"Кен байлыктарга бай өлкө". Кыргызстан Афганистандын тоо кендерине кызыгууда

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Данияр Амангелдиев менен Афганистандын тоо өнөр жай жана мунай министри Шахабуддин Делавар. Кабул, 25-январь 2024-ж.

Сүрөттүн булагы, mineconom.gov.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Данияр Амангелдиев менен Афганистандын тоо өнөр жай жана мунай министри Шахабуддин Делавар. Кабул, 25-январь 2024-ж.

Кыргызстан менен Афганистан менен тоо кендерин биргелешип иштетүү жөнүндө жыл башынан бери эле сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келатат. Афганистанды “Талибан” кайрадан башкарып калгандан бери Кыргызстан үч жолу гуманитардык жардам жиберди. Расмий Бишкек өткөн айда “Талибанды” террордук уюмдар тизмесинен чыгарганын билдирип, Кабулдун расмий өкүлү Нурулла Аминди кабыл алды.

“Талибан” жөнүндө расмий билдирүүдөн мурда эле жыл башында Бишкек Кабулга соода-экономикалык маселелерди сүйлөшүү үчүн өзүнүн делегациясын жиберген. Экономика жана коммерция министрлиги менен Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайынын өкүлдөрү январда бир катар ишкерлерди кошуп алып, Кабулга барып келишкен.

Биринчиден, Афганистан географиялык жагынан Кыргызстанга жакын өлкө, региондогу коңшу өлкөлөр менен жакшы алакада болуш керек. Экинчиден, Афганистандын аймагындагы Чоң жана Кичи Памирде этникалык кыргыздар жашайт, алардын тагдырына Бишкек кайдыгер боло албайт.

Үчүнчүдөн, Афганистан катышып жаткан эл аралык бир катар инфраструктуралык долбоорлор Кыргызстандын да кызыкчылыгын жаратууда. Сөз эң оболу Кыргызстандан Түштүк Азия өлкөлөрүнө электр энергиясын экспорттоо каралган CASA-1000 долбоору, ошондой эле транспорттук коридорлор жөнүндө болууда.

Кабулдагы жолугушуулар

Сүрөттүн булагы, mineconom.gov.kg

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Кабулга барган сапарында афган өкмөтүнүн өкүлдөрү менен, анын ичинде административдик иштер боюнча вице-премьер, тышкы саясатты караган жетекчилери, Тоо өнөр жайы жана мунай министрлигинин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Ошол сүйлөшүүлөр убагында кыргыз тарап афган жериндеги кен байлыктарды, атап айтканда темир, сурьма жана мунай кендерин биргелешип иштетүү жөнүндө ниет-сунуштарын билдирген. Тараптар активдүү кызматташуу, адистерди окутуу семинарларын өткөрүү тууралуу макулдашкан.

Афганистандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен жолугушууда соода-экономикалык мамилелерди колго алуу, атап айтканда инвестициялар, транспорт жана энергетика тармагында кызматташуу тууралуу сөз болгон. Так ушул тармактар боюнча эки өлкө тең эл аралык долбоорлорго катышып жатканы белгилүү. Ошондой эле эки тараптуу байланыштар да талкууланган. Атап айтканда чакан жана орто бизнес тармагында алака-катышты күчөтүү керектиги айтылган.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Данияр Амангельдиев Афганистандын административдик иштер боюнча вице-премьер-министри Абдул Салам Ханафи менен дагы жолугуп, андагы сөз негизинен Памирдин чокусунда климаттык оор шартта жашап жаткан этникалык кыргыздар жөнүндө болгон.

Айыл жана суу чарба, кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Маил Алияскаров дагы Кабулда бир катар расмий адамдар менен жолугушууларды өткөрүп, кызматташуунун жолдорун сүйлөшкөн.

Мындан сырткары, экономикадагы жакындашуу, тамыр тартышуу Афганистандын соода-өнөр жай палатасындагы жолугушууда эки өлкөнүн ишкерлеринин жолугушуусунда болгон. Кыргызстан үчүн Афганистан жаңы перспективдүү рынок катары дагы, чоң потенциалы пайдаланылбай жаткан экономикалык өнөктөш катары дагы кызык болууда.

Афганистандын бизнес коомчулугу өз кезегинде Кыргызстандан электр товарларын, дары-дармекти, кант, ун, кездеме жана кийим-кеченин импортуна кызыгып турганын билдирген.

Тоо-кен тармагындагы кызматташтык тууралуу августтун башында Өзбекстандын Термез шаарындагы Эл аралык соода борборунун ачылышында дагы сөз болгон. Бул иш чарага барган Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Назарбек Малаев Афганистандын өнөр жай жана соода министринин милдетин аткаруучу Нуриддин Азизий менен жолугушкан болчу.

Афганистан кен байлыктарга бай өлкө. Бадахшан провинциясында Яфтал-Суфла округундагы тоолордо жергиликтүү тургундар алтын чайкап жатат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Афганистан кен байлыктарга бай өлкө. Бадахшан провинциясында Яфтал-Суфла округундагы тоолордо жергиликтүү тургундар алтын чайкап жатат.

"Тартип орноду"

Афганистан дегенде Кыргызстанда террордук актылардан кан төгүлүп, аялдар жапырт эркектердин эзүүсүнө алынып жаткан караңгы, тынчы жок өлкөнү элестетишет. “Талибан” келгени анда кырдаал тынчып калганы жөнүндө эч кимдин деле иши жок. Бирок эл аралык кырдаалдан кабары бар адамдар Борбор Азиядагы коопсуздук Афганистандагы кырдаалга тикелей байланыштуу экенин түшүнөт.

"Афганистан кен байлыктарына эң бай өлкө. Анда литий, жез, мунай кендери бар. Эксперттер аны литийдин Сауд Аравиясы деп бекеринен аташкан жок. Кыргызстан Афганистан менен тоо кен боюнча иштесе, бул абдан чоң иш болот. Келечектүү иш болот. Талибдер келгени Афганистанда тартип орноду. Демократияны четке эле кагып коюш керек. Тартип болбосо болбойт",-деди Кыргызстандын Афганистандагы мурдагы элчиси Мирослав Ниязов.

Мурдагы элчинин айтымында, талибдер келгенге чейин Кытай менен Канада бул жакта 3 миллиард доллар наркында кен байлыктарды өздөштүрүү жөнүндө келишимдерге кол коюшкан. Бирок иштей албай келишти.