Манас Ниязовдун Курманбек баатырдай атсыз калганы... Көчмөндөр оюндарындагы көшөгөнүн арты

Абдыбек Казиев, Би-Би-Си, Изник

Көкбөрүчү... Сүрөттө башка улакчы тартылган

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Көкбөрүчү... Сүрөттө башка улакчы тартылган

Кыргызстан көк бөрү боюнча Казакстанды 5-0 эсебинде жеңип алды деген кабар кимдерди гана кубанткан жок. Эрендердин эр оюну деген менен кыз-келиндерден бери төбөсү көккө жетти. Так ушул жеңишти көбү удаа-удаа тай казанга улак салынган үзүл-кесил эфирлер аркылуу гана көрдү. Бирок көшөгө артында не бир түркүн кызыктар кайнап турду. Изникте жүрүп, ошол окуяларды өз көзүм менен көргөн соң орчундууларын төкпөй-чачпай баяндап берейин.

Көчмөндөр оюндары башталаарына саналуу күн калганда “Аккула” ат майданына бардым. Көк бөрүчүлөр кеминде бир жарым ай бою үй бетин көрбөй катуу даярданышканын, башкы саяпкер да алар менен кошо жүргөнүн билдик. Тандалган 24 тулпарды Түркияга алып баруу үчүн канынан эле эмес, кыгынан бери анализге тапшырып, "оору-сыркоосу жок, дарт жугузбайт" деп бүтүм алып, катуу камынышкан экен.

Так ушул тулпарлар бармак. Керек болсо аттар оонай турган учурунан кечикпей оонасын деп катуу кастарлап, таптап, суутун кандырышкан эле...
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Так ушул тулпарлар бармак. Керек болсо аттар оонай турган учурунан кечикпей оонасын деп катуу кастарлап, таптап, суутун кандырышкан эле...

Башкы мал доктур аттар учакка жүктөлгөндө тынчы кетпеши үчүн кайсынысына кандай дары (тынчтандыруучу дары), канча өлчөмдө керектигинен бери тактаптыр. 26- же 27-сентябрда аттарыбыз өмүрүндө биринчи жолу учакка түшөт деп аябай толкунданып алган. Башкы саяпкер болсо “27 жылдан бери мындай кызыкты биринчи жолу көрүп жатам. Буюрса кыл чайнашкан оюн көрсөтөбүз”,- деп турду. Айтмакчы, Казакстандын аттары дагы Бишкекке алынып келип, так эле ошол учакта чогуу кетишмек...

Оюндун кызыгына киргенде баарын унуткан көкбөрүчүлөр

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Оюндун кызыгына киргенде баарын унуткан көкбөрүчүлөр

“Айла кетсе атып салабыз”...

Башында баарылап жакшы эле аракет көрүп, керек болсо тобокелге дагы барышкан экен. Муну калыстык үчүн белгилеп коюшубуз керек. Аттарды жүктөп уча турган учкучтар коопсуздуктан улам өз талаптарын айтышыптыр. Арасында чындап оор талаптар да болуптур. Башкы мал доктурдун айтканына караганда, эгер аттар азоолугун карматып, учуп бара жатканда урунуп-беринип туйлай берсе, учкучтар айла жок атып салабыз деген экен. Себеби кеминде 300 кг салмактагы тулпар туйласа, аны көрүп башкасы кошо туйласа, учууга өтө кооптуу жагдай жаралат деген жүйө айтышкан. Ары карап, бери карап ага да макул дешиптир. Тынчтандыра турган дарыны камдадык дегендери ошондон. Бирок камазда жүрө берип көнгөн аттар тынч эле жетет деп үмүт артып турушкан...

Ат жалында шамалдай ойногон жигиттер...

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ат жалында шамалдай ойногон жигиттер...

Барса келе албайт, келсе бара албайт...

Ошондон көп өтпөй аттар барбай калды деген кабар тарады. Ал учурда Стамбулда элем. Дал ошол жерден мурдагы министр Азамат Жаманкуловго бет келдим. Биринчи эле суроом аттар эмне болду дедим. “Тилеккке каршы аттарды алып кетчү учак алып келип беребиз, кайра артка жеткирүү далайга созулуп кетет деди. Болбосо акчасынан бери камдап койгонбуз. Бирок кыдырманы кыдырып, сыдырманы сыдырып жүрүп, бул жактан 24 жакшы ат таптым, буюрса маселе чечилди”, - деди. Казакстан тарап дагы аттарды алып келе албай калды дегенде анда бирдей шарт экен, эки тарап тең атка келгенде маңдайына жазганын көрөт экен деп турдук.

Изниктеги казак күйөрман. Бишкекте чоңойогонун айтып, эки тарапты тең сүрөдү. Башына эки желекчени тең кыстарып алган
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Изниктеги казак күйөрман. Бишкекте чоңойогонун айтып, эки тарапты тең сүрөдү. Башына эки желекчени тең кыстарып алган

Океандын ары жагынан көк бөрү деп келгендерди көп көрдүк...

Изникке курулган атайын шаарчада оюндар башталды. Журналисттер алдын-ала каттоодон өтүп, камынып барганы менен маалымат борбору, интернет дегенден дайын жок. Эки айланып издеп, башка кесиптештер дагы интернет жок экен деген соң ар кимден сурап, туш келди оюндарды кыдырып жүрдүк. Аңгыча көк пар башталып калды.

Чыныгы оюн кандай болоорун билген кыргыз баласына ал айылдагы уй кайтарган бозойлордун талпак тартмайындай эле көрүнүп туруп алды. Себеби кептин баары атта эле. Ырыстуусун тандап минип алган күндө деле атаандашы колго тийгенин, арасында бээ, байталын аралаштырып минип калганы оюндун табиятына доо кетирип жатканы даана көрүнүп турду. Анын анык мисалы көк парда казак баурлар менен моңголдор күч сынашканда көрүндү. Кыргыз казак турсун, океандын ары жагынан келип, биринчи жолу көрүп жаткандар дагы шыпшынып, айрымдары оюн ортологондо эле туруп кетти. Моңголиялык жигиттер жанын үрөп, улакка колу эми жеткенде качырдай жапыз карагер аты мүдүрүлүп, бети менен кетти. Эртеси атайын издеп таап, так ошол моңгол жигитке кезиктим.

Анын алда кайда туруп, “Ахилес” баштаган кыргыз аттарын беш колдой билгени таң калтырды. Аны да жарыялайбыз. Дал ошол жигит көк парда бээ минип калышканын айтып, катуу кейиди. Калифорниядан атайын келдим деген алтымыштарды чамалап калган аял “Мен интеренттен көргөн "Көчмөндөр оюндары", көк бөрү такыр башкача эле го” деп тынчы кетти. Далай каражаты короп, убактысын сарптап келген айым кадимкидей шаабайы сууй түштү. Биз кептин баары аттарда болуп жатканын айтып жооткотконго аракет кылдык. Сөз арасында эмне үчүн көк бөрү экенин, кезинде кыргыздын кыраан жигиттери чындап көк бөрүнү тартканын айтып берсек кайра-кайра “Релли, релли” деп оозу ачылды. Жакындан таанышып, мыкты оюн көрүш үчүн Кыргызстанга бир келиңиз деп чакырдык. Мындай абалда калган жалгыз турист ошол аял эле болбосо керек...

Ушундай кантип болсун?

Көкбөрүчүлөрдүн кеңеши кызуу талкуу менен өттү
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Көкбөрүчүлөрдүн кеңеши кызуу талкуу менен өттү
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Оюндарга барган бир топ кыргыздардын эң көп айткан сыны ушул болду окшойт... “Ушундай кантип болсун?”. Бирок калыстык үчүн айтчу нерсе Ала-Тоодо уюшулуп, Ала-Тоодо тушоосу кесилген “Көчмөндөр оюну” алгачкы ирет чет өлкөдө өттү. Муну дүйнөлүк саясатта ысымы, орду бар Режеп Тайып Эрдоган дагы бир нече ирет баса белгиледи. Бирок оюндардын кезеги тапшырылып, берилип жатканда анын кыйшайгыс эрежеси, аны уюштуруп жөнгө сала турган туруктуу катчылыгы болду беле деген суроо турат. Эгер андай болсо анда ал катчылык өтөөсүнө чыгарып иштебесе керек. А кокус андай катчылыгы жок эле өтүп кетсе, анда кезекти алмай бермейде кемчилик кеткен. Адегенде ошол жагын кынтыксыз караш керек эле. Оюн кайда өтпөсүн катчылык ошол жерге иш ордун которуп, курамы жаңы мүчөлөр менен толукталып, Кыргызстан киргизген эрежелер унутта калбай, кабыл алган тараптын сунуштары четте калбай улангыдай болушу шарт эле. Кемичлиги ушунда болду. Артыкчылыгы - Кыргызстан башында турган оюн кезинде Осмон империясы деп дүң болгон Түркияда өткөнү болду. Эми кайрадан көк бөрү менен көк парга келели.

Талас Бегалиев. Көк бөрү федерациясынын президенти
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Талас Бегалиев. Көк бөрү федерациясынын президенти

Ван кыргыздары...

Мындан туура 40 жыл мурун Түркияга көчүп барган Ван кыргыздары кыргызстандыктарга болушунча боор тартып турду. Ат маселесине келгенде дагы, котормочулугунда дагы бир топ салымдарын кошту. Муну өз көзүм менен көрдүм. Түркия менен Кыргызстан бет келген күнү эки тайпа бири-бирин сүрөп, тууганча оюн курушуту. Аны көрүп бир топ түркиялык биздин улакчылар да катыра ойнойт турабайбы деп кубанып калды. Бул эсте калган дагы бир маанилүү беттеш болду.

Айтмакчы, Ван кыргызынын уулу “Көчмөндөр оюндарынын” көркүн чыгырчу кыска тасманын баш каарманы болгон экен. Эне-Сай кыргызындай узун чачтуу, сары чийкил, шадылуу жигит тартылган экен. Оюн учурунда акбозун алкынтып минип алып, мен кыргызмын деп эл аралап жүрдү.

Ван кыргызы. Ахмед Айтач
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ван кыргызы. Ахмед Айтач

Көк бөрүчүлөр көйгөйүн айтып алды...

30-сентябрь түшкө чамалап көк бөрүчүлөргө жолуга турган болдук. Болжошкон жерге келсек талкуу башталып калган экен. Кандай кылабыз деп улам бири оюн ортого салып олтурду. Көрсө, так ошол учурда федерациянын президенти Талас Бегалиев кесиптештеринин биринен кеп уккан экен. Анын айтымына караганда, байге чечиле элек, тай казан кайда, аттар кандай бөлүштүрүлөт деген сыяктуу чечиле элек бир топ маселеден улам көк бөрү жөн гана көрсөтмөлүү оюн болот деп угуптур. Талаш-талкуу бир топко уланды. Акыры кеңешип, бир чечимге келип, ал чечимин кыргыз боз үйүндө жарыялашмак болду. Баары бир ооздон эгер мындай мамиле болсо бээ мингенге жетип, көк бөрүнүн кадырын кетирбейли дешти. Тизмеден алынды деген чуулуу сөз так ошол жерде айтылды. Ишти өтөсүнө чыгырыш керек эле деп айрым жетекчилердин дарегине катуу сын да жаады.

Федерациянын мындай чечимин Би-Би-Си учкай жарыялаган соң ошол туштагы министр Азамат Жаманкулов байланышып, көк бөрү тизмеден алынбаганын, түнү менен болсо да байге маселесин чечип, оюн башталаганча суммасын жарыялай турганын убада кылды.

Изник шаарындагы сүрөнчүлөр
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Изник шаарындагы сүрөнчүлөр

Кыргыз-казак эрендери бет келди...

Калп айткан менен болобу башкаларга салыштырмалуу кыргыз, казак оюнчулары дурусураак аттарды тандаптыр. Көк пар башталып эки тарап аттарынын алы келишинче тартышып жатты. Чийинден чыгып кетти, чийинге түшпөй калды дегендерди эске алганда кыргыз улакчылары алдыга кетти. Аңгыча эле кыргыз тараптан калыс катуу чырылдап калды. Оюн бүтөрү менен барып сурасам калыс өзбекстандык казак экен, эми улана берсин деп койду. Экинчи жагынан талаш күчөп кетсе, көк пардан кийин алар көк бөрүгө чыкпайбыз деп койсо кандай болот деп айлабыз кетти деп кеп кылды. Дагы бир оюнчусун эреже бузду деп эки мүнөт четтетиши керек эле четтетпей да койду деп кошумчалады.

Ат майдандагы улакчылар бир тең, көрүүчүлөрдүн “күрөшү” бир тең болду. Кыргыз эле кыргыз деп сүрөп, бакырып кирди. Аңгыча биз да аз эмеспиз деп казак туугандар айгайлап, добушу катуу чыксын дедиби жер тепкилеп уу-дуу эле кылып жибершти. Эки желек биринен сала бири желбиреп, сүрөөнчүлөр аба жарып бакырып турду. Аңгыча эле убакыт бүттү. 3-4 эсеби менен Казакстан жеңди дегенде көк желекти булгап, баурлар катуу кубанды. Деми бир аз сууй түшкөн кыргызстандыктар эми көк бөрүдөн көрсөтө көргүлө баатырлар деп тиленип турду...

Бир байкаганым мындайда күйөрмандардын сабыры менен салабаттулугу өтө маанилүү экен. Баш оту менен сүрөп жатканда бири-бирине кенедей эле шек келтирип алса калайман түшүп калчудай. Кырчылдаган намыс талаш экенине карабай бул оюн экенин, ал элди бөлүүгө эмес, жакындатууга жаралганын эске бекем түйсөк эки тарап тең утаары талашсыз. Талас Бегалиев дагы оюн оюн менен, достук достугу менен болсун, эки эл эч качан ыркы кетпесин деп кайталап жүрдү.

Тогуз толгоо бир келди...

Көк пар бүтөрү менен казакстандык оюнчулар жеңишин ураалап, абдан кубанып турду. Чакан салтанат куруп жиберишти десем ашыкча болбостур. Так ошонун эле жанында, он метрдей бери жакта кыргыз көк бөрүчүлөрү аттын айласын таппай, тегеренип, тегеренип турду. Биздин көзүбүзчө эле түрк тууган бир улакчыны атсыз калтырды. Вандык кыргыз которуп берип, кепке келтирейин десе да болбой атын алып кетти. Андан бери бурулсам эле атсыз калган Курманбек баатырдай болуп, айтылуу улакчы Манас Ниязов жөө турган экен. ("Курманбек" кенже эпосунда атасы Тейитбек Курманбекке ат бербей койгон жери бар эмеспи. Бул ой толгоодо атасы ат бербей койду деген өңүттө эмес, ат жандуу, эрдиги да өмүрү да атка байланган эки мыктынын жөө калган учурун салыштырдым). Ою он талаа экени жүзүнөн эле даана байкалып турду. Аңгыча эле тигил жакта жарактуу бир ат турат, алып бергилечи, алып бергилечи деп калды. Кууса жеткирген, качса куткарган кайран гана “Бойкасы” көзүнөн учуп эле кетти дедим. Эми ат чыкпай калса эмне болот деп бушайман түшкөндү айтпаңыз. Талас Бегалиев ары-бери чапкылап эле калды. "Атаңдын көрү ай ээ, жанагылар убада бербегенде аттарды бир камазга жүктөп, артынан чөбүн жүктөсөк дагы Грузия аркылуу болсо да бир аптада келет эле го" деп бир тобу күбүрөнүп жүрдү. Ошентип жатып, мына оюн башталат дегенде Манаска ошол жерден ат сатып беришти. Анан оюн башталды. Мактагандай сүрөттөбөйүн, 5-0 деген эсептин өзү эле көп нерсени айтып турат.

Башкы саяпкер Таалай Мырзакматов аттарды Түркияга деп сылап, сыйпап таптаган эле
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Башкы саяпкер Таалай Мырзакматов аттарды Түркияга деп сылап, сыйпап таптаган эле

Баасы жок белек...

Кыргыз көк бөрүчүлөрүнүн жеңиши бир тең, андан кийинки марттыгы бир тең болду. Кубанбаган киши калбаса керек. Оюн аяктаганда ошол жердеги эки тай казанды, Манаска сатып алган атты, он эки даана эр токумду ат жабыдыгы менен толук Ван кыргыздарына белек кылып, көк бөрүнү мындан ары да күчөтүп ойноп жүргүлө деп ыроолоп келишкени чоң өрнөк болуп калды!

Эми дал ошол жерден, дал ошол ээрден чоңойгон жигиттер кыргыздын оюнун кыйлага даңазалап, кыраандардан ээр алдык, кыраандардан ат алдык деп кубанып жүрүшсүн! Мына ушундай өрнөктөр кыргыз-түрк алакасын, достугун, туугандыгын бекемдей берсин.

Дагы бир жакшы жөрөлгө кыргызстандык Нурмухаммед Миңбаевдин так ошол оюндар өтчү шаарчанын борборуна калдайтып ак өргө тиктиргени көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Кан өргөдөй калдайган, он эки канат боз үйдүн турганы далай кишиге дем берип, канат байлатып турду. Нака кийизден, жыгачтан болушу керек эле деген сындар да айтылып, жазылууда. “Миң уккандан бир көргөн артык” дегендей көрсө көп киши ал оюнан кайтса керек.

Негизи ал сын дагы жаман эместир. Бирок бир чындыкты эске алуу керек. Жыгач менен кийизден жасалган боз үйдү кастарлап кармап, кемелине келтирип урунуу ар кимдин эле колунан келе бербейт. Керек болсо чоң ата, чоң энесинин табериктей боз үйүн күбөгө жедиртип, уук-керегесин ыдыратып алган далай кишини көрүп жүрөбүз го. Ошондой шартта темирден болсо да жешилбей, таардан болсо да тешилбей боз үй көпкө кызмат кылса деген ой. Жасалгасын болсо мындан көрүңүз...

Изник шаарына тигилген кыргыз боз үйү. Боз үйдүн бир ыптасы
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Изник шаарына тигилген кыргыз боз үйү. Боз үйдүн бир ыптасы