Кыргызстан: "Талибан" террорчу эмес

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстан "Талибанды" террордук уюмдардын тизмесинен чыгарганын өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги расмий тастыктады.
Министрлик 6-сентябрда тараткан билдирүүдө "өлкөнүн компетенттүү мамлекеттик органдары кылдаттык менен карап чыгып, ар тараптуу баа бергенден кийин “Талибан” кыймылын Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгаруу чечими кабыл алынганы" айтылат .
"Бул чечим аймактык туруктуулукту бекемдөөгө жана диалогду улантууга багытталган. Кыргыз Республикасы Афганистанда жана бүтүндөй аймакта туруктуу жана тынчтык чөйрөнү камсыз кылууга багытталган эл аралык коомчулуктун күч-аракеттерин колдоого умтулат".
Кыргызстанда тыюу салынган террордук уюмдардын жаңыланган тизмесин Башкы прокуратура 2-сентябрда эле жарыялаган. Анда "Талибан" жок болуп чыккан. Буга расмий түшүндүрмө убагында берилбей, ЖМКларда бир топ божомол-жоромолорду пайда кылды.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бул маалыматты Би-Би-Сиге ошондо эле ырастап, бирок анын түшүндүрмөсү кечирээк болорун билдирген.
Ал эми Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын расмий сайтындагы кара тизмеден "Талибан" алына элек болчу. Дин комиссиясынын өкүлү басма сөз жыйынында бул тууралуу суроого так жооп айта алган эмес.
Бул мамлекеттик органдар ортосундагы ырааттуу жана ыкчам коммуникациянын жоктугунан кабар берет.
Ушул 6-сентябрда Президент Дин иштери боюнча мамкомиссиянын директору Тойгонбай Абдыкаровду кызматтан алды.
Айтмакчы, 6-сентябрда Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Афганистандын Кыргызстандагы ишенимдүү өкүлү Нурулла Аминди кабыл алып жолугушту.
Тараптар Кыргызстан менен Афганистандын ортосунда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын ар кыл багыттарын талкуулашты деп кабарланды.
Атап айтканда, Акылбек Жапаров Кыргызстан Афганистан менен соода-экономикалык мамилени, транспорттук байланыштарды, кен байлыктарды биргелешип иштетүүгө, энергетикадагы, өнөр жайдагы жана айыл чарбасындагы кызматташтыкка кызыкдар экенин билдирген.
Кремль колдоого алды
Кыргызстан "Талибанды" террордук уюмдардын тизмесинен чыгарган чечимин Кремль түшүнүү менен кабыл алганын билдирди.
Бул жөнүндө Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков айтканын ТАСС кабарлады.
Ал "Кыргызстан географиялык жагынан Афганистанга абдан жакын" деп белгилеп, ошондуктан коңшуларга өлкөнүн факт жүзүндөгү бийлиги менен мамилени түзүү керек деген.
"Бул кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылабыз",-деди Россиянын президентинин басма сөз катчысы.
Андан мурда Афганистандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын "Талибанды" террордук\экстремисттик уюмдардын тизмесинен алып салганын кубаттаган билдирүү таратып, муну "талибдердин өкмөтүнүн регионалдык жана эл аралык деңгээлде таанылып жатканы деп кабарлаган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кытай, Казакстан, Өзбекстан...
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Айтмакчы, Кыргызстандын бир катар коңшулары "Талибанды" эчак эле тааныган.
Кытай жыл башында "Талибандын" Пекиндеги элчисин кабыл алып, бул өлкөнү Кытай-Пакистан экономикалык коридоруна кошкон.
Казакстан тыюу салынган өлкөлөрдүн тизмесинен Талибанды жайдын башында эле чыгарган.
Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаев Афганистанда туруктуулук жана экономикалык активдүүлүк болуп жатканын билдирип, Борбор Азия менен Афганистан үчүн БУУнун туруктуу өнүгүү максаттары боюнча Алматыда регионалдык борбор ачуу жөнүндө демилге көтөргөн.
Өзбекстандын премьер-министри Арипов августта Кабулга расмий сапар менен барды.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Кабул менен диалогду күчөтүү зарыл деп билдирип, региондун коопсуздугу жана экономикалык өнүгүүсү үчүн "ШКУ-Афганистан" байланыш тобунун ишин жандандыруу керек деген болчу.
Бир гана Тажикстан "Талибанды" катуу сындаган бойдон келатат. Расмий Дүйшөмбү "Талибанды" экстремисттик уюмдардын тизмесинен дагы эле чыгара элек.
Ошого карабай, Тажикстан менен Афганистан чек арага чектеш базарларды ачып, электр энергиясын экспорту боюнча айрым бир иштерди жасап жатканы белгилүү.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өз кезегинде "Афганистандагы террордук топтордун активдүүлүгү жана наркотрафик көйгөйү олуттуу кооптондуруп жатканын" билдирип, афган элине жардамды күчөтүүгө жана афган проблемасын ШКУга мүчө өлкөлөрдүн форматында карап чыгууга чакырган.










