"Үнүңдү бас, денеңди жап": талибдер аялдын үнү көчөдө арам деп мыйзам чыгарды
Али Хуссейни, Би-Би-Си Перс кызматы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Өткөн аптада Афганистанда талибдер "адеп-ахлакты сактоо жана арам иштерге бөгөт коюу" боюнча жаңы мыйзамдарды кабыл алды. Андагы эрежелер боюнча эми аялдарга коомдук жайда үн чыгарып сүйлөөгө же бетин ачып жүрүүгө тыюу салынат.
Бириккен улуттар уюму талибдердин жаңы мыйзамын айыптаган билдирүү таратты.
Жекшембиде БУУнун жогорку кызматтагы өкүлү жаңы мыйзамдар Ооганстандын келечегине кооптонууга негиз берет деп билдирди.
Мыйзамды талибдердин жогорку лидери Хайбатулла Ахунзада бекитти. Адеп-ахлак министрлиги эч ким өлкөдө бул мыйзамдын таасиринен сырткары болбойт деп баса белгиледи.
Жаңы мыйзамдык эрежелер "мохтабасиндерге" (Талибандын адеп полициясы) оогандыктардын жеке турмушуна каалагандай кийлигишүүгө укук берет, алар адамдардын көчөдө кандай кийинип жүргөнүнөн тартып эмне жеп, эмне ичкенине чейин көз салат.
Жаңы мыйзам боюнча аялдардын үнү коомдук жайда угулганда "күнөө" болуп саналат. Жаңы эрежелерге ылайык, аял үйүнөн чыкканда өзүнүн үнүн басып, жүзү менен денесин жаап жүрүүгө милдеттүү.
Министрлик шариат мыйзамына негизделген моралдык талаптарды коё баштады жана аны аткарбаган миңдей адамды кармаганы айтылууда.
Талибдердин айтымында, бул эрежелер шариатка ылайык келет жана анын аткарылышы адеп министрлиги тарабынан көзөмөлдөнүшү керек.
Талибдердин жогорку лидери бекиткен каардуу мыйзам расмий түрдө жарыяланып, бардык жарандар тарабынан аткарылууга тийиш болууда.
Мыйзамда аялдар жөнүндө эмне деп айтылат?

Мыйзамда эркектердин делебесин козгобош үчүн аялдар денесинин эч бир жерин көрсөтпөй, бети-башын жаап жүрүшү керектиги кенен айтылган.
- Аял денесин бүтүндөй жаап жүрүшү керек
- Делебе козгобош үчүн аял жүзүн жаап жүрүшү керек
- Аялдын үнү "аврат", демек элге угулбаш керек
- Аялдар көчөдө эле эмес, үйүндө дагы ырдабашы жана үн чыгарып окубашы керек
- Аялдын кийими жука же кыска, денеге чапталган болбошу керек
- Аялдар денеси менен жүзүн күйөөсү жана бир туугандарынан башка эркектерден жашырышы керек
- Эркектерге аялдардын денеси менен жүзүнө караганга тыюу салынат, аялдар дагы эркектерге карабашы керек
Эркектерге да тыюу көп

Эми алар үйдөн сырткары жүргөндө денесинин киндиктен тизеге чейинки бөлүгүн да жаап жүрүүгө милдеттүү, анткени дененин бул жагы "аврат" болуп саналат.
Эркектерге чачын шариатка ылайык эмес түрдө кыскартып жүрүүгө тыюу салынат.
Талибдер бир нече провинцияда шариатка туура келбейт деген негизде чачтарачтарга сакалды алууга да тыюу салышты.
Жаңы эрежелерге ылайык, сакалдын узундугу муштумдун узундугундай болууга тийиш. Ошондой эле эркектерге галстук тагынууга да болбойт.
Мыйзам бузгандарга кандай жаза каралган?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бир киши "арам иш" кылса, анда мыйзамга ылайык бир топ жазага тартылат деп айтылат. Кудайдын каары менен коркуткан эскертүү берилет же акчалай айып салынат жана үч күн мөөнөткө түрмөгө камалат.
Бул мыйзам толтура нааразылык менен сынга калды.
БУУнун Афганистан боюнча миссиясынын башчысы Роза Отунбаева мындай деди:
"Ондогон жылга созулган согуштан кийин жана гуманитардык кризис курчуп турганда ооган элине намазга кечигип калгандыгы, башка жыныстагы адамды карап койгону же жакын адамынын сүрөтүн алып жүргөндүгү үчүн коркутуп-үркүтүү же түрмөгө салуу керек эмес эле".
Адеп-ахлак министрлиги Ооганстандагы эң активдүү мамлекеттик башкаруу органдарынын бири. Анын кабарына караганда, соңку жылы эле адеп полициясы 13 миңден ашык адамды шариатты бузгандыгы үчүн кармады. (КС)












