"Тынчтыктын символу". Бириккен Улуттар Уюму жана Кыргызстан
Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гуттериш Борбор Азия боюнча сапарынын алкагында Кыргызстанга келип, Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаров менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Садыр Жапаров Туруктуу өнүгүү боюнча БУУнун Кыргызстан менен кызматташтыгы өлкөнү өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү улуттук стратегиясына киргизилгенин айтты.
Жапаров андан соң Кыргызстан БУУга мүчө 166 мамлекеттин ичинен 45-орунду ээлегенин, 2030-жылга чейин алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кирүүнү максат койгонуна токтолду.
Жапаров ошондой эле тышкы карызды “жашыл” долбоорлор аркылуу реструктуризациялоону сунуштап, тынчтыкты, туруктуу өнүгүүнү жана адам укуктарын камсыз кылуу үчүн БУУ менен өнөктөштүктү бекемдөөгө умтуларын кошумчалады.
БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш экономикалык өнүгүүнү жана маселелерди дипломатиялык жол менен чечип жатканын кубаттап, Кыргызстанды тынчтыктын символу атады.
“Мен Кыргызстанда бир нече жолу болдум, бирок мындай динамизмди көргөн эмесмин, силердин өлкө “уйкудагы сулуу” болчу эле, азыр күлүк атка айланыптыр”, – деди Гутерриш.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Эмдиги жылы 24-октябрда Бириккен Улуттар Уюмунун түзүлгөнүнө 80 жыл толот. Глобалдык ушул уюмга мүчө болуу кыргыз дипломатиясы үчүн өзгөчө мааниге ээ болгондуктанбы, айтор БУУнун түзүлгөн күнү биздин өлкөдө дипломаттардын күнү – кесиптик расмий майрам болуп эсептелет.
Биринчи дүйнөлүк согуштан соң келечекте согушту болтурбоо максатында Версал келишими менен түзүлгөн Улуттар Лигасынын ордуна уюшулган, бүткүл дүйнөдө тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздоо миссиясын аркалаган уникалдуу уюм.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Максаты, тилеги жакшы Бириккен Улуттардын алгачкы Декларациясына биринчилерден болуп АКШ, СССР, Улуу Британия жана Кытай кол койгон. Бүгүн СССРдин мураскери Россия АКШ жана Европа менен кыл чайнашып кармашып, Украинанын аймагында согушуп жатат. Кытай менен АКШ тирешип турат. Айтмакчы ушул атаандаш 2 мамлекеттин төлөгөн мүчөлүк акысы БУУнун жалпы бюджетинин 32% ашыгын түзөт. Уюмдун орток казынасы 40ка чукул пайызы өнүккөн 12 өлкөлөрдүн мүчөлүк акысынын эсебинен топтолот. Ал эми БУУга мүчө калган 178 мамлекет биригип 30га жетпеген пайызын төлөйт. Анын ичинен болбогон сумма кошкон же чака тыйын салбаган жакыр мамлекеттер көп жылдар бою БУУнун жардамын алып келет.
Жардамга муктаж болуу кордук. БУУнун тигил же бул агенттигине баланча миллион гранттык жардам алдык деп ийгилик катары жар салынганда эле дипломатияга, эл аралык саясатка аздыр-көптүр тиешеси бар кишилер артында эмне жатканын, мамлекеттин жана улуттун аброюна кандай кесепети бар экенин илгиртпей туюп, арман күү чертпесе да, ичтен сызат.
1996-жылы Тышкы иштер министрлигинде өткөн Кыргызстандын элчилеринин кеңешмесинде Түркиядагы элчибиз Төлөмүш Океев (анда элчилердин көбү залкар инсандар эле) “Суверендүү Кыргыз Республикасынын туусунун түбүндө туруп, жардам сураганыбыз уят” деген эле. Ал кезде, эркиндик менен көз карандысыздык калыбына келген алгачкы жылдары жаш республика жардамга муктаж болгону анык. Бирок андан бери нечен суу акты, далай заман өттү. Эми жардамга муктаж бечара мамлекет статусунан баш тартып, дүйнөлүк аренада жигердүү аракеттенген, эл аралык мамилелердин жоопкерчиликтүү жана татыктуу субъектиси, кудуреттүү өлкө болууга мезгил эбак жеткенин түшүнүү зарыл. Башында акылы, белинде кубаты, колунда оокаты, короосунда малы туруп, карып болуу кийинки муунда өксүк комплексин жана калк ичинде тыштан, башкалардан колдоого муктаждык маанайын жаратат. Мындай аш сурама коомчулук бүгүн жыргабайт, эртең жыргатпайт. Өлкө башчылыгынын көп шансты колдон учуруп, бир топ артта калыптырбыз, өнүккөн мамлекет болууга тийишпиз деген чакырыгы үмүттөндүрөт жана ишеним жаратат (президент С.Н. Жапаровдун кайрылуусу. Эл.булак: Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Элчилиги).
БУУ бизден жардамын аяган эмес

Сүрөттүн булагы, nashagazeta.ch
Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмуна 1992-жылдын 2-мартынан тартып толук укуктуу мүчө. Алгачкы жылдар кызматташуу ургаалдуу жүрдү. Кыргызстан БУУнун институттар системасы менен кызматташуунун ылайыктуу форматын таба алды. Маселен, мүчө болгон 1992-жылы эле жайында БУУнун ЮНИСЕФ жана БУУнун Өнүктүрүү прораммасы менен эки тараптуу келишим түзүлдү. 1993-жылы БУУнун тутумундагы агенттиктерди Туруктуу координатору негизделди, БУУнун өкүлчүлүгү ачылды. Бүгүн Кыргызстандагы агенттиктер системасы тармактык агенттиктер, фонддор, программалар сыяктуу бизде туруктуу иштеген 21 институтту кучагына камтыйт.
БУУ Кыргызстанга кудайга шүгүр эле жардам берди. Саясий, экономикалык жана укуктук реформалар, саламаттык сактоо, билим берүү, сот системасы, айыл чарбасы, транспорт жана ифраструктура, ал тургай акыр-чикирден арылуу, канализацияга чейинки ар түрдүү багыттарда БУУнун саясий колдоосу, акчалай жана техникалык жардамы эбегейсиз болду.
БУУ Кыргызстандагы институттары Кыргызстанга 2000-2005-жылдары 322,7 млн доллар, 2007-2012-жылдары $277 млн доллар, 2010-жылы 2018- 2021-жылдары 195 млн доллар. Бул тикелей жардамдары. Гуманитардык жардам, техникалык жардам, айтор ар түрдүү формадагы жардамдар.
Мисалы, 2005-жылдан 2018-жылга чейинки гранттын суммасы 517 миллион доллар. Ошол мезгилдеги ар бир жылга карата республикалык бюджеттин 5 % жакын бөлүгү БУУнун гранты, башкача айтканда жардамдын бир гана түрү болуп жатпайбы. Ал эми БУУнун мекемелери, мисалы Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы (аты уйкаш фонду башка) 2012-2022-жылдар ичинде 100 млн доллар жардам берген. Бул түбү Орусия өкмөтү берген каражат. Башкача айтканда ар кайсы мамлекеттер БУУнун тигил же бул долбоору аркылуу жардамын эске алганда, БУУдан тике же БУУ агенттиктери, долбоорлору, программалары аркылуу агылган акча арбын.
2010-жылдагы июнь трагедисында БУУ Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүүгө 90 миллион доллар бөлдү. Атайы программа кабыл алып, фонд түздү. Кенебестиктен жана маани бербегендиктен улам Кыргызстанда тынчтыкты орнотуу” фонду деп аталды, тилекке каршы. Согуштан кийинки учурдагыдай аныктама берилди. “Кыргызстандагы тынчтыкты бекемдөө” деп аталышы керек эле. Ошол бойдон эл аралык документтерде, баяндарда, маалымат каражаттарындагы маалыматтарда “тынчтыкты орнотуу” аныктамасы колдонулуп келүүдө. Беделибизге доо кетирген аныктама. Бул мисал окуяларды баяндоодо же ар кандай аныктамаларга өтө сак мамиле жасоо зарылдыгын билдирет.
Эгерде БУУнун жардамын интернеттен издесе, “БУУ Кыргызстанга жардамы эселеп өстү, көбөйдү, БУУ тигил же бул тармакка баланча миллион каражат бөлдү, грант берди” деген аталыштагы макалалар жабалактап чыгат. Кыскасы БУУ бизден жардамын аяганы жок, кептин баары берилген жардамдары максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууда өзүбүз шалакылык кылган учурларыбыз аз эмес.
Кыргызстандын БУУдагы демилгелери
Кыргызстан БУУнун түзүмдөрүнө кирген өлкө. Мисалы ЮНЕСКО, Кылмыштуулуктун алдын алуу жана сот акыйкаттыгы боюнча Комиссия, Айымдардын абалы боюнча Комиссия, Адам укугу боюнча Кеңеш сыяктуу БУУнун абройлуу мекемелеринин анык мүчөсү. Кыргыз Республикасы БУУнун деңгээлиндеги эл аралык укуктук системанын толук кандуу субъектиси. Биздин өлкө эл аралык келишимдерди, конвенцияларды жана декларацияларды кол коюп, ратификациялаган. Ошол документтерди тааныган өлкө жана БУУнун мүчөсү катары эл аралык деңгээлдеги чечимдердин кабыл алынышына тике таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Кыргызстан БУУнун Генералдык Ассамблесясынын сессияларына, дүйнөлүк саммиттерге жигердүү катышып келет. Кыргыз Республикасы Борбордук Азия мамлекеттеринин ичинен БУУнун тынчтык операцияларына катышкан жападан жалгыз өлкө. Албетте, аскерлерибиз жанжал чыккан жерлерде ок атып салгылашканы же окко учуп курман болгону жок, бирок тынчтык операцияларын жүргүзүү тажрыйбасына ээ болду, тынчтыкка умтулган жана тынчтыкты орнотууга кызыктар жана жөндөмдүү экенин ырастоого мүмкүнчүлүк алды.
Кыргыз Республикасы дүйнөлүк масштабдагы орчундуу демилгелердин автору. Бул сыймык жана жоопкерчилик. Демилгелер жөн гана бийик трибунадан айтылып тим калганы жок, БУУга мүчө мамлекеттердин колдоосуна ээ болду.
Мисалы, 1995-жылы БУУнун Генералдык Ассамблеясынын сессиясы “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын белгилөө” тууралуу резолюция кабыл алды. Биздин маданий баалуу мурас тышкы дүйнөгө расмий чечимдин негизинде даңазаланууга мүмкүнчүлүк алды. Биз дүйнөнү таанып, дүйнө бизди таанып жаткан ошол кезде бул резолюциясынын мааниси өтө терең болгону талашсыз.
Ал эми 2001-жылы кыргыз дипломатиясы чоң жеңишке ээ болду. Генассамблея “Кыргыз Мамлекеттүүлүнүн 2200 жылдыгын белгилөө” тууралуу резолюция кабыл алды. Добуш берүү жөн өтпөйт, ар бир делегацияны ынандырыш керек, демилгени негиздеш кажет, сунушталып жаткан идеяларды жана аныктамаларды тастыкташ керек. Дүйнө коомчулугу биздин мамлекеттүүлүктүн байыркы экенин тааныды.
Дүйнөгө Кыргыз Мамлекети мындан 2200 жыл мурда түзүлгөн деп жар салып, эл аралык коомчулукту ынандырып алып, эми БУУнун резолюциясын аткарбай, XX кылымдын башындагы республиканын түзүлүшүн кыргыз мамлекетинин түптөлүшү десек кечиримсиз ката, бейжоопкерлик. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн XX кылымдын башындагы тарыхы тууралуу тууралуу кеп кылганыбызда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жаңы доордо, жаңы форматта калыбына келиши дегенибиз укуктук, саясий, тарыхый аспектилерден караганда туура. Мамлекеттүүлүктүн да, Көз карандысыздыктын да калыбына келиши – талашсыз тарыхый факт, укуктук – акт, саясий реалдуулук.
Дүйнөлүк табиятка жана экосистемага гана эмес, эл аралык экономикага жана этномаданий көп түрдүүлүктү сактоого жана баалоого өтө чоң таасир эте турган дагы бир глобалдык демилгебиз – бул Эл аралык тоо жылы. 2002-жылы БУУ кабыл алган чечим резолюция менен токтоп калган жок. Бул ирет Кыргызстан туруктуу аракеттенип, улам кийинки сессияларда “Тоо жылын өткөрүүгө даярдыктар”, “Тоолуу аймактардагы туруктуу өнүгүү”, “Тоолуу аймактардагы жакыр жашаган өлкөлөргө колдоо көрсөтүү”, “Тоолуу өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүүсү” сыяктуу резолюциялардын кабыл алдырууга жетишти. 2009-жылы кабыл алынган “Социалдык адилеттүүлүктүн Бүткүл дүйнөлүк күнү” да Кыргызстандын демилгеси“.

Сүрөттүн булагы, Official
БУУнун башкы ассмамблеяларында Кыргызстан демилгелеген өтө орчундуу демилгелердин катарына “Борбордук Азиядагы радиациялык коркунучтун алдын алууда эл аралык коомчулуктун ролу” кирет. Биздин өлкө андан тышкары уран калдыктарына каршы аракеттер, терроризмге жана наркторафикке каршы күрөштүн проблемалары, гидроэнергетикалык ресурстарды натыйжалуу сыяктуу актуалдуу демилгелерди БУУнун трибунасында көтөргөнү, дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруп, ынандырганы белгилүү.
Роза Исаковна Отунбаева айткандай БУУнун трибунасында акылың төгүлүп, жылдызың жанып, мандайып жаркып туруш керек. Бирок дайыма эле андай боло бербейт. Керектүү учурда, тигил же бул позицияны кыйыр же ачык билдирип, агер өлкөңдүн кызыкчылыктарына шек келе турган болсо эмоциялык билдирүү жасап, ал тургай сессияны таштап, чогулган жерден чыгып кетип, айтор демарштарды кылууга туура келет. Муну башка делегация баалайт, айыптайт же туура кабыл алат, кыскасы түшүнөт. Бирок асты калп менен эки жүздүүлүк жарашпайт, өлкөгө аброй алып келбейт. Жалган кеп унутулбайт, институционалдык жана документалдык эс тутум иштей берет, канча бир жылдан кийин да сөздү кем кылат, ыңгайсыз суроо берилет же санкцияга тушугат. Түлкүгө жем болгон Майтокочтун (“Колобок”) жомогундагы накыл реалдуулукка айланат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн булагы, mfa.gov.kg

Сүрөттүн булагы, mfa.gov.kg
Президентибиз Садыр Жапаров 2022-жылы “Тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгын” сунуштап, БУУнун башкы Ассамблеясы тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн 2023-2027-жылдарга атайы планын бир добуштан бекитти. Эң негизгиси, бул ирет кыргыз дипломатиясы жаңы ыкманы колдонуп, Кыргызстандын демилгеси катары таанытып, бирок көпчүлүк мамлекеттерди өз идеясына авторлош кылганы. Республика жетекчилигинин “БУУ жана Борбордук Азия” форумун, “1000 тоолу айыл”, “жашыл экономика”, санариптештирүү, климаттык өзгөрүү боюнча кызматташуу сыяктуу маанилүү демилгелери БУУнун Генералдык Ассамблеясында жактырылды. Ошондон улам биздинр демилгелер бизге келген же бизден барган делегациялардын жолугушууларында талкууланып, күн тартибинде жүрөт.
Антонио Гуттериштин сапары
Кыргызстанга келген үчүнчү Башкатчы. Кыргызстанга дүйнө коомчулугу демократиялык мамлекет катары ишеними бекем кезинде, 2002-жылы Кофи Аннан жубайы Нани Аннанды ээрчитип Кыргызстанга келген эле. Кофи Аннан эки мөөнөт иштеген баш катчы.

Сүрөттүн булагы, БУУнун сайтынан алынды

Сүрөттүн булагы, БУУнун сайтынан алынды

Сүрөттүн булагы, БУУнун сайтынан алынды
Антонио Гуттериш да экинчи мөөнөткө 2022-жылы шайланды. Антонио мырза Бишкекке Качкындар боюнча Жогорку комиссар кезинде бир ирет, Башкатчы катары 2017-жылы келген. Эми 3-жолу биздин ордо калаага ат тизгинин буруп отурат. Антонио Гуттериш дасыккан саячсатчы, тажрыйбалуу дипломат. 1995-2022-жылдары премьер-министр болуп иштеген кезде Португалиянын экономикасы кыйла өскөн. Либералдык экономиканын жана приватташтыруунун жактоочусу.
Чыгыш Тимор Азия-Тынч океан аймагындагы чырлуу проблема. Дал ушул өлкөнүн көз карандысыздыгы Антонио Гуттериштин дипломатиясынын жемиши. Гуттериштин саясатынын натыйжасында Португалия ээлеп келген Макао (Аомын) аймагынан баш тартып, Кытайга өткөрүп берет. Мөөнөтү келдиби, же ажыраган колониялар, балким антиаборттук референдумдар менен административдик реформалар популярдуу премьерди аксаттыбы, айтор анын партиясы кийинки шайлоодо утулат. Гуттериш өкмөт башчылыктан кеткен соң эл аралык уюмдарда иштейт. Дээрлик 10 жыл БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссары милдетин аркалайт. 18 өлкөнүн жогорку мамлекеттик сыйлыктары, анын ичинде 2017-жылы 1 сентябрда Кыргыз Республикасынын “Достук” ордени менен сыйланган. Антонги Гуттериштин ушул жолку сапарында биздин жетекчилик менен талкуулай турган маселелер арбын. Адам укуктары, сөз эркиндиги кеп болору турулуу иш. Бирок да айрым жагдайларга көңүл бөлүү абзел.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
1. Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюму менен буга чейинки кызматташтыгы БУУнун колдоосу, Бишкектин глобалдык демилгелери менен коштолду.
2. Эми кызматташтык дүйнөдө геосаясий, экономикалык, климаттык ири өзгөрүүлөр, ири державалар ортосунгда тирешүү апогейине жеткен учурда уланмакчы. Регионалдык жана глобалдык чоң процесстер кызматташуунун мүнөзүнө тасир этери бышык.
3. Андан тышкары, БУУ өзү да реформага муктаж болуп, чыныгы глобалдык жана чечимдери мыйзамдуу күчкө ээ, таасирдүү уюм катары статусун бекемдөөгө аргасыз болууда.
4. БУУнун ролун уюм өзү гана эмес, ири мамлекеттер аныктайт окшобойбу. 2000-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын “Миң жылдыктын декларациясында” эл аралык жана ички маселелерде мыйзамдын үстөмдүгүнө жетишүүгө баарыбыз чечкиндүү күрөшөбүз деп жарыяланган. 2010-жылы Башкы Ассамблеянын 65-сессиясында мыйзамдын үстөмдүүлүгүнө басым жасалган. Бирок эл аралык мыйзамдардын жана универсал принциптердин сакталышын камсыздоо оор проблемага айланууда. Ушул өзөктүү принциптер ченемдик-укуктук аныктамалар менен бекемделбегендиктен айрым мамлекеттер жана эл аралык органдар өз кызыкчылыктарына жараша аракеттенип жатышат дечүлөр да арбын.
Анткени, ошол мыйзамдарды сактоого тийиш мамлекеттердин ар биринин өз чындыгы бар. Ошол мыйзамдардын сакталышына кепил болгон эл аралык институттардын алы жетпей туру. Себеби ошол институттардын мүчөлөрү бир эле көрүнүштү ар башка баалап, карама-каршы позицияда. Жогоруда айткандай бирөөлөр аннексия десе, экинчилери элдин мыйзамдуу мүдөөсү дейт. Глобалдык атаандаштык, каршы туруу шартында эл аралык укуктун жоболорун сакталбай жатышы коркунучтуу прецедент, кооптуу проблема. Мыйзам менен кызыкчылыктардын кагылышы эзелки көйгөй. Эмки заманда масштабы кеңейди, түрдүү формага ээ болду.
Ушул коллизияларды жана проблемаларды чечүү зарыл. Мамлекеттердин территориялык бүтүндүгү менен элдердин өз тагдырын өзүн аныктоо принциптери карама-каршы келиши ыктымал. Дүйнөнүн саясий картасы чийилип, мамлекеттердин чектери сызылып бүтө элек. Баардык континенттерде өз алдынча мамлекеттүүлүккө умтулган ондогон ири этностор, этноконфессионалдык, этносаясий топтор аз эмес. Европанын өзүндө да сепараттык тенденциялар бар.
5. Мамлекеттердин ички ишине кийлигишүүнүн шарттары жана чектери да так аныкталуусу абзел. Ушул аныктамалар камтылган БУУнун уставы да балким өзгөртүлүшү керек. БУУ Коопсуздук кеңешин кеңейтүү демилгесин бир топ мамлекет сунуштап келет. Соңку ирет Түркия эмоционалдык маанайда көтөрдү бул маселени. Кыргыз бийлиги БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине жана Коопсуздук кеңешинин мүчөлүгүнө өз кандидатурасын буга чейин сунуштаганы белгилүү. Бир ууч мамлекет эле чечим кабыл ала бербеш керек, БУУ алты мамлекет эмес, жалпы дүйнө мамлекеттеринин уюму деп буркулдаган былтыр түрк лидери Эрдоган. Коопсуздук кеңешинин курамын, укуктары менен милдеттерин, чечим кабыл алуу, аткарылбаса жоопкерчилигин кароо мехнизмдери да БУУнун жаңыртыла турган уставында даана белгиленүүгө тийиш.
Ошентип, эл аралык мамилелерди укуктук жөнгө салуу зарылчылыгы менен учурдагы укуктук кырдаалдын ортосунда айырма итапкан. Укуктук ченемдерди өзгөртүү ишинде улутук мыйзамдардан жогору турган жоболор менен улуттук мыйзамдардын шайкештиги талаш жаратат. Муну да талкуулап чечсе болот. Ансыз конфликтик кырдаалда ар ким каалагандай интерпретациялаганга кенен мүмкүнчүлүктөр сакталып кала бермеги анык.
Бул ишти идеологиялык жана саясий догмалардан башы бош илимий негиздүү күн тартибин түзүп, ошол тартипте алдыга жылдыруу абзел. Адегенде эл аралык укуктук конференцияларда талкууланып, орток пикирге келген соң БУУнун чоң жыйынында кабыл алынышы керек.
6. Эл аралык укуктун, анын ичинде БУУ бардык системалары суверендүү мамлекеттердин келишимдери менен түзүлгөн. Мамлекеттер гана ушул келишимдерди иштеп чыккан легитимдүү саясий субъекттер. Мамлекеттер аралык мамилелер мамлекеттерге жараша. Суверендүү мамлекеттердин биримдиги болгон соң ошол мамлекеттер аралык мамилелерди жөнгө салуучу орток жоболордун тутумун түзүп алуусу абзел.
Мынга ушул өндүү маселелер калдайып Бириккен Улуттар Уюмунун мандайынан чыкты. Уюм менен кызматташууну илгерилетүү менен катар, биз тараптан БУУнун таасирин арттыруунун жогорудагы жолдору жана башка идеялары сунушталып, талкууланмагы изги иш.
Алмаз Кулматов, тарыхчы, коомдук ишмер












