Теребелге сес көрсөткөн "Талибан": Эл аралык, укуктук жана саясий жагдайлары
Алмаз Кулматов, тарыхчы, коомдук ишмер

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Илгери азыркыдай жолборс, арстан, кабылан, сүлөөсүн, айтор мышыктар түрүнө кирген айбанаттар жок, бир гана мышык болгон экен. Мыйоолотуп көптү тууйт. Мыйлары жерден боорун көтөрө баштайт. Бир күнү эне мышык мыйларына тамак тиздеп аң уулап кетип, далайга жоголот. Эптеп ийинине келсе, алдынан азуулуу арстан, капталдан күркүрөп жолборс, кыскасы баары мышыктан кыйла чоң, алдуу-күчтүү жырткычтар чыга келет. Булар мышыктын балдары эле. Эне экен деп карабастан, кол салмакчы болушат. Жан айласы кылып, бечара мышык адамдар жашаган үңкүргө кире качып кутулат. Ошондон бери адамдын жанынан чыкпай калган делет.
Мышык жөнүндө дал ушул икая талибдерди даярдап чыккан Пакистан менен Американын атайы кызматтарына, күчтүү мамлекеттер ар кандай ишке пайдалануу үчүн түзгөн жоочул топторго, кутумчул уюшмаларга куп жарашат.
Ал тургай атайы кызматтар мамлекеттин ичиндеги мамлекетке айланган учурлар да жок эмес. Маселен Кеннедини жок кылаардан мурда, АКШнын чалгын кызматы баш бербей, ээн жердин бөрүсүндөй жойлоп калган. Акыры президентти укпай калганы маалым.
Талибдер медреседе даярдалган болочок жоочулар эле. Талибдердин жаралышына Пакистандын жана АКШнын чалгын кызматтарынын тике тиешеси бар (https://kun.uz/ru/news/2021/08/23/kto-sozdal-taliban-i-kto-pomogayet-talibam) деп болжоого болот.
Анан жүрүп отуруп талибдер, бейиши болгур, премьер-министр Беназир Бхуттонун көзүн тазалашты, АКШ тургай калган мамлекеттерди сестенткен, кирешелүү бизнеси жана 40 миңден ашуун жанкечтилери, ар кайсы аймактарда жана өлкөлөрдө жашыруун топтору бар кубаттуу күчкө айланды.
Эсепсиз куралдарын талибдерге таштап, атайылап качкан түр көрсөттүбү же чын эле алдастап калдыбы, айтор Америка талибдер кыска убакыт ичинде Ооганстанды ээлеп алганда, аймактан шашылыш чыгып кетти.
Медресе демекчи, 1978-жылдагы Ирандагы ислам революциясын да медреседе окуган, диний таалим алган жаштар ишке ашырып, өлкөнүн конституциялык түзүлүшүн кыска убакытта өзгөртүп, бийликке келген. Андан бери былк эттирбей Иранды башкарып келет исламчыл күчтөр, динаятчы ишмерлер Ирандагы чыныгы бийликтин ээси.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кыргызстанда өзүн исламчыл же\жана чыныгы мусулман эсептеген түрдүү агымдар менен топтор ачкан, айыл сайын кур эмес көптөгөн медреселерде кыргыз жаштары “окуп, таалим алып” жатат.
Демократия – куфр түзүлүш, халифат – дүйнөдөгү жападан-жалгыз адилеттүү саясий система, сахабалар доорундагыдай шариат менен жашасак гана бу жашоодо бактылуу болобуз, чын дүйнөдө бейишке чыгабыз деген идеология туташ таңууланып, туш-туштан күпүлдөтө айтылып жаткан кези.
Ушундай шартта алар эмнени окуп жатышат, кимдер окутуп, кайда багыттап жатышат деген суроо кабыргасынан турат. Миңдеген жаштар тыштагы диний багытта деп аталган жайлардан түрдүү идеологияга сугарылып келишти, эми да бир топ кыргыз жаштары тышта “окуп” жатышат. Биротоло кеч болуп кала электе ойлончу маселе. Биз сезмексен, билмексен болгонубуз менен маңдайыбызда калдайып турган кооптуу проблема. Эртең эле, бир-эки ураан ташталса, жапырт баш көтөрүп, жайпап кетме калың кол, толгоп кетме жоочулар, колду боорго алып, алардын айткан амирине баш ийме көпчүлүк негедир бейкапар.
"Не бар, не жок": Борбор Азиянын даярдыгы
Казакстан “Талибан” (Кыргыз Республикасында жана көп мамлекеттерде тыюу салынган террористтик уюм) кыймылы менен кызматташууда, былтыр биргелешкен бизнес-форумду өткөргөн. Казак бийлиги “Талибанды” Казакстан 2005-жылы Жогорку Сотунун чечими менен тыюу салынган уюмдардын тизмесине киргизген эле.
Анткен менен 2023-жылдын соңунда Бириккен Улуттар Уюмунун резолюциясы менен террористтик деп таанылган уюмдарга кирбейт деген жүйөнү айта баштаган Астана быйыл “Талибанды” тыюу салынган уюмдардын тизмесинен биротоло чыгарды. Президент Токаев “Талибдердин режими узак мөөнөттөгү фактор. Соода-экономикалык кызматташтык үчүн бул режим менен эсептешүү зарыл” деп түшүндүрдү (https://www.currenttime.tv/a/kazahstan-taliban/32977060.html). Прагматикалык сөз.
Бирок талибдердин узак убакыт бою таасир этүүчү реалдуулук экени да калетсиз. Кечээки медресинин боз балдары бүгүн күчкө толгон саясий-аскерий күч, бир мамлекеттин башын мыкчып, теребелге сес көрсөтүп турат. Бирок да талибдердин режиминин көп убакытка үстөмдүгү күмөндүү.
Кыргызстан менен Казакстандын шериктеш мамилелер тууралуу келишимге кол коюшкан. Келишимде эки мамлекеттин аймагы жана ресурстары макулдашкан тараптардын суверендүүлүгүнө, коопсуздугуна жана бүтүндүгүнө шек келтирген аракеттер үчүн кимдир бирөөлөр тарабынан пайдаланышына жол берилбестиги белгиленген. Айтмакчы, Астана менен Ташкент да мындан бир аз мурдараак союздаш мамилелерди чыңдоо тууралуу эки тараптуу келишим түзгөн эле.
Казак-өзбек союздаштыгы тууралуу соңку келишимде да эки өлкөнүн бирине коркунуч жараткан учурларда бири-бирине дароо жардамга келет деген жобо белгилениптир. Кыргыз-казак, казак-өзбек шериктештиги үчөөнө тең, ал тургай бүтүндөй регионго кажет иш жана муктаждык. Бул алардын эрки жана кызыкчылыктарынан улам чыккан кадам. Ооганстандагы кырдаал, орус-украин жаңжалы, тынчыбаган жана күч алган терроризм, ага тамырлаш наркотрафик, исламга жамынган террористтик жана экстремисттик топтордун халифат куруу дымагы Казакстанды, Өзбекстанды, Кыргызстанды, Тажикстанды, Түркмөнстанды кадимкидей чочулатып, жарыша куралданууга, не бар, не жок, айтор даяр болууга мажбурлоодо.
Аскерий кызматташуунун жана дароо берилүүчү жардамдын шарттары жана механизмдери башка документтерде аныкталса керек, бирок өз ара мамилелерди чыңдоого багытталган жана аскерий компонентти камтыган союздаштык тууралуу келишимде аткара келгенде оор милдеттенмелер камтылган. Маселен, кыргыз-казак шериктештик келишими дагы бир маанилүү макулдашууну камтыйт, ал – эки өлкө кандайдыр бир үчүнчү жактар менен Кыргызстандын жана Казакстандын коопсуздугуна коркунуч келтире турган ар кандай аракеттерге жана кызматташууга барбоо милдетттенмеси. Бул конкреттүү жобо, оор түйшүк, үчүнчү жактарга келгенде - татаал милдеттенме.
Учурда эл аралык экстремизм жана терроризм коркунучу бир да мамлекетти кыйгап өтпөй, баарыбызды тооруп турганы анык. Андыктан ушул эле аспектиден алганда өзүн исламчыл атаган же исламдын атын жамынган уюмдар үчүн эки өлкөнүн мамилесинде айрым ажырымдар бар. Туура, кыргыз президенти да, казак президенти да салттуу исламга, улуттук иденттүүлүккө, нарк-насилге шек келтирген агымдар жана көрүнүштөр тууралуу окшош пикирлерин удаа билдиришти. Ары коңшу, ары тектеш, радикализм менен фундаментализмдин таасири артып, коркунучун эми гана жон териси менен эми сезе баштаган өлкөлөрдүн башчылары керек сөздү бирдей айтып турганы дурус. Радикалдашууну жана динди жамынган экстремизмди процесс дейли. Экстремисттик жана же террористтик конкреттүү уюмга же агымга карата позицияны кантебиз?
2006-жылы соттун чечими менен “Талибан" кыймылына Кыргызстанда террористтик уюм катары тыюу салынган. Өзбекстанда да тыюу салынган уюм. Ал эми “Таблиги жамаат” аталган, өзүн исламчыл эсептеген агымга Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттерде, анын ичинде Казакстанда экстремисттик агым катары тыюу салынган. Кыргызстан “Таблиги жамаатты” экстремисттик деп эсептебейт. Маселе барбы? Албетте бар. Актуалдашабы бул маселе? Аны мезгил көрсөтөт.
Бирок убакыт десе качан гана ашынган жихадчылар менен халифатчылар, радикалдар менен экстремисттер тигил же бул өлкөнү же Борбор Азияны кайсы бир халифаттын же эмираттын вилайети (областы) деп ураан чакырган учурду күтүү - бери болгондо кенебестик. Айталы, “Ислам мамлекети – Хорасан вилайети” аталган жана таасирин ыкчам арттырып бараткан террористтик уюм Борбордук Азия өлкөлөрүн тээ илгерки тарыхый аталышка таянып жана келечекти мелжеп, "Ислам мамлекетинин (ИГИЛ) Хорасан вилайетинин" ичиндеги аймак деп эсептейт. Демек, эки өлкө гана эмес, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан биргелешип, орток пикирге келип, ушул сыяктуу маселелерди эмитеден чечип алмагы, биргелешкен аракеттерди чындап көрмөгү абзел.
Талибанга жибиген Москва, жинденген Европа
Россия да “Талибанды” террористтик уюмдардын катарынан чыгарууга бет алды. Маселеге президент өзү санкция бергендиктен, мындай демилгени Россиянын тышкы иштер жана юстиция министрлиги көтөрүп отурат. Москва муну менен чектелбейт окшойт. Анткени орус дипломаттары “Талибан” кыймылын толугу менен БУУнун Коопсуздук Кеңешинин санкциялык тизмесинен чыгарбасак да, анын айрым мүчөлөрүн чыгаруу туура болот деген позициясын билдиришти (https://ria.ru/20240604/mid-1950365606.html).
Россия “Талибанды” легитимдештирүү маселесин Борбордук Азия өлкөлөрү менен талкуулай турганын билдирди (https://www.rbc.ru/politics/04/06/2024/665f375f9a7947458a940ab1).
Демек президент Путин бизге орустардын позициясын колдоону сунуштайт. Процесс андан ары уланат. Июнь айынын ортосунда Ооганстан боюнча контакт тобу Дохада көп маселе талкуулайт.
“Талибанды” расмий таануу маселесинин күңгөй-тескейи тууралуу кеп болот. Демек “Талибандын” эл аралык укуктук-саясий статусу күн тартибине жаңы тепкичке көтөрүүгө аракеттер күчөөдө. Бирок Европанын бул террористтик топту Ооганстандын легитимдүү бийлиги катары таанып жибериши кыйын. Азырынча реалдуу эмес.
Европада антимиграциялык маанай күчөп, улутчулдук риторика өктөм чыгууда. Ультра оңчулдар, улутчулдук маанай Европа калкынын мурдагы колониялык ээлигинен агып келген мигранттарга карата аргасыз реакциясы. Мусулман аймактарынан келген мигранттар калктын аз эмес бөлүгүн түзүп, өз баалуулуктарын таңуулоодо.
Ошол эле учурда, добуш үчүн баарын курмандыкка чалууга даяр популисттик саясий элита менен исламчыл күчтөрдүн лоббиси жарнакташып кетпешине эч ким кепил боло албайт. Саясатчылар сатылма калк деген атка конгону нечен заман жүзү болду. Эмки доордо либерализм, адам укуктар, толеранттуулук сыяктуу насили жакшы, прогрессивдүү, бирок тез бурмаланма, оңой пайаланма ураандардын шылтоосу менен “көпчүлүктүн көөнү үчүн” талибандары эмес, андан ашкан жоочулдарды деле колдоп, ал тургай тааный коймогу реалдуу нерсе.
Кытай да жакын арада тааный койбойт. Ислам экстремизми өтө чоң коркунуч экенин Бээжин эң сонун билет, баарыбыздан жакшы түшүнөт. Экономикалык жактан кызматташып, Кытайга пайдалоуу соодасын жүргүзүп, Ооганстандын кен байлыктарын пайдалана берет, бирок ислам экстремисттери тараптан кандайдыр бир идеялардын жайылышына жол бербейт. Тышка товар ташылат, кызмат көрсөтүлөт, ичке чийки зат агат, бирок исламчыл, экстремисттик идеялар Кытайдын эмки замандагы бекем сепилинен өтпөйт.
Талибандын эл-аралык укуктук статусунун өзгөрүшүнө ар кайсы мамлекеттеги исламчыл күчтөрдүн ачык жана тымызын аракеттеринен тышкары, бизнес чоң өбөлгө болмогу анык. Бизнес деген өжөр күч, өктөм нерсе. Жон Кеннеди айткандай бизнесмендер териси калың, бир гана принципке – пайда табууга кызыккан калк - “Все бизнесмены – сукины дети”. (Жеймс Дуглас. Зачем убили Кеннеди. Правда, которую важно знать. -М., 1019).
Андыктан пайда көксөгөн бизнес чөйрөсү өз өкмөттөрүн “Талибан” менен кызматташууга үндөй бермеги турулуу иш. Согуш азап-тозок, кайгы-муң, трагедия, бирок да айрымдар үчүн кызылдай акча, эсепсиз пайда.
"Жихадчыларды шыктандырат"
“Талибанды” коңшу Казакстан жана Россия тыюу салынган террористтик уюмдардын катарынан чыгарышы аймакка катуу таасирин тийгизет. Жихадчылар менен халифатты энсегендерди шыктандырат.
Сузактын Бек-Абад айылында Кыргызстандын желегинин өрттөлүшү эси жок жаштардын бейбаштыгы эмес, радикалдык жана экстремисттик топтордун демонстрациясы, чакырыгы, саясий акция. Биринчи жолкусу эмес.
Өрттөлгөн балатылар, Ноорузга, Жаңы жылга каршы акциялар, ИГИЛдин желектерин желбиреткен учурлар, хижаб кийүүгө үндөөлөр, аялдарга карата зордукка кыздардын кийимин айыптоолор, социалдык тармактардагы жихадчыл жана халифатчыл давааттар, кыскасы улам күчөп бараткан тенденция мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкулов сыяктуу акылгөйлөр айткадай динге карата туура эмес саясаттын, ашкере келишүүчүлүктүн, добуш үчүн оюндардын жана жоопкерсиздиктин натыйжасы.
Шариатка негизделген ислам мамлекетин түзүү өзүн исламчыл атаган экстремисттик жана терорристтик уюмдардын, күчтөрдүн, топтордун жар салган идеясы, саясий программасынын өзөгү.
"Мусулмандар бөөдө кыйналды, азап чегүүдө, алланын жолунан адашты, эзүүгө тушугуп, кор болду, абийири кетти, ушунун баарынын түпкү себеби - халифаттын кулап калышы жана каапыр системалардын ("демократия - куфр система") үстөмдүгү. Эми исламдын бүткүл дүйнөдөгү үстөмдүгүн орнотуу жана халифатты калыбына келтирүү зарыл. Бул жараткандын буйругу, каалоосу жана эрки, пайгамбардын осуяты, мусулман баласынын ыйык парзы. Халифат сөзсүз орнойт, анткени ал адамзат көксөгөн эӊ адилеттүү, акыйкат, калыс, таза, жаратканга жаккан жападан жалгыз башкаруу системасы. Баарыбыз даваат, үгүт, саясий күрөш жана эӊ башкысы, куралдуу жихад аркылуу бирге күрөшүүгө тийишпиз".
Өзүн исламчыл атаган же исламдын атын жамынган экстремисттик уюмдардын кыскача идеологиялык концепти ушундай. Ушул жөнөкөй жана түшүнүктүү идеяны бекемдөө, аудиторияга жеткирүү, аны ынандыруу үчүн "исламчылар" түрдүү жолдорду, заманбап пропагандалык каражаттарды жана ыкмаларды (интернет-мемдерди, постторду, креолдошкон тексттерди, иллюстрациялуу кыска тексттерди, видеосюжеттерди ж.б.) кеӊири колдонот. Ошентип өз идеяларын таратат, жайылтат, таӊуулайт.
Эӊ кеӊири тараган ыкмалардын бири - бул учурдагы баардык терс көрүнүштөрдү (коррупция, паракорчулук), социалдык, экономикалык кыйынчылыктарды (жакырчылык, жумушсуздук, кымбатчылык ж.б.) экологиялык жана табигый кырсыктарды, ал тургай жугуштуу илдеттерди да колдонуп, мисал келтирип, исламга негизделбеген коомдук, саясий, укуктук, маданий системаларды (адатта алар "бузук", "куфр", "жараксыз", "чирик", "зулум", "каргыш тийген" саясий түзүмдөр деп аталат) дискредитациялоо, жек көрсөтүү жана шариатка негизделген ислам мамлекети - халифатты даӊазалоо, аны орнотууга үгүттөө жана күрөшкө үндөө.
Азыр интернеттеги, социалдык желедеги посттор, комментарийлер, интернет-мемдер ж.б. маалыматтардын көбү ушул теманын тегерегинде. Бейбагыт коомго исламчыл аталган топтордун идеясы тез сиңди, масштабдуу жайылды. Кыргыз коомчулугу болуп көрбөгөндөй деградацияга учуроодо. Ансыз деле эл кыйналып турган чакта, билими тайкы, улуттук, жарандык иденттүүлүгү алсыз адамдарга мындай түшүнүктүү, жөнөкөй идея бат сиӊип, тез ынандыруучу кудуретке ээ.
Эгер мындай тенденциянын арышы катуулай берсе, өлкөнүн келечеги кандай болот? Конституциялык түзүлүштүн негиздеринин сакталышы сыноого кабылат, светтик деген түшүнүккө доо кетет.












