Көкбөрү, көкпар. Окшош оюндан чыккан бүтпөс талаш

Абдыбек Казиев, Би-Би-Си, Стамбул

Көкбөрү

Сүрөттүн булагы, svetlana zelenskaya

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2016-жылы Кыргызстандын командасы Казакстанды финалда 15:3 эсеп менен жеңген

Көчмөндөр оюндары Изникте өтүп жатат. Көкбөрүбү же көкпарбы, кайсынысы көз жоосун алат деген талаш бул жолу да аябай кызыды. Ал ат майданында ким мыкты, ким күчтүү, ким шамдагай деген көрүнө да көмүскө да атаандаштык менен эле бүтүп калган жок.

Андан да маанилүүсү - көчмөндөр оюндарында кайынысына артыкчылык берилет, кайсынысы уюштуруучулардын көңүлүндө туруп оюндардын негизги тизмесинде калат деген талашка айланганында.

Кыргыз, казактын ат оюндары боюнча атка минерлеринин ат майдандан сырткары талаштары ит жыгылыш менен келе жаткандай. Айлап даярданып, эми оюнга жөнөйбүз, биринчи жолу аргымактарды азанатып асман менен алып барабыз деген аракет, тилек ишке ашпай калды.

“Түркиядан Бишкекке учак келе албай калды” деген расмий жооп айтылды. Расмий эмес, көшөгө артындагы жооп “милдетин алган жетекчилер жолун таба алган жок, жолун тапса тилин таба алган жок, тилин тапса каржысын чече алган жок” деп кеп болууда.

Кыргызстандын курама командасы

Сүрөттүн булагы, World Nomad Games

Учак маселеси чечилгенде Алат-Тоодон аба жиреп учуп келген аргымактар байыркы даван аргымактарындай ого бетер сырдуу, ого бетер барктуу көрүнүп туруп бермек.

Анан оюнга киргенде асман жердин ортосун сапырып, алыскы Түркияда кыргыз, казак деген ураан, сүрөөн аба жарып турса не деген керемет болмок? Мына ошондо “биздин жигиттерди көрдүңөр да” деп эки тарап тең төбөсү көккө жетип турмак.

Башка оюндар, ачылыш-жабылыш бир тең болмок, кайран улак тартыш бир тең болмок! Тилекке каршы андай болгон жок. Талашып олтуруп андан да жок, мындан да жок калды. Анын запкысы биринчи эле улакчыларга тийди. Жоон топ оюнчу алдындагы алкынган аргымактары жок, жөө жалаңдап барышып, Түркиядан ижарага ат алууга аргасыз болушту.

Эми ошол жерде да “аттын мыктысын сен алып коюпсуң, мен алып койдум” деген талаш басылбай жатканын кулагыбыз чалды. Ушинтип олтурса бул оюн төөнүн эки өркөчүндөй, бээнин эки эмчегиндей, маңдайлаша олтурса эгизден “эки эли” эле айырмасы бар эки улутту бириктиреби же жиниктиреби?

Талаша берип, кайым айтышып, ал талаш интернетке көчүп, интернеттен айылга чейин аралап, араздаша берсе аягы эмне болот?

Кыргызстан көкпар оюнунда

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстан көкпар боюнча биринчи турда Түркиянын командасын жеңди

Колдон келсе асыл оюнубуз деп экөө биргелешип ааламга таанытып, ат мине алгандын баарына биргелешип туруп кеминде эки жүз өлкөгө таанытып, так ушул оюндар боюнча дүйнөнүн башкы машыктыруучуларына айланып алса болот эле го чиркин?!

Анын ордуна жыйнаса 25 миллионго жетпеген эки эл, ага тууган эки анжы болуп олтурат.

Силердин утуш - таштаган улак, уткан мөөрөйдө эмес баатырлар! Силердин утуш эки улут биригип, жети миллиарддан эбак ашкан адамзатка ушул оюнду жайылтуу, даңазалоо.

Талашыңар оюндун ойдо жок жерден чыккан "эрежеси" же куру намыс эмес, данакерлик, ынтымак эле го... Көк тиреген тоолор менен учу кыйыры жок кең далааны дүйнө элине даңазалоо болчу.

Футбол академиясы дегендей эле укмуш академияны эки өлкөдө тең ачып алып, миллиондогон чет элдикке оюн үйрөтүү. Анткендин ордуна азыркыдай талашып-тартыша берсе, түрк тектүүлөр бирикиле деген улуу мүдөө, улуу ой кайдан, кантип ишке ашат?