"Башка иш жок". Ооганстанда окубай калган кыздар килем токуп, күн кечирүүдө

Mahjooba Nowrouzi, BBC Afghan Service

Ооганстандагы аялдардын абалы боюнча тынчсыздануу күч
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ооганстандагы аялдардын абалы боюнча тынчсыздануу күч

Кабулдагы бул өнөрканада килем токулат. Бул жерде жүздөгөн аялдар жана кыздар чогулган. Мындай тар жерде керек болсо кенен дем ала албай жаткандай сезесиң. Кадимкидей демиң кысылат.

Салехи Хассани 19 жашта. Муңайыңкы жылмайган кыз:

"Биз, кыздар, эми окуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырадык. Жагдай бизди ушуга алып келди. Ошондуктан өнөрканада иштеп жатабыз", – деди.

2021-жылы "Талибан" бийликке келгенден кийин 12 жаштан жогорку кыздарга билим алууга, ал эми аялдарга көпчүлүк кесиптерде иштөөсүнө катуу тыюу салынган.

2020-жылы Ооганстанда аялдардын 19% гана иштеген. Бул эркектерге караганда төрт эсе аз дегенди билдирет. Азыр бул көрсөткүч андан да төмөндөдү.

Килем токуу – оор жана түйшүктүү иш. Талибдердин бийлиги өкүм сүрүп жаткан маалда аялдар иштей ала турган саналуу жумуштардын бири. Башка мүмкүнчүлүктүн жоктугу жана өлкөдөгү экономикалык оор абал аларды дал ушул ишти аткарууга мажбурлоодо.

БУУнун маалыматы боюнча, 1,2–1,5 миллион ооган жараны килем өндүрүү менен жан багат. Алардын ичинен 90 пайызы – аялдар.

Афганистан
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Талибдер бийликке келгенден кийин өлкөнүн экономикасы кыйраганына карабай, килем экспорттоо өнүгүүдө.

Ооганстандын Өнөр жай жана соода министрлиги маалымдагандай, 2024-жылдын алгачкы алты айында эле жалпы салмагы 2,4 миллион килограмм болгон килемдер 8,7 миллион долларга экспорттолгон. Товар Пакистан, Индия, Австрия жана АКШ сыяктуу өлкөлөргө жеткирилген.

Бирок бул килем токуган уздардын айлыгы жогорулады дегенди билдирбейт. Би-Би-Синин айрым маектештери өткөн жылы Казакстанга 18 миң долларга сатылган килемден бир тыйын да алышпаганын айтып беришти.

Ооганстандын өзүндө килем кыйла арзан сатылат. Анын бир чарчы метри 100–150 доллардын тегерегинде. Ал эми килем соккон чеберлер бир чарчы метри үчүн болжол менен 27 доллар алышат. Бул бул бир айлык эмгек дегенди билдирет. Бирок көпчүлүк аялдарда башка тандоо жок. Үй-бүлөнү багуу керек, башка жумуш табуу мүмкүн эмес. Ошондуктан алар күнүнө бир доллардан аз акчага макул болуга аргасыз. Ал эми алардын узак жана түйшүктүү нөөмөттөрү 10–12 саатка чейин созулат.

Афган

Elmak Baft компаниясынын башчысы Нисар Ахмад Хассиени Би-Би-Сиге өнөрканасын көрсөтүүгө уруксат берип, өзү жумушчуларына бир чарчы метр үчүн 39дан 42 долларга чейин төлөй тургандыгын айтты. Анын билдиришинче, нөөмөт сегиз саатка созулат, маяна эки жумада бир берилет.

"Талибан" окуу программасы ислам баалуулуктарына дал келген учурда кыздарга мектепке кайтууга уруксат берилерин бир нече жолу билдирген. Ошентсе да азыркыга чейин эч кандай алгылыктуу кадам жасала элек.

Хассиенинин айтымында, талибдер бийликке келгенден кийин ал жетектеген уюмдун вазыйпасы окуу жана иштөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган адамдарга жардам берүү болуп калган.

"Биз килем токуп, жүн ийрүүчү устаканаларды негиздедик. Биз килемдердин 50–60% Пакистанга экспорттойбуз, калгандарын Кытайга, АКШга, Түркияга, Францияга жана Орусияга жөнөтөбүз", – дейт ал.

22 жаштагы Шакила эже-сиңдилери менен бирге иштейт. Алардын үйдөгү килем токуй турган устаканасы карыган ата-энеси жана үч агасы менен чогуу жашаган чакан үйдүн бир бөлмөсүндө жайгашкан. Алар Кабулдун батыш тарабындагы жакыр деп эсептелген райондордун бири Дашт-э-Барчиде жашашат.

Шакила юрист болууну кыялданчу. Эми минтип үй-бүлөлүк устакананын жетектөөгө туура келди.

"Башка эч нерсе кыла алган жокпуз, башка жумуш жок", – дейт ал.

Килем сокконду ага атасы үйрөткөн. Ал кезде Шакила 10 жашта эле. Бул өнөр кийин бүт үй-бүлөнү ачарчылыктан куткарып калды.

Шакиланын 18 жаштагы сиңдиси Самира журналист болууну кыялданчу. Ал эми үчүнчү сиңдиси Мариам болгону 13 жашта. Ал чоңойгондо ким болорун ойлоно элек маалда окуусун токтотууга аргасыз болду.

"Талибан" бийликке келгенге чейин үчөө тең Сайид аль-Шухада орто мектебинде окушкан. 2021-жылы мектептеги бир катар жардыруулардан улам 90 адам каза болгон, көбү ошол жерде окуган кыздар болгон. Дагы 300гө жакын адам жаракат алган. Ооганстандын мурунку өкмөтү күнөөнү талибдерге жүктөгөн. "Талибан" буга тиешеси бар экенин четке каккан.

Ошол окуядан кийин эже-сиңдилердин жашоосу түп-тамыры менен өзгөргөн. Жаңы трагедиядан корккон атасы аларды аргасыз мектептен чыгарып алган.

Самира ошол күнү мектепте болгон. Катуу коркуп калган кыз азыркыга чейин кекечтенип сүйлөйт. Ал оюн эркин билдире албай абдан кыйналат. Ошого карабай кайра окууга кайтуу үчүн ал баарына даяр.

"Мен чынында окуумду бүтүргүм келет. Азыр талибдер бийликте кезде коопсуздук маселеси бир аз жакшырды, жанкечтилердин жардыруулары азайды. Бирок мектептер али жабык, ошондуктан биз иштөөгө аргасызбыз", – деди ал.

Самира журналист болууну абдан кыялданат

Болбор-болбос айлык, узак убакытты алган жана түмөн түйшүктүү жумуш бул аялдарды сындыра алган жок.

Салехи чечкиндүү жана жаркын келечектен үмүтү зор. Ал акыркы үч жылдан бери өз алдынча англис тилин үйрөнүп жатат:

"Мектептер жана университеттер жабык болсо дагы биз билим алууну токтотпойбуз".

Салехи бир кезде кесипкөй дарыгер болуп, Ооганстанда эң мыкты оорукана курарына бекем ишенет.

Бул Би-Би-Син кабарчысы даярдаган материалдын котормосу. Макаланын англис тилиндеги түп нускасын бул жерден окусаңыз болот. (AA)