Канат Шабданбаев: Көчмөндөр оюндарынын табиятын өзгөртүп салышпайбы деп кабатырбыз

Көчмөндөр оюндарын көркүнө чыгарган көк бөрү бул ирет кандай ойнолот деп суроо салгандар арбын?

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Көчмөндөр оюндарын көркүнө чыгарган көк бөрү бул ирет кандай ойнолот деп суроо салгандар арбын?

Саналуу күндөрдөн кийин Түркиянын Изник шаарында IV Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталат. 29-сентябрдан 2-октябрга чейин өтө турган оюндар кандай болор экен деп күткөн кыргызстандыктар аз эмес. Түркиялык жалпыга маалымдоо каражаттарында бул оюндарга дүйнө жүзүнөн 102 өлкөдөн 3 миңден ашуун спортчу жана 300 миңден ашуун конок келээри, шайма-шай даярдык жүрүп жатканы жазылууда.

Бул оюндардын башатында турган Кыргызстандан 300дөн ашуун спортчу барууга камылга көрүп, оюндардын жадыбалына кыргыздын улуттук спортунун жети түрү кошулуп жатканы маалымдалган. Акыркы маалыматтарга караганда, Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын өзөгүн түзгөн кыргыз элинин улуттук оюндарынан үчөө гана жадыбалга киргени айтылып, талаштуу суроолор чыгууда.

Керек болсо көк-бөрү дагы көрсөтмөлүү гана оюн болоорун уккан кыргызстандыктардын маанайы түшүп, уюштуруучуларга нааразы болушууда. Себеби 2018-жылы Ысык-Көлдө өткөн I I I Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына 74 мамлекеттен 2 миңден ашуун спортчу катышып, спорттун 37 түрүнөн мелдештер болгон.

Салбуурун. Жаа атуу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Салбуурун. Жаа атуу

Чын төгүнү аралаш улам бир жерде айтылып жаткан мындай кеп, сөздүн аныгын билүү үчүн спорттук баяндамачы, олимпиадаларды чагылдыруудан калбай келген ишмер катары мен да атайын талдап көрдүм.

Адгенде эле Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев мырзага бир нече собол менен кайрылдым.

Кабыл Макешов: Канат мырза, Түркия мамлекетинде өтө турган IV Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары алгач спорттун 40 түрү боюнча өтөт деп, кыргызстандык спортчулар кызуу даярдык көрүп жатышкан эле. Оюндар башталарына саналуу күндөр калганда жадыбалдан айрым спорт түрлөрү кыскартылганы айтылууда. Мурда кыргыз улуттук оюндарынан жетөө кирди деп сүйүнүп жаткан күйөрмандардын деми сууп турат. Деги кыргыз спорт түрлөрүнөн кайсы спорт түрлөрү кошулганын, канча спортчу катыша турганын так айта аласызбы?

К. Шабданбаев: Уюштуруучулардын бизге жиберген соңку маалыматы боюнча, бүгүнкү сайтты караганда спорттун 13 түрү турат. Башында Изник шаарындагы бул оюндар спорттун 44 түрүнөн өтөт деген маалымат бар эле. 13 түрдүн ичинен кыргыздын улуттук оюндарынан Алыш бел боо күрөшү, салбуурун жана көк бөрү кошулуптур. Калган оюндар жадыбалга кирбей калыптыр. 7-сентябрда биздин өлкөдөгү уюштуруу комитетинин онлайн жыйыны болду. Жыйында министр Азамат Жаманкулов Түркиядагы уюштуруу комитети менен байланышып, “Көк-бөрү сөзсүз түрдө өтөт, толук кандуу даярдык көрө бергиле” деп айткан. Бүгүнкү күнгө чейин эле биз тайказан менен ойнолуучу көк-бөрүдөн команданы түзүп, даярдык көрүп жаткан элек. Ошондой эле казакстандыктардын көк-пар эрежеси менен дагы таймашууга чыга турган өзүнчө команда түзүп, окуу машыгууларын өткөрүп, баардыгын даярдап койгонбуз. Буюрса Изник шаарына көк-бөрүдөн, көк-пардан жана Алыш күрөштөн биздин спортчуларды алып бара турган болдук.

Ал эми Салбуурун боюнча жаачылар гана катыша турган болуп, тайган жарыш, ителги, бүркүт, куш салуу мелдештери кирбей калды. Андан башка дагы IV Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын жадыбалына кирген спорттун 10 түрү боюнча кыргызстандыктар мөрөй талашмакчы. Учурда жалпы эсептегенде 115 спортчу мелдештерге катышат, машыктыруучу, калыстар, дарыгерлер, делегация жетекчилери болуп 172 адам бара турган болуп, такталууда.

GETTY IMAGES

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, GETTY IMAGES
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кабыл Макешов: Кыргызстандык улакчылар өздөрүнүн аргымактары менен катышабы? Аттарды Түркияга алып баруу маселеси чечилдиби?

К. Шабданбаев: Ооба, биздин улактылар өздөрү таптаган аттары менен катышат. Ошондой эле биз аттарды учак менен алып барганга авиа компания менен сүйлөшүп, чыгымды эсептеп чыгардык. Авиа компания өздөрү таба турган кирешени алып салып эле, өзүнүн авиакерасин жана башка негизги чыгымдарын гана эсептеп берди. Жалпы башына 280 миң АКШ доллары Стамбул шаарына алып барып келгенге сарпталмак болду. Учакка 39 ат батат экен жана ошондой эле аргымактардын ар бирин өзүнчө жайгаштуруу үчүн атайын тара, аттарды сала турган бокстор жергебизде жок экен. Ошондуктан биз чет өлкөлөргө тапшырык берип, даярдоого туура келип турат. Компаниялар “бир жуманын аралыгында даярдап беребиз” деп убада берип жатат. Ага дагы болжолдуу түрдө 20 миң доллардын тегерегинде чыгым кетет. Ошондо көк-бөрүнүн аттарын алып барганыбызга эле 300 миң АКШ доллардан чыгымдаганы турабыз. Андан сырткары делегация мүчөлөрү болгон 172 адамдын барып келген жол киреси, жатаканасы жана тамак ашы бар, ал чыгымдарды да бүгүнкү күндө эсептеп жатышат.

Кабыл Макешов: Оюндардын катышуучуларын тамак-аш жана жатакана менен Түркия тарап төлөбөйбү? Кыргыз жергесинде өткөрүлгөн 3 оюндарда сырттан келген меймандардын тамак-аш, жатакана чыгымдарынын,ал түгүл аэропоттон Чолпон-Ата шаарына чейинки транспорт, унаа чыгымдарынын баарын кыргыз тарабы төлөп берген эле.

К. Шабданбаев: Биз оюндарга катыша турган спортчулар, калыстар, мал догдурлар боюнча маалымат берип, кандай жеңилдиктер болоорун тактай турган жооп күтүп жатабыз. Министрибиздин айтымына караганда, “канча адамга тамак-ашына, жатканасына жеңилдиктер болоорун Түркия тарап өздөрү айтат” деп билдирген. Болжол менен делегациянын 30 же 40 пайызына гана женилдиктер болушу мүмкүн. Калган чыгымдарды өзүбүз төлөйбүз.

Түркиядагы Ванн кыргыздары да даярдык көрүүдө

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түркиядагы Ванн кыргыздары да даярдык көрүүдө

Кабыл Макешов: Мурун “Кыргызстандын улуттук оюндарынын 7 түрү кирет” деп айтылган, анан эмне себептен 3 гана түрү кошулуп калууда?

К. Шабданбаев: Мурда Түркия тарап менен Кыргызстан өлкөлөр ортосунда түзүлгөн меморандум болгон экен. Ошол меморандумда спорттун 7 түрү каралып, биз дагы коюлган талаптарды сураганбыз. Бирок алар өзүм билемдик менен 2018-жылы кол коюлган меморандумду документ катары кабыл алып, шарттарды аткарган жок деп баса белгилеп айтсак болот. Жыйынтыгында Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өзөгүн түзгөн кыргыздын улуттук оюндарына меморандумда белгиленген спорттун 7 түрүнөн эмес, 3 гана түрү кирип калганы өкүнүчтүү болуп турат.

Кабыл Макешов: Ошондо Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизин түзүп, башатында турган кыргыз элинин ордо, тогуз коргоол, эр-эңиш, кыргыз күрөшү жана башка спорттун түрлөрү бул ирет жадыбалга кирбей калдыбы?

Шабданбаев: Ооба, тилекке каршы, кыргыз элинин байыртан берки ойнолуп, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өзөгүн түзгөн ордо, тогуз коргоол, кыргыз күрөшү жана башка түрлөрүн толук кандуу алып салышкан.

Кабыл Макешов: Жалпылап айтканда 40 спорт түрүнө башка өлкөлөрдүн спорт түрлөрү гана кирип калган экен да?

К. Шабданбаев: Биздин спортчуларыбыз жадыбалга кошулган спорттун бардык түрүнө катышууга мүмкүнчүлүгү жок. Ондон ашуун гана спорт түрү боюнча мөрөй талашууга аргасыз болуп турабыз. Алар: Көк-бөрү, көк-пар, алыш күрөшү, казак күрөшү, пахлавани иран күрөшү, мас-рестлинг (таяк тартыш), жаа атуу мелдештери болсо, түрктөрдүн 4 күрөш түрү: аба күрөш, канышмалуу аба күрөш, май (яглы) күрөшү жана шалвар күрөшү. Кыз-келиндерибиз алыш күрөшүнүн аялдар арасындагы күрөшкө жана таяк тартыштын кыз-келиндер арасындагы мелдештерине гана катыша алышат.

Кабыл Макешов: Жирит деген түрктөрдүн ат үстүндө найза оюну бар эле, 2018-жылы I I I Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ойнолгон. Бул оюндарга дагы кыргызстандык жигиттер катышабы?

К. Шабданбаев: Жирит деген түрктөрдүн улуттук оюну дагы бар деп айтылган, бирок бүгүнкү күндө бул оюн жадыбалга киргени али так айтылып, бизге маалымат келген жок. Мен болгону Түркиядагы Уюштуруу комитетинин сайтында бар гана спорттун түрлөрүн окуп бердим, 8-сентябрдагы жыйналышта биздин спорт адистерибиз “Жирит дагы бар” деп айтышкан. Эгерде бул оюн жадыбалга кирип калса анда биздин көк-бөрү жана көк-пардан барган командалардын катарындагы улакчыларыбыз катышып ойноп беришет.

Кабыл Макешов: Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кыргыз жергесинде башталып, дүйнөгө кыргыз мамлекетинин, элинин нукура бренди болуп таанылса деген аракет бар эле. Түркиядагы IV Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кыргыздын бир топ оюндары кирбей калып жатса, анда мындан ары башка эле оюндардай таанылып калбайбы?

К. Шабданбаев: Биздин дагы ушундай күдүк ойлор болуп, кызыктай жагдайга кабылып жатабыз. Негизи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын кыргыздар түптөп, баштагандан кийин ошол өзгөрүүсүз, биздин эрежелерге ылайык андан дагы жакшыртылып өткөрүлүшү керек эле. Тилекке каршы, бирок бүгүнкү күндө андай болгон жок. Уюштуруу тобунун сайтына акыркы жайгаштыркан спорт түрлөрү, бизге болгон бүгүнкү күндөгү мамиле Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын эрежелерине, маңызына туура келбейт. Ал түгүл бүгүнкү күнгө чейин мелдештер башталаарына саналуу сааттар, күндөр калса дагы Түркиядан оюндардын жадыбалы, эрежелери, ирээти баяндалган жоболор, расмий маалыматтар келе элек, колубузга тийген жок.

Кабыл Макешов: Мурдатан даярдык көргөн айрым спортчулар мелдештерге барбай шаабайлары сууп калган экен да?

К. Шабданбаев: Биз оюндардын жадыбалына кирет делген 25тен ашуун спорт түрлөрү боюнча баардык спортчуларды бир топ каражат чыгымдоо менен даярдап, мыктыларын тандап жана окуу машыгууларын өткөргөнбүз. Мурда байгелүү орундарды ээлеген чемпиондорубуз дагы камылга көрүп жатышкан. Жадыбалдан көп спорттун түрүн Түркиянын уюштуруу тобу алып салгандан кийин биздин спортчулардын маанайы түшүп, нааразычылыктары көп болуп жатат. Жок дегенде спорттун мынча түрлөрү боюнча мелдештер болот дешип, мындан 2-3 ай мурда айтып, так маалымат берип койгондо, мындай капачылык болмок эмес.

Кабыл Макешов: Күйөрмандарды бүдөмүк кылып жаткан суроо бар. Изник шаарында кыргыздын тайказан эрежеси менен көк бөрү жана казактардын көк- пары делген улак тартыш боюнча эки мелдеш болгону турат. Бирок тайказан менен өтө турган көк-бөрү көрсөтмөлүү оюн катары көрүүчүлөргө гана тартууланып, жадыбалга кошулбай, медалдык зачетко кирбейт деген сөздөр айтылып келет. Ошонун чындыгы барбы?

К. Шабданбаев: Биз дагы сентябрдын башында ушундай маалымат угуп, Кыргызстандын "Көк бөрү" федерациясы менен жолугуп сүйлөшкөндө “биз шоу кылып, көрсөтмө катары барып катышпайбыз, байгелүү орундар үчүн таймашуулар болсо катышабыз” деп чечимге келгенбиз. Андан кийин 7-сентябрда Министрлер кабинетинин төргасынын орун басары Эдил Жолдубаевич Байсаловдун жетекчилигинде уюштуруу комитети өтүп, жыйында биздин министрибиз Азамат Капарович Жаманкулов түрк тарабы менен келишим түзүлүп жатканын айтып, “башка мамлекеттер макулдугун берсе гана, 100 пайыз көк-бөрү боюнча мелдеш өткөрүлөт” деп билдирген. Биздин "Көк-бөрү" федерациябыздын жетекчилери дагы “бизден бөлөк дагы 6-7 мамлекет макулдук берет” деп убадалашкан, бүгүнкү күндө көк-бөрүдөн беттешүүлөр болот го деген ишенимде үмүт кылып турабыз.

Кабыл Макешов: Эгер мелдештердин жобосуна, эл аралык эрежесине таянсак, мисалы үчүн 3 же 4 команда катышса дагы медаль, байгелер берилип жүрөт. Негизинен 6-7 өлкө катышса сөзсүз түрдө жадыбалга кошулуп, медаль берилиши керек. Бир эле мисалга 2011-жылы Алматы, Астана шаарларында өткөн 7-кышкы Азия оюндарында топ менен хоккей ойногон 3 гана команда катышкан. Ошондо Монголия, Казакстан жана Кыргызстан командарлары мөрөй талашып, кыргызстандыктар жеңилип калганына карабай коло медаль ыйгарылган эле. Учурда ушундай кырдаал болуп жаткан турбайбы?

К. Шабданбаев: Кыргызстандын "Көк-бөрү" федерациясынын жетекчилеринин айтымында караганда, бизден башка 7 өлкө бүгүнкү күндө катышууга даяр экен. Изник шаарындагы бул оюндарга Кыргызстандан башка дагы 5 команда келген күндө дагы 6 команда менен күйөрмандардын бүйүрүн кызыткан мыкты таймашуулар өтөт деген ишеничтемин.

Канат Шабданбаев

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Канат Шабданбаев

Кабыл Макешов: Мындан сырткары этно көргөзмөлөр, этно фестивалдар дагы болобу?

К. Шабданбаев:- Маданий программалардан бар деп дагы айтып жатышат. Түркияга маданий иш-чараларга кыргызстандык өнөрпоздор, кол өнөрчүлөр, маданият ишмерлери, журналисттер дагы бараары айтылууда. Министрликте маданият, маалымат, жаштар саясаты тармактары өзүнчө, аларды тейлеген орун басарлар бар. Ошондуктан чынын айтсам ал жагын мен жакшы билбейм, жооп бере албайм. Мен спорт тармагына гана жооптумун.

Кабыл Макешов: Канат мырза, Түркияда өтө турган IV Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында өлкө намысын татыктуу коргоп, жеңил барып, жеңиштер менен олжолуу кайтып келиңиздер!!!

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы, Маданиятка эмгек сиңирген ишмер.Атайын Би-Би-Си Кыргыз кызматы үчүн.

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.