"Төлгөсү" төп келген театр, жаңы сериалдар, оор жоготуулар... Узаган жылы маданиятта эмнелер болду?
Мээрим Догдурбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыргызстанда 2022-жыл маданият тармагы бир топ жаңы ийгиликтер, эл аралык деңгээлдеги жетишкендиктер, жаңы чыгармалар менен байыды. Аны менен катар оор жоготууларга дагы учурады.
Би-Би-Си өткөн жыл маданият жааты эмне менен эсте калганын учкай баяндап берет.

Сүрөттүн булагы, official
Кыргыз өзү түптөгөн “Көчмөндөр оюндарына” Түркияга барды
“Чу” дегенде эле бир кезде Кыргызстан өзү баштаган “Көчмөндөр оюндары” эске келди. Бул жылы Түркияда өткөн оюндарга Кыргызстандан жалпы 148 спортчу 14 спорттун түрүнөн катышып, 58 медаль жеңген. Анын ичинен 16 алтын, 17 күмүш жанан 25 коло медаль.

Бирок Көчмөндөр оюндарына Кыргызстандын көкбөрү командасы өзүнүн аттарын алпара албай калган. Анын ордуна Түркиядан 24 ат жалданмай болгон. Бул тууралуу Би-Би-Сиге ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов өзү ырастаган эле. Бул жагдай кыргыз көкбөрүчүлөрүнүн оюнуна, даярдыгына канчалык кесепети тиет деген күйөрмандарда чоң суроо жараткан.
Кызыгы, көк бөрү боюнча Кыргызстандын башкы атаандашы болгон Казакстандын аттары да барбай калган. Мындан улам эки тараптын тең абалы бирдей. Эми чет жерде күч сынашып көрүшсүн деп турду. Кыргыздардын “көк бөрүсү” боюнча өзүнчө, казактардын “көк пар” оюну боюнча өзүнчө беттеш өттү. Жыйынтыгында көкбөрү боюнча курама команда финалдык беттеште 5:0 эсебинде Казакстан курама командасын жеңип чемпион болушкан. Ошондой эле, көкпар боюнча беттеште Кыргызстан күмүш медалдын ээси болуп, финалда Казакстан Кыргызстанды 4:3 эсебинде жеңген.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды сактоо боюнча мыкты тажрыйбалардын тизмесине да кирген. Мурдагы маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Көчмөндөр оюндарын ЮНЕСКОнун бул тизмесине киришин "... бул азыркы тапта улуттук маданий мурастарды сактоодогу эң жакшы аянтча", - деп баса белгилеген. Бирок Түркияда өткөн оюндар бүттү деп аяк-башын жыя электе эле Азамат Жаманкулов министрликтен кетип, ордуна Алтынбек Максүтов келди.
Манасчыларды чууга салган Гиннесс китеби
“Көчмөндөр оюндарына” куйрук улай эле манасчылыктан уу-дуу кеп болду. Кеп Гиннес китебине ооду. Манасчы Рыспай Исаковдун рекорддор китебине кирем деген максат менен Түркиядагы “Манас жумалыгында” айткан манасынан үзүндүсү интернетке тарап кетти. Кырк биринчи чоро пайда болду деген азил-чыны аралаш кеп азыр деле шакаба иретинде айтыла калып жүрөт. Москвада жүргөн дагы бир манасчы Дөөлөт Сыдыков “манас айтуучулукка доо кетирип жатасыңар” деген нааразы пикирин билдирген.
Манас өзү мухит болуп турганда ити менен деле, бити менен деле укмуш деп каттала берген китепке улуу баянды каттатабыз дегендин өзү туурабы деген собол далай айтылды. Кереги жок болчу дегендер бар. Болор-болбос иштен кеп чыкты деп Рыспай манасчы да өз оюн ортого салып келет.
Ал арада “Манас” театрынын башчысы Азиз Биймырза уулу Рыспай Исаковго 24 сааттын ичинде бир саат эс алууга убакыт берилгенин айткан. Ошол убакта ал тамактанып, ажатканага барып келгенге мүмкүнчүлүк алат. Башка убакта жалаң гана манас айтат, “жаңы рекорд көрсөтөт” деген ал Би-БиСиге.

Сүрөттүн булагы, social media
Театр сүйүүчүлөрү көбөйдү
2022-жылдын 27-мартында, Эл аралык театр күнүндө Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театры эки жылдык тыныгуудан соң кайра ачылып, ишин баштаган. Театралдык сезондун ачылышына карата драматург Жалил Садыковдун “Манастын уулу Семетей” драмасынын негизиндеги “Төлгө” спектаклинин бет ачары болду. Спектаклди аталган театрдын көркөм жетекчиси Назым Мендебаиров койгон. Анын айтымында, спектакль 29 жолу коюлса дагы, ар биринде билеттердин баары сатылып, резонанс жараткан чыгарма болду.

Сүрөттүн булагы, officcial
Быйылкы жылдын репертуарында дагы бир жаңы спекткаль бул – “Карагул ботом” болду. Аны да Назым Мендебаиров койду.
“Токтоболот Абдымомуновдун 100 жылдыгына карата жана жалпы түрк дүйнөсүндө Токтоболот Абдымомуновдун жылы деп жарыялангандыктан, анын “Карагул ботом” чыгармасынын” негизинде “Карагул ботом” притча-трагедиясын койдук. Түрксой уюмунун генералдык башчысы Султан Раев жана Түрксойдун эксперти экөө келип, жакшы деген баа беришти. Көркөм кеңеш да жакшы кабыл алышты, көрүүчүлөргө да жакшы таасир калтырды деп ойлойм”,- деди Назым Мендебаиров.

Сүрөттүн булагы, teatr.kg
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Дагы бир жаңы спектакль болуп, Мухамедкалый Касенов аттуу казак драматургунун “Алда жаш жубайлар ай” деген комедиясын Эркин Эгембердиев сахналаштырып, театрдын жаш актёрлору менен сахнага алып чыкты.
“Албетте, театр акыл-насаат айтыш керек, бирок ошону менен бирге көңүл ачуучу жай экенин да унутпашыбыз керек. Репертуардын кайсы бир бөлүгүн комедиялар да түзүшү шарт. Анткени, көрүүчүлөр театрга эс алганы келишет”,- деди Мендебаиров.
Эки жылдык тыныгуудан кийин көрүүчүлөр театрды сагынганбы же элдин театрга көз карашы өзгөргөнүнөнбү, Мендебаиров быйыл спектаклдер аншлаг менен өтүп, өзгөчө жыл болду дейт.
“Быйылкы театр сезону өзгөчө болду. Анткени, мурдагыдай тааныштарын ортого салып, “чакыруу берип койчу” дегендер азайып, өзүлөрү келип кассадан билет сатып алып кирген көрүүчүлөр көп болду. Көбүнчөсүндө театрга жардам бериш керек, ал үчүн билет сатып алыш керек деген көз караш пайда болду. Анын үстүнө ремонттон кийин театрдын абалы абдан эле жакшы болуп калды, бул үчүн Асылбек Абазовичке ыраазычылык. Мурдагыдай суук эмес, жайкысын ысык эмес, ичинде адамдар сүрөткө түшүп, спектаклди талкуулаган да жагымдуу болуп калды. Файе жаркырап, жарык берүүчү аппараттарыбыз да жакшырды”,- деди театрдын көркөм жетекчиси Назым Мендебаиров.
Аялдарга карата зомбулук көйгөйү театр сахнасында да көтөрүлдү
Театр чөйрөсүндөгү дагы бир ачылыш – “Аялдар баш калкалоочу жай” спектакли болду.
Түрк драматургу Тунжер Жүженоглунун "Аялдар баш калкалоочу жай" спектаклин Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын жамааты сахналаштырды. Анда зордук-зомбулукка кабылган аялдардын окуялары, алардын коомдон өз ордун табуу үчүн күрөшү жөнүндө көрсөтүлөт. Спектакльге Элвира Ибрагимова режиссёрлук кылды. Анын айтымында Кыргызстанда аялдарга карата зордук-зомбулук күч жана бул тема азыр болуп көрбөгөндөй актуалдуу.
“Биз бул теманы маанилүү деп эсептеп, театрдын сахнасында көрсөтүүнү чечтик. Анткени театр көрүүчү менен бир тилде сүйлөшүшү керек, ал эмнеге муктаж болсо, көкөйүндө эмне болсо, ошону көрсөтүп, көтөрүп чыгышы керек. Спектаклде үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган 8 аялдын окуясы баяндалат. Менимче, Кыргызстанда бул тема абдан актуалдуу. Ошондуктан аны элге алып чыгыш үчүн бизге эл аралык уюмдар көмөк көрсөтүштү”,- деди Ибрагимова.

Сүрөттүн булагы, social media
“Аялдар баш калкалоочу жай” спектакли өлкөнүн аймактарында дагы коюлду. Режиссердун айтымында, көрүүчүлөр чыгарманы абдан жакшы кабыл алды, айрыкча, региондогу аялдар жүрөгүнө жакын алып, талкуулар абдан кызыктуу болду. Бирок мындай пьесалардын коюлушу, же ошол аялдар жашаган үйлөр бул көйгөйдү чечүү үчүн абдан аздык кылат.
“Мунун баары аздык кылат. Буга мамлекет көңүл бурушу керек, атайын аялдарды колдоочу программа болушу керек. Аялдар окуп, билим алып, коопсуз жерде жашап, балдарын тарбиялаганга, окутканга мүмкүнчүлүгү болуш керек. Тилекке каршы, андай программа Кыргызстанда гана эмес, башка көп өлкөлөрдө жок. Биз бул спектаклди Түркияда койгондо, ал жакта деле биздегидей көрүнүш экенин байкадык. Пандемиядан кийин абал бир топ өлкөлөрдө, айрыкча мурдагы Совет өлкөлөрүндө начарлап кеткенин билдик”,-деди Элвира Ибрагимова.
Ибрагимова да көрүүчүлөр көп келип, таасирлерин жашырбай айткан, ыраазы болгон учурлар арбын болгонун баса белгиледи.
Көрүүчүлөр көбөйүп, күйөрмандарына сүйүнүп турган чакта театр ишмерлери быйыл эки залкар актёрунан айрылып, кабыргасы кайышып турган убагы.
Бири КР Эл артисти Марат Алышпаев, экинчиси КР Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадилаев. Эки актёрду тең узакка созулган оору алып кете берди.
"Марат агай менен Азизден кийин театрдын бир капталы эңшериле түшкөндөй болду..."

Сүрөттүн булагы, social media
2022-жылдын 4-апрелинде 75 жаш курагында оорудан кийин Кыргыз Республикасынын эл артисти Марат Алышпаев дүйнөдөн кайтты.
Марат Усенович Алышпаев 1947-жылдын 17-декабрында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылында жарык дүйнөгө келген.
Өмүрүнүн соңку жылдары Бишкек шаарындагы Токтоболот Абдумомунов атындагы академиялык драма театрында актёр катары эмгектенип келген.
Классикалык чыгармалардан Шекспирдин атактуу “Гамлет” трагедиясында Гамлеттин, "Король Лир", "Ричард III" чыгармаларында башкы каармандарды, Гоголдун "Текшерүүчү" драмасында Хлестаковдун ролун жараткан. 2021-жылы режиссёрлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу тарткан “Акыркы көч” тасмасында башкы ролду аткарган.
Назым Мендебаиров Марат Алышпаевди мындайча эскерди:
“Марат агайда чыныгы кыргыздын аксакалына тиешелүү бир касиети бар эле. Ал - чындыкты айтуу. Өзүнө туура эмес келсе да, ишине кедергисин тийгизсе да чындыкты айтар эле. Кези келгенде досун коргой билчү, душманын көтөрмөлөй билчү. Ал эми театрдагы спектаклдерге иштегени келгенде, Марат агайдай жанын тиштеп иштегендер аз. Мен аны менен бир топ жолу партнер болуп иштегем, анда ишке жөндөмдүүлүк 100%га азыркы актерлордон күчтүү болчу. Анын кабыл алуусу, интеллекти, ролго даярданып, окуп келгени жагынан Марат агай алдына киши салчу эмес”.
2022-жылдын 19-декабрында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадилаев узакка созулган оорудан улам көз жумду.
3- декабрда Мурадилаев реанимацияга түшкөнү кабарланып, шишип, суюктук чыкпай жаткандыгы айтылган. Операциясына 45 миң доллар керек делип, бир күн ичинде элден 1 миллион 21 миң сом чогулган. Ал эми 4-декабрда президент Садыр Жапаров актёрдун дарылануусуна 42 миң доллар бөлүп бергени белгилүү болгон.

Сүрөттүн булагы, official
Мурадилаев көптөн бери боор циррозу менен ооруп келген.
Азиз Мурадилаев 1978-жылы 12-июнда Бишкекте төрөлгөн. Акыркы жылдары Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында эмгектенип келген. Ошондой эле тасмаларда да башкы ролдорду ойноп, Садык Шер-Нияздын "Курманжан Датка" фильминдеги Алымбек Датканын образы менен белгилүү.
Назым Мендебаиров Азиз Мурадилаевдин актёрдук чеберчилиги, таланты туурасында мындай деди:
“Азиз кыргыздын маңдайына жаралган миңден бир актёрлордун бири болчу. Эгер аны ажал алып кетпегенде,буга чейин ал жаштык-жигери менен ойносо, эми акыл-парасат менен ойной турган маалга келип, чоң ролдорду, глобалдуу ролдорду ойной турган маалга жеткенде эрте өтүп кетти. Азиз чынында мыкты актёр эле. Ал ойногон Алымбек Датканын ролу миңден бир актёрго туш келет. Датканы ойнош оңой эмес. Ага жалпы фактурасы менен туура келиш кыйын. Фактурасы туура келсе, анын ички кудуретин, образын, татаал психологиялык образын ачып берүү кыйын. Азиз ушулардын баарын ачып берген. Бирок оору эч нерсеге карабай алып кетти. Кадимкидей Марат агай менен Азизден кийин театрдын бир капталы эңшериле түшкөндөй болду. Алардын театрдагы орду баа жеткис болчу. Экөө театрда 4-5 актёр көтөрүп жүргөн жүктү көтөрүп жүрүшкөн экен, азыр кадимкидей сезилип жатат. Экөө тең залкар актёр болчу ”.
Орду толгус жоготуулар...
Маданият тармагы ийгилик, жаңылануулар менен катар оор жоготууларга да дуушар болду.

Сүрөттүн булагы, social media
2022-жылдын 3-апрелинде 86 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эл акыны, жазуучу, сценарист, коомдук ишмер, Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Омор Султанов дүйнөдөн кайтты.
Омор Султанов 1935-жылдын 6-ноябрында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тосор айылында туулган.
ХХ кылымда кыргыз поэзиясындагы жаңы багыттын өкүлү катары Омор Султановдун алгачкы чыгармалары жана макалалары 1953-жылы жарык көргөн. Биринчи поэтикалык ырлар жыйнагы 1961-жылы «Тоо күндөрү» деген аталышта жарык көргөн. Жазуучунун «Төкмө», «Жазуучу», «Ак куулар конгон айдың көл» сыяктуу жана башка чыгармалары «Кыргызфильм» киностудиясында экрандаштырылган. Ал даректүү жана көркөм фильмдерге сценарийлерди жазган.
Кыргыз адабиятын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Омор Султанов 1985-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган, 1992-жылы «Кыргыз Республикасынын эл акыны» ардак наамы ыйгарылган, 1995-жылы «Манас-1000» медалы, 2004-жылы II даражадагы «Манас» ордени жана 2020-жылы III даражадагы «Манас» ордени, Казакстан Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен «Астана» алтын медалы менен сыйланган, «Руханият» эл аралык сыйлыгынын лауреаты болгон.

Сүрөттүн булагы, social media
Кыргыз Республикасынын эл артисти, диктор Бактыбек Мамытов 2022-жылдын 20-майында 72 жаш курагында узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн өттү.
Мамытов 1950-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан Алмалуу айылында туулган.
1993-жылы КРнын эмгек сиңирген артисти наамын алган. 2006-жылы «Даңк» медалы менен сыйланган. Ал эми 2019-жылы КРнын Эл Артисти наамын алган.
Бактыбек Мамытов Улуттук телерадиоберүү корпорациясында 50 жылдан ашык эмгектенген. Коомчулукка “Арноо концертинин” алып баруучусу катары таанылган.
Тарбиялык максатты көздөгөн сериалдар тартылды
Кыргыз сериалдарынын тарыхы 2000-жылын башына барып такалат. Экранга биринчи чыккан кыргыз тилиндеги сериалдар болуп, “Апамдын махабаты”, “Чиркин өмүр”, “Каражолтой” сериалдары эсептелет. Аталган сериалдар теледен көрсөтүлүп, ар бир үйдө күтүп көрүшчү.
Эми сериалдар Youtube, Netflix сыяктуу онлайн платформаларга дагы чыгып, көрүүчү аларды каалаган маалында каалаган жеринен көрүп калды. Сериалдын мындай түрү веб-сериалдар деп аталат. Алар Кыргызстанда дагы тартылып, интернеттен эле элге сунула баштады.
Буга чейин Youtube’дун кыргыз сегментинде “Кошунаны тандабайт”, “Шерине” аттуу сериалдар эң популярдуу болуп келди. Алар жума сайын Ютубда миллиондогон көрүүлөрдү топтоду.

Сүрөттүн булагы, 1.1 studio
2022-жылдын күзүндө “Акча” аттуу жаңы сериал чыкты. Сериалдын баш каарманы – Азиз. Ата-энесинин көзү өткөндөн кийин туура эмес жолго түшүп, жашоосун кылмыш дүйнөсү менен байланыштырат. Спорттук чеберчилигин карыз өндүрүүгө колдоно баштайт. Бирок Аселге жолуккандан кийин баары өзгөрөт. Ал кара туман болгон өтмүшүнөн кол үзүүнү чечет, бирок бул үчүн ал өзгөрүш керек. Натыйжада ал финансылык жактан ката кетирген адамдарга жардам бере баштайт.
“Акча”сериалынын режиссёру Радик Эшимов буга чейин “Кошунаны тандабайт” сериалын да тарткан. Анын айтымында, “Кошунаны тандабайт” сериалына чейин Youtube’да, интернетте кыргыз сериалдары жок болчу. Ал эсинде калган акыркы телесериалдар деп “Чиркин өмүр”, “Апамдын махабаты” сериалдарын эстеп өттү. Ошондой эле ал тандап алган темасынын актуалдуулугу тууралуу айтып берди.

Сүрөттүн булагы, radik eshimov\instagram
“Бизде тилекке каршы адамдар акчаны туура колдонгонду билишпейт. Менин өкүнгөнүм, кредиттер да бизде аябай чоң маселе. Туура нерселерге алышпайт, тойлорго, телефон алганга алышат, кереги жок нерселерге алышат. А чет мамлекеттерде бизнеске же акчаны кайра көбөйткөнгө алышат эмеспи, бизде андай түшүнүк жок. Мен 4-5 жыл мурда эле финансылык сабаттуулук боюнча китептерди окугандан кийин, ушул тууралуу фильм же ролик тартыш керек экен деп ойлоп жүргөм. Анан биз бул сериалда жөн эле маселени көрсөтүп койбостон, аны чечүүнүн жолдорун да көрсөтүп бергенге аракет кылдык”,- деди Радик Эшимов.
Элди эсине келтирчү “Эсимде” тасмасы
Кинорежиссёр Актан Арымкубаттын “Эсимде” тасмасы “Азия Оскарын” жеңүү менен Азия жана Тынч океан киноакадемиясынын калыстар тобунун башкы сыйлыгына татыды. Ага чейин фильмдин бет ачары Жапониянын Токио шаарындагы эл аралык кинофестивалда өткөн.
Тасмада баш каарман Зарлык жыйырма үч жыл чет жерде жүрүп, ал жакта кырсыкка учурап, эс тутумун жоготуп коет. Аны уулу Орусиядан таап, айылына алып келет. Бирок Зарлыктын эсинде эч нерсе жок, айылдаштарын, туугандарын, эч кимисин тааныбайт. Жердештери да аны эбак өлгөн деп билген үчүн, таң калып кабыл алышат. Зарлык айылдагы таштандыларды терип, тазалай берет. Көрүүчүлөр муну “ал коомду тазалап жатат” деп да баа беришүүдө.

Сүрөттүн булагы, Esimde\FB
Атасы менен уулун жашоодо да ата-бала болгон режиссер Актан Арымкубат өзү жана уулу Мирлан Абдыкалыков ойногон. Экөө Селкинчек", "Бешкемпир", "Маймыл" аттуу тасмаларда роль жаратышканы белгилүү.
Кыраан кыздар жөнүндө даректүү тасма

Сүрөттүн булагы, Asel Zhuraeva
Кинорежиссёр, документалист Асель Жураева “Кыргыздын кыраан кыздары” аттуу даректүү тасма тартты. Анда Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы баштаган спортчу кыздарыбыздын жашоосу, машыгуусу жана алардын жолун улачу келечек муун тууралуу көрсөтүлөт.
Фильм бир канча бөлүктөн турат. Бир бөлүгү аялдарга каршы зомбулукка карата өткөрүлгөн 16 күндүк акциянын алкагында жакында эле көрсөтүлдү. Ага кыздардын машыктыруучусу жана жаңыдан кадам таштап жаткан балбан кыздар келип катышты.
Режиссёр Асель Жураеванын айтымында фильм дагы деле тартылууда.
Креативдүү экономикага креативдүү салым...
Бул жагынан кыргызстандык топ дүйнөлүк мыктылардын тизмесинин баш сабында болду десек жаңылбайбыз. Бул айтылуу D Billions болду. Алар тууралуу дүйнөлүк аброю бар Bloomberg сыяктуу басылмалар океандын ары жагынан атайын келип, видео тасма тартышты. Салышытырып айтканда кезинде "Кыргыз керемети" кандай студияда тартылат деп келип, чакан студиянын чакан мүмкүнчүлүгүн, бирок андагылардын толкуп-ташыган жаратмандыгын көрүп таң калгандай эле болду окшойт. Себеби D Billions кенедей эле жерде кемедей зор иш кылып жатат дешет. Андан сырткары негиздөөчүсү Эрнис Уметалиев Казакстандагы эл аралык чон форумда негизги баяндамачы катары чыгып, сөз сүйлөдү.












