кызматтарынан бошотулган Абсаттар Сыргабаев, Бообек Ажикеев жана Медер Машиев УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен жакын жана туугандык мамиледеги адамдар экени айтылып келген.

Кыргызстанда акыркы күндөрү бир катар саясий окуялар, анын ичинде кызматтан алуулар орун алды.

Президент Садыр Жапаров 10-февралда кол койгон жарлыкка ылайык, Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызмат ордунан бошотулган. 11-февралда Камчыбек Ташиевдин билдирүүсү да жарыяланып, ал отставка тууралуу кабар күтүүсүз болгонун айткан эле.

Садыр Жапаров 16-февралда "Кабарга" берген маегинде Камчыбек Ташиевди кабыл алганын жана ал мамлекеттик кызматка барбай турганын айткан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев чет өлкөгө чыгып кетти. Бул тууралуу 17-февралда анын тарапташы, журналист Өткүрбек Рахманов билдирип, социалдык тармактарга видео жарыялады.

Ташиев кызматтан алынгандан кийин УКМКнын борбордук жана аймактык аппараттарынын жетекчилери толук иштен алынып, айрымдары камалууда.