Кыз ала качуу кыргыз элинде салт эмес, салтты бузган көрүнүш

Рыскул Жолдошов, тарых илимдеринин кандидаты, Бишкек

Кыз ала качуу салт эмес

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Бишкекте 26-июнда кыз ала качуунун келип чыгышы жана анын кыргыз салты эмес экенин изилдеген окумуштуулардын кереге кеңеши өтөт. Бул жыйын коомдук ишмер Алмаз Кулматовдун демилгеси менен Кыргыз Улуттук университетинин колдоосунда өткөрүлүп жатат. Ушул иш чараны утурлап, кыргыз тарыхчы окумуштуусунун кыз ала качуунун тарых-таржымалын изилдеген макаласын айрым кыскартуулар менен сунуштайбыз.

“Кыз ала качуу” кантип, кандайча пайда болгон?

Кыргыз элинин үйлөнүү салты кудалашуу жолу менен жүргүзүлгөн. Албетте, үй-бүлө курууну максат кылган жаштардын каалоолоруна карата иш жүргүзүлгөн. Бирок патриархалдык кыргыз коомунда эркектин каалоосу биринчи орунга коюлуп, кыздын оюна анча маани берилген эмес.

Үйлөнүүдөгү эң башкы чечимди ата-эне, тактап айтканда үй-бүлө башчысы – ата кабыл алган. Аталар тарабынан жаштар бирин-бири билбеген мезгилде эле “бел куда” же “бешик куда” болушуп, келечек үй-бүлө куруу маселеси алдын-ала эле чечилип калган.

Мындан тышкары калың алуу же социалдык түрдүү жагдайларга карата, жаштардын ой-пикири эске алынбаган учурлар дагы болуп келген. Ушундай себептерден улам айрым учурларда үйлөнө турган жаштар кудалашкан ата-энелерине түрдүү каршылыктарды көргөзүшкөн.

Көпчүлүк мезгилде колукту ала турган күйөөсүнө ичи чыкпай калганда, мүмкүнчүлүгүнө жараша башка көңүлүнө толгон эркек менен убадалашып качууга аракет кылган.

Мына ушундай турмуштагы түрдүү кырдаалдарга жараша, сөйкө салып, кудалашып койгон кызды ала качуу болсо, аларга каршы жигиттин дагы, кыздын дагы тууган, уругу бүт көтөрүлүп чыгып, чабыш башталган.

Мисалы алгачкы кыргыз фольклор жыйноочуларынын бири Ыбрайым Абдрахманов: “XIX кылымдын 60-70-жылдарына чейин күйөө кызды ала качуу деген бир да болбогон. Эгер кокусунан бир ала качуу боло калса, эки айыл же эл (уруу-уруктар Р.Ж.) жасоо (аскер Р.Ж.) курашып, жылкы алышып, эр өлүшүп чоң калаба (согуш Р.Ж.) чыккан”,- деп эскерет. Бул фактылар көргөзүп тургандай, “кыз ала качуу” кыргыз элинин кудалашуу салтына каршы турган, салтты бузган коомдук көрүнүш катары кабыл алынган.

Кудалашуу салтын бузгандарга - өлүм жазасы

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кудалашуу салтына каршы чыгып, кызды ала качуу кыргыз элинде катуу жазаланган. Кыз ала качкан адам колго түшүп калса, анда салт боюнча күйөө дагы, кыз дагы өлтүрүлгөн. Буга мисал кыргыз фольклорунда арбын кездешет. Алсак, кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы болгон “Манас” үчилтигинде да бул көрүнүш тууралуу эпизоддор бар.

Кыргыздын башкаруучусу Манас баатыр Оогондук Акун хан менен балдары төрөлө элек мезгилде эле “бел куда” болушат. Тактап айтканда Манас баатырдын уулу Семетей Акун хандын кызы Айчүрөк менен “бел куда” болуу жолу менен кудалаштырылган. Алар бой жеткенде Манас баатырдын аталаш тууганы болгон Шыгайдын уулу Чынкожонун тукуруусу менен Эр Багыштын уулу Толтой Акун хандын шаары Үргөнчкө кол салат. Ал Семетейге кудалашып койгонуна карабастан, Айчүрөктү алам деген талап коёт. Кудалашкан колуктусун бошотуп алуу үчүн Семетей Толтой менен согушат. Согуштун акыры кудалашкан кызды алабыз деп келген Толтой менен Чынкожонун өлүмү менен аяктайт.

Ал эми дагы бир кыргыздын элдик чыгармасы болгон “Олжобай менен Кишимжан” эпосунда кыз ала качуу окуясы терең берилет. Чыгармадагы окуя, сюжет Олжобай менен Кишимжандын сүйүүсүнүн тегерегине топтолгон. Эки жаш бири-бирине кошулууга жан-дили, бардык күчү менен аракеттенет. Алар элдик кудалашуу салтына каршы чыгышып, өз сүйүүсүнө жетиш үчүн өлүмдөн дагы жалтанышпайт. Эпостун аягы сүйүшкөн эки жаш Олжобай менен Кишимжандын кайгылуу өлүмү менен бүтөт. Мында эки инсандын ортосундагы жалындаган сүйүү канчалык чоң болбосун, элдик кудалашуу салтынын курмандыгы болгондугу көргөзүлгөн.

Ушундай эле “ Кыз-күйөө” жөнүндөгү кыргыз легендасы айтылып калган. Качандыр бир мезгилде Ысык-Көл тарапта жашаган элдин ичинен эки жаш бири-бирине абдан ашык болуп калышат. Алардын сүйүүсүнө карабастан кыздын кудалашкан жери болгон. Акыры алар өз сүйүүлөрүнө жетиш үчүн элден качып чыгышат. Башкача айтканда жигит кызды алып качат. Качкындар Чүй өрөөнүн карай бет алышат. Алардын качып кеткендигин туйуп калган кудалаган күйөө тараптын жана кыз тараптын дагы туугандары алардын артынан куугунга түшөт. Куугунчулар жигит менен кызга Боом капчыгайына келгенде жете келишип, аларды колго түшүрүшөт.

Кудалашуу салтын бузгандыгы үчүн экөөнө тең өлүм жазасы чыгарылат. Жигитти бир коктунун, кызды экинчи коктунун башына алпарып мууздашат. Аларды мууздаганда чыккандагы кан тийген жерден булак чыгып, эки коктудан агып чыккан суу капчыгайга кире берген жерден кошулат. Муну көргөн эл жигит менен кыз акыретте кошулду дешип, булак аккан жерди “Кыз-күйөө” деп атап калышкан.

Элдик уламыштарда кудалашуу каада-салтын бузгандарды өлтүрүп жазалагандыгы тууралуу көп эле маалыматтар берилет. Кудалашуудан чыккан пикир келишбестиктердин айынан, кыз ала качуу болгондугу тууралуу белгилүү кыргыз акыны Аалы Токомбаев өзүнүн “Күүнүн сыры” чыгармасында эң сонун көркөмдөө менен ачып берген. Эгерде кызды ала качкан жигит аман-эсен кутулуп кетсе, алыскы бөтөн элге барып кошулуп, ал жерде түбөлүккө калган. Туугандарынан бөлүнүп башка урууга барып кошулган киши, ал жерде эң төмөнкү социалдык орунду ээлеген. Башкача айтканда ал өзүнүн уруусунун атын атабастан, барган уруунун атагын алган. Ошондой эле ал бийлик институттарына киргизилген эмес. Андай адамдарды тентип келген тексиз, кул деп кемсинтип айтып турушкан.

Ормон-Хан кыз ала качкандарга айып төлөткөн

Кыз ала качууда кызды алып качкан тарап тектүү жер болуп, колунда бийлиги, байлыгы жана эли көп болсо, анда кызды алдырып ийген тарап (кудалашкан күйөө менен кыздын тууган-туушкандары) менен кыз ала качкан тараптын ортосунда кандуу согуш болуп, кишилер өлгөн. Мындай кагылышууларды токтотуу үчүн ортодо сүйлөшүүлөр жүргөн.

XIX кылымдын ортосунда, тактап айтканда 1842-жылы өз алдынча кыргыз мамлекетин түптөп баштаган Ормон хан бийликке келгенде, кыргыз урууларынын мындай чыр-чатактарын жөнгө салуу үчүн мыйзамдарды кабыл алган. Ормон хандын алгачкы “жардыктарынын ” (указдарынын) ичинде кудалашкан кызды ала качкандарды тыюу жана андай окуя болсо ала качкан адамды өлтүрбөстөн, анын ордуна айыпка тартуу маселеси каралган. Ормон хандын мындай мыйзамдары эл ичинде “Ормон окуу” деген ат менен айтылып калган. Мында адамды өлтүрүүгө, кайыны бар кызды ала качууга, уурулук кылууга ж.б.у.с. тыюу салган чараларды караган. Мисалы, адам өлтүргөнгө 300 жылкы кун төлөнгөн, кайыны бар кызды ала качса 40 жылкы, ууру кылса 9 жылкы айып тарткан [7: 58]. Мына ушундай чаралардан кийин эл ичинде кайындуу кызды ала кача турган болсо бийге салынып, ала качкан тарап үч (3) тогуз (9) айыпка жыгылган. Алып кеткен тарап кызды кайтарып берген [9: 12].

Ала качып кеткен кызды айыпка жыгылгандан кийин кайтарып бергендик тууралуу атактуу Балыкооз манасчы Байтик баатыр жөнүндөгү маалыматында жакшы көрсөткөн. Балыкооз: “... Байтик деген чыгыптыр деп даңкы таш жарат. Сарттын улугуна карабайт экен, өз билгенин кылып жатыр деген элдин сөзү Коконго да угулуптур. Байтик Чымкенттин улугунун келини экен (кайындап койгон Р.Ж.), Чаткалда кытай уруусунун кызы экен, Аккыз деген кызды айлына келип, Байтик тартып алып кетиптир. Ал Аккызды агасы Бүтөштүн баласы Байсабага алып бериптир деген кеп тарады. Муну Ташкенден Бучукбек кушбеги келет экен, Байтикти өлтүрөт экен экен деп, ушинтип дүңкүлдөгөн сөз эл ортосунда болуп жатты”,- деп баяндайт. Андан ары ал Бучукбек кушбеги Байтикти чакырып жыйын кылып, анын маселесин карагандыгын айтат. “Бир убакта Байтик да чыкты үйдөн, Бучукбек да чыкты. Өлтүрөт деп турган эл. Бучукбекке адам өлтүрүш боктон оңой экенин мурун көрүп калган эл эмеспи. Бучукбектин кантер экен деп турган. Бучукбек арыздануучуларды атап, Байтикте акың барың өзү менен сүйлөшүп, атың барың тай ал, тайың барың кой ал деди. Байтик баягы элдин акысын улук айткандай кылып, бүтүрүп бере-бере үч күндө тындырды. Аккызды кайтарып берди Байтик” . Бул жерде кайындап койгон кызды Байтик ала качып алып, иниси Байсабага алып бергендигине карабастан, аны кайтарып бергендиги абдан даана айтылган.

Мына ушул сыяктуу маалыматтар кыргыз элинин ичине “кыз ала качуу” салт эмес экендигин күбөлөйт. Ал кудалашуу салтына каршы чыккан айрым бир көрүнүштөрдөн пайда болуп, бирок эл тарабынан колдоого алынган эмес. Бирок бул көрүнүш кантип элге тарай баштаган? Бул суроого ошол эле XIX кылымдын экинчи жарымында жана XX кылымдын биринчи жарымында жашап өткөн алгачкы кыргыз интеллигенциясынын өкүлү Ыбрайым Абдрахманов минтип жооп берет:

“XIX кылымдын 60-70-жылдарына чейин күйөө кызды ала качуу деген бир да болбогон. Эгер кокусунан бир ала качуу боло калса, эки айыл же эл жасоо курашып, жылкы алышып, эр өлүшүп чоң калаба чыккан. Кыргыз эли Россия падышалыгына карап баш ийгенден баштап, кыз ала качуу, ал турсун кызды үйүнөн тартып кетүү, кайындуу кыздарды да башка кишилер ала качуулар көбөйгөн”.

Мында белгиленгендей Россия империясынын кыргыздарды басып алууларынан кийин, алардын администрациялык башкарууларынын таасири менен элдик каада-салтарга да өзгөрүүлөр кирип баштагандыгын көрөбүз.

Кыз ала качуу салт эмес

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстанда кызды күчкө салып ала качуунун арты трагедия менен аяктаган окуялар көп болду.

Советтик идеологиянын жаңы салттары жана таасири

Чыгыш европалык маданиятты алып жүрүүчү орустардын үстөмдүгү, көчмөн кыргыз коомунун көп жактарына таасир берип, өзгөрүүлөргө алып келгендиги белгилүү. Алардын арасында патриархалдык мамилелерге негизделген кыргыздардын кудалашуу салты дагы бузулууларга туш боло баштаган. Башкача айтканда кайындап койгон кызды кимдир бирөө ала качып кетсе, эми мурдагыдай элдик адат менен гана соттобостон, араздашкандар орус бийлигине кайрылышкан. Анын жыйынтыгында эски салттуулук эске алынбастан, орус администрацялык мыйзамдар аткарыла баштаган. Бул болсо кыргыздардын салттарына өзгөрүүлөрдү киргизген. Ошентип кайыны бар кызды ала качуу акырындап көбөйө баштайт.

Кыз ала качуунун күч алышы, албетте, Совет бийлигинин мезгилине туура келет. Советтик идеология боюнча СССРде жашаган бардык калктарды орусташтыруу аракети жасалган. Коммунисттик идеяга жамынган совет бийлиги, СССРдеги түрдүү улуттар акырындык менен жоюлуп “совет элин” түзөт деген саясат жүргүзгөн. “Совет элинин” өзөгөгүн, албетте, орус эли, орус маданияты жана орус тили түзмөк. Орустардан башка элдердин каада-салты, үрп-адаты, маданияты жана тили эски замандын калдыгы катары эсептелиген. Анын ичине кыргыздардын маданияты дагы эски гана маданият болбостон, бай-манаптык феодалдык калдык болуп калган. Ошондуктан кыргыздардын үйлөнүү салтындагы кудалашуу салты айрыкча жерилип, калың алууну кызды сатып жатканга теңтештирилген. Мындай салтты колдонгон адамдар, айрыкча советтик чиновниктерге катуу кысым көрсөтүлгөн.

Балдарын үйлөндүргөн кыргыз чиновниктери, элдик салтты колдонсо, алар эски феодалдык заманды көксөгөн, совет бийлигине каршы чыккан адам катары эсептелинген. Андай адамдар кызматтан алынган же төмөндөтүлгөн. Кызматтык карьерасын сактап калуу үчүн кыргыз улутундагы мамлекеттик чиновниктер кыргыздын салты боюнча балдарын үйлөнтүүдөн кача баштаган. Кыргыздын үйлөнүү салтын феодалдык эски калдык катары пропагандалоо бардык мезгилдик басылмаларда, теле-радио берүүлөрдө жана ошондой эле окуу жайларында кеңири масштабда жүргүзүлгөн. Мына ушундай иш чаралардын натыйжасында өзүн маданиятту санаган инсандар жана интеллигенциянын өкүлдөрү эски салттан качып, заманбап жаңы салтты колдоого алышкан. Жаңыча той өткөрүү “комсомолдук той” (“комсомольская свадьба”) деп аталган. Бул той, 1960-жылдардан тартып жайылып, маңызы боюнча орустун үйлөнүү тоюуна (русская свадьба) негизделген.

Кыргыз коомунун жогорку катмары салттуу үйлөнүү тойдон акырындык менен баш тарта баштагандыгы, жалпы коомго таасирин тийгизген. Кудалашуу кескин кыскарганы менен калың берүү тымызын жүргөн. Бул процесс өзгөчө Кыргызстандын түндүк аймагында жашаган калктын ичине тездик менен тарай баштаган. Бийликтен корккон чиновниктердин арасында балдары үйлөнгөндө, биз кудалашкан жокпуз, келинди же кызды ала качып алды деген шылтоо модага айланат. XX кылымдын 70-80-жылдарынан тарта “кыз ала качуу” салт катары карала баштаган. Ушундай себептерден улам кыргыз элинин үйлөнүү салты трансформацияланып, өзгөрүүлөргө учураган. Албетте, кудалашуу салты толук жок болгон эмес. Элдин калың катмарында, алыскы региондордо кудалашуу, калың бычышуу менен кайындап үйлөнтүү салты аткарыла берген.

Кыргыз элинин коомундагы кыз ала качуунун пайда болушуна жана анын күч алышына бир катар факторлор себеп болгон:

  • Турмуштук шарттар жана социалдык карама-каршылыктар.
  • Орус империясынын Кыргызстанды басып алуусу менен кошо алардын европалык маданияты, каада, салтарынын таасиринде жергиликтүү элдин маданияты, анын ичинде үйлөнүү салтында дагы өзгөрүүлөр.
  • Үйлөнүү салтындагы “кыз ала качуунун” күч алышына советтик саясаттын ролу.
  • Кыргыздардын ата-бабаларынын көчмөн коомунда “кыз ала качуу” коомдогу жат көрүнүш катары бааланып, ал ууру кылган кылмыш катары эсептелинген жана жазаланган.