"Камбар-Ата -1" ГЭСинин курулушу башталууда

Нарын дарыясындагы "Камбар-Ата-1" ГЭСи курула турган жер

Сүрөттүн булагы, Gov.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нарын дарыясындагы "Камбар-Ата-1" ГЭСи курула турган жер

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Бүгүн Нарын дарыясындагы "Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушуна биринчи этаптагы даярдык иштери башталды. Болочок ГЭС курула турган жерге биринчи жолдор, көпүрө жана башка инфраструктура салыныш керек. Кыргызстандын энергетикалык көз каранды эместиги үчүн абдан маанилүү ГЭСтин курулушун баштоо салтанатына катышканы бул жерге Кыргыз президенти Садыр Жапаров менен Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров барды.

president.kg

Сүрөттүн булагы, president.kg

Мамлекет башчысы башкаруу пультундагы кнопканы басып, андан кийин масштабдуу курулуштун башталышын билдирген жарылуу болду.

"Буюрса, “Камбар-Ата-1” ГЭСинин ишке киргизип алсак, “Камбар-Ата-2” ГЭСинин толук кубаттуулукта иштешине мүмкүнчүлүк түзөбүз. Андагы экинчи жана үчүнчү агрегатты пайдалана баштасак, “Камбар-Ата-2” ГЭСинин жалпы кубаттуулугу артат. Жыйынтыгында бул эки маанилүү ГЭСибизди толук иштетип, кубаттуулугу 1000 мегаватт өндүрүүгө жетишебиз. Бул көлөм азыркы Токтогул ГЭСинде өндүрүлүп жаткан электр энергиясына барабар болот",-деди Садыр Жапаров.

Президенттин айтымында, “Камбар-Ата-1” иштеп калса, Кыргызстанга да, Борбор Азияга да пайдалуу болот:

"Бардыгыңыздарга белгилүү болгондой, “Камбарата-1” ГЭСинин курулушу кошуна өлкөлөрдүн сугат суу маселелерин чечүүгө өбөлгө түзөт жана аймактагы суу-энергетикалык балансты стабилдештирүүгө салым кошот".

Акылбек Жапаров 1-июнда эле бул жакка барып, ГЭСтин курулушун баштоонун камылгасы менен таанышып кеткен

Сүрөттүн булагы, gov.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Акылбек Жапаров 1-июнда эле бул жакка барып, ГЭСтин курулушун баштоонун камылгасы менен таанышып кеткен

"Буюрса биз курулуш иштерин баштап атабыз. Биз ошол жерге көпүрө курушубуз керек. Туннелди аягына чейин казышыбыз керек. Ошол курулуш иштеринин баарын өзүбүздүн күч менен баштап атабыз. Бюджетибизде 18 миллион доллар бар. Бул дагы урматтуу Садыр Нургожоевичтин кыялдарынын бири эле. Кумтөр бүтүп калды, эми Камбар-Ата-1 баштап атабыз",-деди Акылбек Жапаров Би-Би-Сиге шейшембиде.

Иштин биринчи даярдык этабын бүтүрүш үчүн, төраганын айтымында, үч жарым жылдан беш жылга чейинки убакыт керек. Беш жылдан кийин ГЭСтин курулушу өзү башталат.

"Абдан кызыкдар биздин кошуналар болуп жатат. Бирок биринчи өзүбүз иреттеп, курулуш иштеринин баарын өзүбүз жасап, элге далилдейли деп атабыз. Инвесторлорду күтүп отурбай, курулуш аянтчаларынын баарын даярдап коелу деп атабыз".

Камбар-Ата

Сүрөттүн булагы, gov.kg

"Камбар-Ата-1" ГЭСин курууга 2012-жылы Бишкек Россиянын мамлекеттик «Интер РАО» компаниясы менен келишим түзүп, ал эчтеке кылбай койгондо келишимди бир тараптуу токтотуп койгон.

Бул ГЭС курулса, Кыргызстан электр энергиясын сырттан албай, өзүнүн керектөөсүн толук жаап, керек болсо экспортко чыгарганга да мүмкүнчүлүк пайда болот.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Камбар-Ата-1" ГЭСин курулушу баштоого даярдык көрүлүп жатканын энергетика министри Доскул Бекмурзаев 23-майда эле Фейсбуктагы өзүнүн баракчасынан кабарлаган эле.

Атап айтканда, Жалал-Абад областындагы гидроэлектр станция курула турган дамбанын ордун көрүп, гидрокурулушчулар менен долбоордун биринчи этабын баштоого даярдыкты сүйлөшүп келгенин жазган.

"Көз коркок, кол баатыр! Биз үчүн бул олкөбүздүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кыла турган абдан маанилүү долбоор. Азыр биз бардык күчүбүздү Камбар-Ата ГЭСинин курулушуна жумшайбыз. Ал курулуп бүткөндөн кийин биз эбегейсиз чоң пайда көрөбүзгө кепилдик берем".

Министрдин маалыматы боюнча, "Камбар-Ата-1" курулуп баштаса, анын өлкөнүн экономикасы үчүн мультипликативдик эффектиси болот. Мигранттар үчүн жаңы иш орундар түзүлөт, анын баары бүтүндөй кластерди өнүктүрүүгө дем берет.

Долбоордун биринчи этабында 486 миллион АКШ доллары керек болот.

Курулушка керектүү каражат республикалык бюджеттен да каралат, ошондой эле инвестиция да тартылат.

"Камбар-Атанын" курулушуна Өзбекстан менен Казакстан катышуу ниети бар экенин билдиришкени кабарланган. Азырынча сүйлөшүүлөр энергетиктер деңгээлинде болуп жатат. Акыркы чечим мамлекет башчыларынын деңгээлинде болот.

Биринчи эки жылда ГЭС курууга керектүү болгон жолдор, көпүрө, жатакана жана жумушчулар үчүн зарыл башка инфраструктураны куруу каралган.

Акыркы жылдары Токтогул суу сактагычында суу аз болуп, электр энергиянын каатчылыгы сезиле баштады
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Акыркы жылдары Токтогул суу сактагычында суу аз болуп, электр энергиянын каатчылыгы сезиле баштады

Министр Доскул Бекмурзаевдин Жогорку Кеңеште берген маалыматына караганда, "Камбар-Ата -1" ГЭСин курууга 2,8 миллиард доллар каражат керек болору эсептелген.

Долбоор боюнча "Камбар-Ата -1" Кыргызстандагы эң ири ГЭС болуп курулат. 1 миң 860 мегаватт кубаттуулукта курулуп, жылына 5 миллиард киловат саат электр кубатын иштеп чыга алат. Анын төрт агрегаты болот.

Дамбанын бийиктиги 256 метр, ал эми андагы топтолгон суунун көлөмү беш миллиард кубдан көп болот.

Бул ГЭСтин курулушуна көп жылдар бою Өзбекстандын мурунку президентинин тушунда каршылык чоң болуп келген. Ислам Каримов ГЭСтерди куруу долбоорлорун эл аралык экологиялык экспертизадан өткөрүүнү талап кылган. Кийинки президент Шафкат Мирзиеёв кыргыз бийлиги менен жолугуп сүйлөшүп, бул ГЭСти чогуу куралы деген бүтүмгө келишкен.

Камбар-Ата

Сүрөттүн булагы, president.kg