Кыргызстандын имиджин жогорулатуудагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын орду

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстан 1991-жылы көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин эл аралык мамилелерин өз алдынча жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Кыргыз Республикасы тышкы саясатында биринчиден улуттук кызыкчылыктарын коргоо, жаңы демократиялык, укук туткан мамлекетти куруу үчүн тышкы ыңгайлуу шарттарды түзүү максатын көздөйт.
Кыргызстандын эгемендүүлүк алганына болгону 31 жыл болду, бул тарыхта көз ирмем гана болгону менен, азыркы ааламдашуу доорунда Кыргызстан эл аралык коомчулукка өзүн өз алдынча суверендүү мамлекет катары тааныта алдыбы деген суроо туулат. Кээ бирлери Кыргызстанды Борбордук Азиядагы демократиялык аралча катары, ал эми кээ бирлери табияты кооз, тоолуу туристтик өлкө катары, кээ бирлери ички саясий жараяндарга байланыштуу революционер, туруксуз өлкө катары көрүп, ар кандай сыпатташат. Мындай абал Кыргызстанда кабыл алынган мамлекеттик идеологиясы, жалпы улуттук бренди же имиджи жок экендигинен кабар берет.
Бул багытта мамлекеттин саясий имиджи деген эмне, анын кандай мааниси бар деген суроолор туулат. Мамлекеттин саясий имиджи – бул мамлекетке карата айтылган же жаралган образ. Ар бир мамлекет максаттуу түрдө өз имиджин позитивдүү жактан көрсөтүүгө аракет кылат, барыбызга белгилүү болгондой ички жана тышкы аудитория бар. Ички аудитория мамлекеттин калкы, ал эми тышкы аудитория болуп башка мамлекеттер, эл аралык уюмдар, чет өлкөлүк саясий лидерлер жана социалдык индивиддер саналат.
Мамлекеттин саясий имиджи - оор системдик курулуш болуп, көптөгөн компонеттерди өзүнө камтыйт, мисалы, мамлекеттин эл аралык статусу, мамлекеттин улуттук жана чөлкөмдөгү саясаты, мамлекеттин геосаясий абалы, саясий менталитет жана башкалар.
Кыргызстандын имиджи тууралуу расмий документтерде өтө аз кездешет. Мисалы, 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын Өнүктүрүүнүн Улуттук Стратегиясында, мамлекеттик башкарууда прагматикалуу тышкы саясат жүргүзүүнү, ошондой эле “...Кыргыз Республикасынын эл аралык аренадагы позитивдүү имиджин чыңдоону көздөйт...”, - деп белгиленген.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Имидж тууралуу ошондой эле 2019-жылы 11-мартта кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Тышкы саясатынын концепциясында маданий-гуманитардык чөйрөдөгү тышкы саясаттын артыкчылыктары катары да төмөнкүлөр айтылат. “ ...Кыргыз элинин этномаданий өзүнчөлүгү мамлекеттин маданий ар түрдүүлүгү жана демократиялык негиздери менен катар Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын көрсөтүүнүн жана эл аралык аренада өлкөнүн оң имиджин түзүүнүн булагы болуп эсептелет. Кыргыз Республикасы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негиздөөчүсү болуу менен, дүйнөнүн көчмөн элдеринин маданиятын, өзүнчөлүгүн жана жашоо салттарын кайрадан жандандырууга жана сактоого өзүнүн салымын кошууну улантат. Кыргыз Республикасынын улуттук бренддерин чет өлкөлөрдө жигердүү илгерилетүү дүйнөлүк аренада өлкөнүн жагымдуулугуна жана таанылуусуна жана чет өлкөлүк туристтерди тартууга өбөлгө болот ...”.
Азыркы мезгил ааламдашуу доору деп сыпатталып, интеграциялык процесстер жүрүүдө. Бүгүнкү күндө мамлекеттер бири-бири менен тыгыз интеграциялык мамилелерде болуп, өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга кызыктар. Анткени азыркы дүйнөдөгү абалга ылайык бир дагы мамлекет азыркы заманбап чакырыктарга жана көйгөйлөргө өз алдынча эффективдүү туруштук бере албайт. Мындай абал маданий тармакта да жүрүүдө. Ааламдашуу чакырыктарынын контекстинде маданий көп түрдүүлүктү сактап калууну керек. Бул жагынан көчмөн цивилизациясынын маданиятын жандандырып жана сактап калуу максатында кыргыз өкмөтү тарабынан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү сунушталган.
Түркиянын Изник шаарында бүгүн 29-сентябрда IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды. Бул этностук спорт түрлөрү боюнча уюштурулуучу эл аралык спорттук мелдештин 4-жолкусу. Кыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негиздөөчүсү катары үч жолу ийгиликтүү өткөрүп 2018-жылы Түркияга эстафета катары өткөрүп берген. Мелдешти өткөрүү демилгеси 2012-жылы Түрк Кеңешинин саммитинде Кыргыз Республикасы тарабынан көтөрүлүп, 2014-жылы тарыхта биринчи ирет Кыргызстанда өткөрүлгөн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Мелдешке Азия, Европа, Түштүк Америка, Америка өлкөлөрүн камтыган 19 өлкөдөн 583 спортсмен катышкан. 2016-жылы катышуучу өлкөлөрдүн саны 3 эсе көбөйүп, 62 өлкөдөн 1200 чакты спортсмен катышкан. Ал эми 2018-жылы 74 мамлекеттен 2500 чакты спортсмен катышкан. Ошентип, Көчмөндөр Оюндарына катышкан өлкөлөрдүн саны гана эмес, анын масштабы жана ага кызыктар тышкы аудиториянын саны да өскөн. Алсак, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын 2012-жылы 40 чет өлкөлүк массалык малымдоо каражаттары 230 000 000 адамга көрсөтсө, 2018-жылы 600 чет өлкөлүк журналисттер чагылдырып 500 000 000 аудиторияга көрсөткөн.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары адамга берилген цивилизациялык мурас катары, этноспорт жана этномаданиятты өнүктүрүүгө багытталган.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын миссиясы, этностор жана элдер арасындагы этномаданияттын нускалыгын сактоо менен аны жандандырып, өркөндөтүү. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды сактоо боюнча мыкты тажрыйбалардын тизмесине да кирди. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Көчмөндөр оюндарын ЮНЕСКОнун бул тизмесине киришин "... бул азыркы тапта улуттук маданий мурастарды сактоодогу эң жакшы аянтча", - деп баса белгилеген.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөрүлгөн маданий иш-чаралардын да мааниси абдан чоң. Алар аркылуу кыргыз элинин салттуу маданиятын эл аралык коомчулукка көрсөтүүгө, таанытууга жана популяризациялоого жакшы шарт түзүп берди. Ошондой эле, көчмөндөр оюндары чет өлкөлүк туристтерди тартып, Кыргызстандын туристтик потенциалынын жогорулашына да өз салымын кошту.
Жыйынтыгында, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ички гана аудиторияны камтыбастан, эл аралык коомчулукту да кызыктырып, эл аралык институттар тарабынан таанылды. Демек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу ири долбоорлорду ишке ашыруу менен этно-маданий потенциалды өнүктүрүүгө болот.
Сыймык Эдилбек уулу. Эл аралык мамилелер боюнча адис
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт














