"Талибанга пропаганда". Сузактагы желек инциденти

Кыргызстан желек

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Кыргызстандын коңшусу Казакстан Афганистанды башкарып турган Талибанды террордук уюмдардын кара тизмесинен чыгарып, расмий тааный турганын жарыя кылды. Кыргызстан Талибанды экстремисттик-террордук уюмдардын тизмесинде кармап турат, расмий тааный элек. Бирок өлкөнүн бир бурчунда бир эмес, эки мектепте жана айыл өкмөтүнүн кеңсесинде мамлекеттин желегин алып өрттөп, арап жазуусу бар ак матаны көтөрүү аракети болду. Укук коргоо органдары бул окуяны иликтеп тергеп атканда, Би-Би-Си диний радикалдык уюмдар боюнча эксперт ИИМдин академиясынын кылмыш жана жаза кафедрасынын доценти Манас Аманбаев менен өлкөдөгү диний радикалдык маанайды талкуулады.

Экстремисттик адабияттарга экспертиза

Сүрөттүн булагы, GKNB.KG

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Экстремисттик уюмдарга иштеген деген шек менен кармалгандардан алынган китептерге өзүнчө экспертиза жүргүзүлөт

М. Аманбаев: "Талибан" Кыргызстанда террордук уюм деп таанылган. "Талибандын" саясий символикасы ошол жакта илинип турган ак желек. Сузактан ошондой эле желек чыкты го. Ошондой эле окшош атрибутикадагы желек. Азыркы учурда тергөө амалдары башталып, экспертиза дайындалып жатат.

Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин төрагасы Марат Иманкулов өзү дагы айтты, Талибанды легитимдүү бийлик катары тааный элек бир да өлкө. Бирок баардыгы эле алака кылып жатат. Эмне максат менен? Биринчиден экономикалык максат бар. Экинчиси коопсуздук.

Бирок талибдер өздөрү башкара албай жатпайбы өлкөнү, экстремисттик террордук топторду, уюмдарды. Талибандан башка дагы толтура радикалдык уюмдар бар. Ошолордун кесепети бизге тиет деген чоң кооптонуу бар.

Би-Би-Си: Сузактагы окуя Кыргызстанда эл арасында Талибанды тымызын колдогон, ылым санаган күчтөрдөн, диний маанайдан кабар берип жатабы?

М. Аманбаев: Ооба, ошондой кабар берет. Буга чейин да буга окшогон иштер болгон жана болуп келатат.

Бул окуянын ошол айылдан чыгышы дагы жаңылык эмес. Себеби ал ошондой радикалдык диний маанай күчтүү болгон аймактардын бири. Кыргызстанда диний радикалисттик уюмдар баш көтөрүп, күч алып аткан аймак илгертен эле. Эмне үчүн? Буга чейин да катталган мындай окуялар. Мисалы, шайлоо учурунда шайлоого катышпагыла, бул арам, бул демократия биздин шариатка туура келбейт деп мамыларга жазып кетишкен.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Андан кийин айт намаздарында өзгөчөлүк бар. Муфтият аны өзү эсептеп жарыя кылат, мамлекет аны дем алыш күн деп жарыялайт эмеспи. А бирок булар ал эрежеге баш ийбейт, айт күндү же бир күн эрте, же бир күн кеч белгилеп коет.

Азыркы учурда биз буларды экстремисттик топ деп тааный элекпиз. Бирок алардын радикалдык көз карашына анализ кылып жатабыз. Мамлекеттин коопсуздугуна тийгизен таасири, биздин атрибутикага, символикага болгон мамилеси. Мамлекеттин желегин кантип өрттөй аласың? Демек, сенин идеологиялык жактан бир проблемаң болуп жатат. Мамлекетке каршы келе турган бир идеологиялык пропагандага даярданып атасың.

Азыркы убакта тергөө амалдары толук кандуу жүрө элек. Мен кечээ эле байланыштым тергөө менен. Азыр абдан көп материал бар тергөөдө. Анын баары экспертизадан өтүш керек.

Бирок биздин алдын ала берип жаткан баабыз боюнча бул экстремисттик радикалдуу топтордун бир канаты. Акырындап баш көтөрүп келатат.

Биздин Кыргызстандын аймагында тыюу салынган "Хизбут-тахрир" деген уюм бар. 2003-жылы түзүлгөн. Аларга кээ бир өлкөлөрдө, мисалы, Түркияда тыюу жок. Англияда ошондой эле. Бирок, Палестина окуясы чыккандан бери Англия да тыюу салды. Булардын максаты бир жерди жардырып теракт кылуу эмес. Булардын максаты - мамлекеттин конституциялык түзүлүшүнө каршы чыгуу. Башкача айтканда, алар бизге халифат керек, шариат менен жашашыбыз керек дешет. Халифатты эңсебеген мусулман мусулман эмес дешет.

УКМК Ош облусунда тыюу салынган «Йакын-Инкар» экстремисттик уюмунун тымызын мүчөлөрү бир нече жолу кармаган

Сүрөттүн булагы, GKNB.KG

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, УКМК Ош облусунда тыюу салынган «Йакын-Инкар» экстремисттик уюмунун тымызын мүчөлөрүн бир нече жолу кармады

Би-Би-Си: Мамлекетттин желеги өрттөлүп атса, мамлекеттин конституциялык түзүмүнө каршы чыгып жатса, буга мыйзамда кандай жоопкерчилик каралган?

М. Аманбаев: Негизи азыркы мыйзамдык позициядан алып караганда бул административдик мыйзам бузуу болуп каралат. Кыргызстандын атрибутикасын, символикасын өрттөп салуу же бүлдүрүү болгон учурда негизинен административдик чара каралган. 2017-жылга чейинки кылмыш-жаза кодексинде мындай иштер кылмыш болуп эсептелчү. Азыр аны административдик категорияга которуп койгон үчүн, эми биз анын экстремисттик оюн далилдей албасак, анда буга биз административдик чара көрөбүз.

Бирок бул жерде жүз пайыз көрүнүп турат. Алынган далилдерге, материалдарга караганда, булардын максаты – идеологиялык пропаганда. "Хизбут-Тахрирдин" бир идеологиясы ушул.

Би-Би-Си: “Хизбут-тахрир” менен Талибандын жакындыгы же окшоштугу барбы?

М. Аманбаев: Түпкү тамыры бир. Талибандын символикасы ак желек, "Хизбут" акты да, кара желекти да колдонот. Кара желек – "Ислам мамлекетиники". Демек, булар идеологиялык жактан мамлекетке каршы пропаганда кылып жатат.

"Ислам мамлекети" – булар бүтүндөй армия. Согушка барат, жихадка барат.

"Талибан" азыр аялдарга кысымды аябай күчөтүүдө. Бизге болгон коркунуч кандай экенин кандай айтпайлы, Кыргызстандын ичинде ислам динин карманган мусулмандардын арасында булардын көз карашын колдогондор бар. Бирок мыйзамда тыюу болгон үчүн ачыкка чыгышпайт. Бирок тымызын иш жүрүп жатат. Билбейбиз, эртең дагы кай жерден ачылат.

Би-Би-Си: Желек өрттөлгөн инцидент болгон Бекабад айылы Өзбекстан менен чек арага жакын. Ал эми Өзбекстанда диний радикал топтор баш көтөрө албайт, көзөмөл катуу го.

М. Аманбаев: Өзбекстанда эмне үчүн баш көтөрө албайт? Себеби, мына кечээ чыкты муфтияттын жарлыгы. Дин кызматкерлерине социалдык тармакта сүйлөгөнгө тыюу салды. А бизде кайсы дин кызматкери болбосун, ар бири чыгып сүйлөп жатат.

Бул, албетте, биздин диний жана сөз эркиндигибиз, бирок анын артында да милдет бар да. Мына ошол милдетин билбегендиктен көп аша чапкан учурлар болууда. Ар кандай радикалдык көз караштар, топтор пайда болуп жатат. Алардын артынан экстремизмге, террорго жол ачылат.

Эгер мындай көрүнүштөрдү тыйбай жөн кое берсек, анда эртең ачык эле чыгат. Диний көз караштагы жарандарыбыздын саны өсүп жатат күн сайын. Алардын арасында радикалдуу көз караштагылардын да саны өсүп жатат. А радикалдык көз караш үчүн биз жоопкерчиликке тарта албайбыз, биз анын ою, пикири деп атабыз.

Би-Би-Си: Азыр диний көз караштардын пропагандасын жүргүзгөн аянтча социалдык тармак болуп калбадыбы. ИИМдин тийиштүү бөлүмдөрү жүргүзгөн мониторинг ошондой кооптуу тенденцияларды көрсөтүп жатабы?

М. Аманбаев: "Хизбут-тахрир" эң активдүү, эң көп иштеген ушул социалдык тармактар. Пропаганда жүргүзөт, чакырыктарды жасайт, электрондук китепканасы бар, он миң, жыйырма миң нускадагы китептери бар. Расмий тыюу салынган сайттары бар. Аны жаап койсоң, башкасын ачып алып иштеп жатат. Фейсбуктан, Инстаграмдан, Ютубдан канчалаган чакырыктарды жасоодо.

Бүгүн динге кызыккан жаштарыбыз маалыматты каяктан алып атат? Мечиттен алган маалымат менен адашпашы керек эле. Демек, ошол социалдык тармактан алып атат. Анда көбүнчө комментарийлер аркылуу иш жүргүзүшөт. "Демократия деген болбойт, силер батыштын системасы менен башкарылып жашап атасыңар" деген идеологиялык иш жүрүп жаткан убак. Азыр жаштардын арасында радикалдашууга же экстремизмге буруп кетип жаткан бирден бир багыт ушул социалдык тармактар болуп жатат.