Борбор Азиянын үч өлкөсүндө электрди масштабдуу өчүрүү болду

Бишкекте жол чырактары иштебей калып...

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкекте жол чырактары иштебей калып, жол кыймылында баш-аламандык башталганда жол инспекторлору ишке чыгышты

Борбордук Азиянын үч өлкөсүндө - Казакстанда, Кыргызстанда жана Өзбекстанда электр тармагында масштабдуу өчүрүүлөр болду. Региондун энергетикалык системасындагы үзгүлтүк Казакстандагы электр тармагына ашыкча күч келгенинен чыкканы айтылууда.

Ошол себептүү Казакстан азыркы убакта мурда электр кубатын импорттоп келген болсо, азыр тескерисинче Россияга экспорттогонго өттү.

Ташкентте аба майданы бир топ убакыт ишин токтотуп турду.

Бишкекте жарык өчөрү менен бүт бардык иштер - жылуулук, суу берүү токтоду, банктар иштебей калды.

Кыргызстандын Энергетика министрлиги жарым саатта электр менен камсыздоо калыбына келет деп билдирүү жасады.

Ошондон кийин бир жарым сааттан кийин электр камсыздоо региондорго четинен кайтып келе баштады. Бишкекте саат 15:00 гө карата электр кубаты калыбына келди.

Кыргызстан Борбор Азиядагы бирдиктүү энергетикалык алкактан чыкканын билдирди.

"Энергетикалык шакекченин жыштыгында маселе бар экен"

Болжолдуу түрдө Казакстандын электр тармагындагы авария болгону айтылууда. Бирок эмне үчүн башка жердеги авария эгемен өлкөлөрдүн энергетикасынын үзгүлтүккө учуратты? Бул суроо менен Би-Би-Си Кыргызстандын энергетика тармагынын мурдакы жетекчилеринин бири, өлкөнүн ѳнѳр жайына эмгек сиңирген ишмер Райымбек Мамыровго кайрылдык.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Мен билгенден Казакстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштырган линияда авария болгондон кийин бир миң мегаваттан ашыгыраак электр энергия Казакстанда жетпей калып, кубаттуулукту ошол жакка соро баштады. Ошол маалда Өзбекстандын электр системасында авария болуп, алардын станциялары өчүп калып атты. Ошол себептүү энергетикалык шакекчеде жыштык деңгээли түшүп кетип, автоматтык түрдө электр энергияны пайдалануучуларды өчүрө баштады. Ошонун ичинде Кыргызстанда да болду.

Кайрадан Казакстан биринчи линиясын күйгүзүп, тийиштүү кубаттуулугун калыбына келтирип, Өзбекстан да өзүнүн станцияларынын ишин калыбына келтиргенден кийин жыштыкты иштеткен автоматика да калыбына келип, элге электр энергия бериле баштады.

Менин байкашыма караганда, бизде дагы, Өзбекстанда дагы релейдик коргоо деп коет, ошол жерде маселелер бар экен, аны үч мамлекет чогулуп иликтеп, аны кайрадан жөнгө салышы керек.

Өчүрүүлөргө Кыргызстандын энергетикасы себеп болгон жок. Өчүрүүлөр Казакстандан башталып, Өзбекстанда уланып, жетпей калганда Кыргызстанда да өчүрүлө баштады".

Электр көйгөйү биринчи Казакстандан башталды

Электр жарыгы биринчи Казакстандын жашоочуларында өчтү. Эртең менен өлкөнүн эң чоң шаары болгон Алматынын бир катар райондорунда электр үзгүлтүккө учурады.

Казакстандын Orda басылмасы жазгандай, электр жарыгы Шымкентте, Таразда жана Түркестан областында да жок.

Казакстандык KEGOC оператору электр кубатынын өчүп калышына электр чубалгыларга ашыкча жүк келгендиги себеп экенин билдирди.

"Самрук-Энерго" энергокомпаниясы өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирген жогорку чыңалуудагы чубалгыларда авариялык өчүрүүлөр болгонун кабарлады.

Ошол эле убакта Көк-Борсок энергия шакекчесиндеги бир участкада радиациялык коркунучтуу зат көзөмөлдөн чыгып, натыйжада өрт жана жарылууга алып келгенин KazRegnum кабарлады. Алдын ала маалыматтарга караганда эки кызматкер каза тапты.

Авария болгон жердеги абалды калыбына келтиргенге жети-он күн керек деп жатышат. Бул теракт болушу мүмкүн деген версияны да карашууда. Бирок бул маалыматтар расмий булактардан тактала элек.

Бишкек энергетикалык кризис

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкекте суу дагы токтойт экен деген кабар тараганда, айрымдар сууну көбүрөөк камдап ала баштады.

Өзбекстандагы кырдаал

Казакстандан кийин электр көйгөйү Ташкентте болду. Өзбекстандын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы баш калаада электр кубатынын массалык түрдө өчүрүлүшү Казакстандын электр тармактарындагы авариядан улам болгонун билдирди.

"Бирдиктүү электр алкагына кошулган өзбек электр тармагы авариянын натыйжасында бузулду,-деп аталган мекеменин Телеграм каналында кабарланды. - Казакстандын 530 линиясында чыңалуудагы күтүлбөгөн өзгөрүүлөр болуп кетти, ошол себептүү бүт Борбор Азия боюнча энергетикалык шакекте электр үзгүлтүккө учурады".

Метро жана лифтте камалып калгандар

Uzbekistan Airports компаниясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Өзбекстандын бардык аба майдандары шейшембиде эртең менен ишти токтотту: электр жоктугуна байланыштуу жүргүнчүлөр текшерүүдөн өтө албай калышты, кээ бир учактар запастагы аба майдандарына кетип жатты. Бир сааттан кийин гана аба майдандарында кыймыл калыбына келди.

Бишкектин аба майданы электр өчсө дагы ишин токтоткон жок, автономдуу электр камсыздоого өттү.

Ташкентте метродо кыймыл токтоп калып, камалып калган жүргүнчүлөр эвакуация болду. Бишкекте лифтке камалып калган 45 адам куткарылганы айтылды.

Өзбекстандын эң ири лыжа базасы болгон Амирсойдо асма жолдо камалып калган туристтер да болгону кабарланды.

Борбор Азиянын бирдиктүү энергетикалык шакекчеси

Борбор Азиянын өлкөлөрүн бириктирген энергетикалык шакекче 1980-жылдары долбоорлонуп баштап, 1997-жылы бүткөн. Анын максаты региондогу кайсы бир өлкөдө электр кубаты тартыш болуп калса, коңшулардын эсебинен оперативдүү түрдө алганга мүмкүнчүлүк берет.

Ошондой эле сугат маалында ГЭСтердин турбиналарынын иштешин координация кылганга да керек.

Энергетикалык бирдиктүү шакекчеде башында Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан эле эмес, Түркмөнстан менен Тажикстан да бар болчу. 2003-жылы Түркмөнстан, 2009-жылы Тажикстан бирдиктүү энергетикалык системадан чыгып кеткен. (КС)