"Ар бир мүнөтүм абакта өтүп жаткандай". Афган аялдарынын аянычтуу үнү

Йогита Лимайе, Би-Би-Си

Афган аялдарынын аянычтуу үнү

Сүрөттүн булагы, Screenshot

Ооган кыз-келиндер жаңы мыйзамдан улам өз укуктарынан ажырап жатканына байланыштуу айласы куруган аянычтуу абалын Би-Би-Сиге айтып беришти.

Афган аялдарынын аянычтууабалы

Сүрөттүн булагы, Screenshot

Ооганстанда 21 млн кыз-келиндин жашоосу дагы да оорлоду. Талибан бийликке келгенден бери үч жыл өтүп, "аялдар жүзүн жана денесин биротоло жаап, көчөгө чыкканда коомдук жерлерде үнү угулбаш керек деген жаңы мыйзам кабыл алды.

Ооганстандан баяндоо чет элдик журналисттер үчүн барган сайын кыйын болуп баратат. Би-Би-Си командасы Афганистанга барып, аялдардын бүгүнкү жашоосунан ТВ сюжет тартып келди.

Тобокелчиликтерге карабай, кээ бир кыз-келиндер, учурда жашоосу кандай өзгөргөнүн Би-Би-Си кабарчысы Йогита Лимайеге ачык айтып беришти. Кабарчылар алардын аты-жөнүн жашырып, аларды коргоо максатында актердун үнүн колдонушту.

"Жада калса дем алуу да кыйын"

Бул өлкөдө аялдар барган сайын көз жаздымда калып жатат. Акырындап ырайымсыз эрежелер кабыл алына берип, кыз-келиндердин эркиндиги чектелип келди.

Соңку жарыяланган мыйзамга ылайык... Эгер аял киши муктаждыктан улам үйүнөн чыгышы зарыл болсо, анда жүзүн, денесин жаап чыгууга милдеттүү жана үнү угулбаш керек. Би-Би-Си менен сүйлөшкөн афган кыз-келиндери өздөрүнүн азап чырмаган аянычтуу абалын сүрөттөп, жүрөктөгү кайгы-муңун ачык айтышты.

"Ар бир мүнөтүм абакта өтүп жаткандай. Жада калса дем алуу да кыйын."

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Кыймылдап турган жансыз адамдайбыз. Сүйлөй да, бир нерсе кыла да албайбыз."

Биз кыз-келиндер менен сүйлөшкөнүбүздө өтө этият болушубуз зарыл, анткени алар, аялдарга катуу чектөөлөр кабыл алынган жерде турушат. Учурда, Талибандын адеп-ахлак полициясынын ыйгарым укуктары көбөйдү. Мыйзам кабыл алынганына бир нече апта гана өткөндүктөн, ал канчалык атакарылары белгисиз. Бирок мындагылар менен сүйлөшкөндө аталган мыйзамдан азыртан эле корко башташкандай.

Биз, буга чейин үч жыл окубай калган өспүрүм кыздарга жолуктук.

Кыздардын үнүн жашыруу керек эле, бирок алар дүйнө үнүбүздү уксун дешти.

"Көчөгө чыгуудан, автобуска олтуруудан же беткапты чечүүдөн, катуураак сүйлөгөндөн да коркобуз. Катуу коркуп, стресс болобуз. Эгер сүйлөй албасак, анда сыртка чыгуунун, жадакалса жашоонун маңызы эмне."

Былтыр активист аялдар зомбулукка арызданып, кармап кетет деген эскертүүгө карабай, өз укуктарын талап кылып көчөгө чыгышкан.

Талибан жүрүштөр биротоло токтогончо аларды күч менен басып келди.

Учурда ооган кыз-келиндери ырдаган видеолорун интернетке жайгаштырып, Талибандын чектөөлөрүн сындап нааразылык көрсөтүүдө.

"Ислам шариятынын негизинде"

Хамдулла Фитрат

Сүрөттүн булагы, Screenshot

Талибан өкмөтүнүн өкүлү Хамдулла Фитратка жолуктук.

Ал аял кишинин жанында тургусу же бет маңдай отургусу келбегени менен, Би-Би-Синин кабарчысынын суроолоруна жооп берди.

Биз андан мыйзамды кандай түшүндүрүп бере аласыз деп сурадык.

Х. Фитрат: "Буга чейин кабыл алынып келинген мыйзамдарды Ислам шариятынын негизинде жогорку лидерибиз жактырган. Ар бир дин аалымы алардын шилтемелерин текшере алат".

Би-Би-Си: "Биз баарлашкан кыз-келиндердин көпчүлүгү, "эгер бизге билим алууга уруксат берсеңер, өкмөт таңуулаган кандай гана мыйзам болбосун аткарууга даярбыз" дешти. Анткени аларга окууга уруксат берилбегендиктен, депрессияга кабылып, жада калса өз өмүрүнө кол салууну ойлоп жатышат. Өкмөт катары, алардын үнүн угуп, чечим кабыл алуу сиздердин жоопкерчилигиңиз эмеспи?".

Х. Фитрат. "Албетте. Карындаштарыбыздын билим алышы маанилүү маселе. Биз аны чечүүгө аракет кылуудабыз. Көптөгөн карындаштарыбыздын талабы да ошол. Мурда да бир нече жолу айтканбыз, лидерлерибиз анын үстүнөн иштеп жатат. Бир жолу табылат".

Би-Би-Си: "Кыздар мектепке бара албай калганына үч жыл болду, бирок эч кандай өзгөрүү болбоду. Адамдар сиздин, "маселенин үстүнөн иштеп жатабыз" дегениңизге ишенет деп ойлойсузбу?"

Х. Фитрат: "Биз жогору жактын чечимин күтүп жатабыз."

Кабулдан алыс эмес бир провинцияда, Талибандын жок дегенде бир бөлүгү жогорку лидерден айырмаланып турганына күбө болдук.

"Кудайдан күнүм тынч өтсө экен деп сурайм"

Афган кыз-келиндери окуган окуу жай

Сүрөттүн булагы, Screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Афганистандагы мээрман айымдарды даярдаган окуу жай

Талибан өкмөтү бизге мээрман айымдарды даярдаган окуу жайга киришибизге уруксат беришти.

Студенттердин баары 20 жаштын тегерегинде.

Мында аларга иш жүзүндө аял кишиге кандай жардам көрсөтүүнү окутушууда.

Мындай окутуулар сейрек.

Бирок, кээ бир ооган кыз-келиндер жабык эшик артында маселени өз колуна алышууда.

Кыздар билим алган бир жашыруун мектептин мугалимин жолуктурдук.

"Мыйзам кабыл алынганда, анын эрежелерин окуучуларыма түшүндүрүп, абал кыйла оорлогонун айттым. Күндө ойгонгон сайын, Кудайдан күнүм тынч өтсө экен деп сурайм. Бир нече жолу мектебибизди ар башка жерге көчүрүүгө аргасыз болдум,"-деди ал.

Бул баш ийбөөнүн жана үмүт кылуунун тынч жолу.

Афганистан аялдарынын аянычтуу үнү