Көчмөндөр оюндары өтүп жаткан шаарчада эмне болуп жатат?

Бүгүн Түркиянын Изник шаарында Төртүнчү Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды. Ошентип көчмөндөр оюндары алгачкы ирет чет өлкөдө өткөнү турат. Оюндары саналуу сааттан кийин башталат. Бул Бишкек убактысы боюнча саат 22:00го, Туркия убактысы боюнча 19:00го туура келет. Би-Би-Си Кыргыз кызматы оюндарды откоруу учун курулган атайын шаарчага келди.
Маалыматка ылайык, бул оюндарга дүйнөнүн 102 өлкөсүнөн үч миңден ашуун спортчу жана 300 миңден ашуун күйөрмандар катышат. Ал эми Кыргызстандын 148 спортчусу мелдештин 11 түрү боюнча катышат. Мындан сырткары, оюндардын ачылыш аземине 30 кыргызстандык маданий ишмер катышат.
“Анын ичинен көк-бөрү жана “Алыш” бел боо күрөшү расмий түрдө киргизилген. Мындан сырткары оюндун программасында татар күраш, ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, пахлавани, шалвар күрөшү, май күрөшү, мас-рестлинг, көк-пар жана салттуу жаа атуу спорту бар”, - деп билдиришти Дене тарбия жана спорт департаментинен.
Ошондой эле көргөзмө оюн катары кыргыз күрөш жана тогуз коргоол киргизилген.

Сүрөттүн булагы, official
Кыргызстандыктардын арасында Стамбул шаары абдан белгилүү. Тарыхый, маданий шаар менен оюн өтө турган шаардан аралыгы кеминде 250 км экенин стамбулдук айдоочубуз айтып келди. Бир окшоштугу айланасын адырлуу тоо курчаган жердеги көл.
Бул жердеги оюндар дагы көл жээгинде отот экен. Биз шаарчага жакындап калганда биринчи эле көзгө урунганы – шаарчанын үстүндө аба жарып күркүрөп учуп жүргөн кыйраткычтар болду. Алар салтанатка көрк берүү үчүн учурулганын дароо эле кооз, коюу түтүнүнөн байкоого болот.
Шаарчада чоң жана майда чатырлар каз катар тигилген. Башкы аренадан алыс эмес жерде чоңдугу 12 канаттан кем эмес боз үй тигилип турат. Эл көп, сакчылар да кыйла көп, бирок чет элдик меймандар анчейин көп эместей сезилди. 100дөн ашуун мамлекттин спортчулары күч сынашып, өнөр көрсөтөт деп жаткан айылга келгенибизде соңку даярдыктар дагы деле уланып жатканына күбө болдук.
Маалымат борбору кайда жайгашкан, кайдан интернетке туташабыз деп убара тарткан жергиликтүү журналисттерди дагы, чет элдик журналисттерди дагы кездештирдик. Оюндар жакшы өтөт деп кубанып жүргөндөрдүн катары калын. Эгер интернеттин ылдамдыгы ойдогудай болгондо анын баарын түз алып бермекпиз. Бирок азырынча ал оюбуз ишке ашкыдай эмес.
Ак калпагын баса кийип кыргыз көкбөрүчүлөр жүрөт. Аты жок келдиңиздерби деп дагы бир жолу сураганымда ооба, биз да, казактар да аты жок келдик деп жооп берди. Кыскасы оюндардын кызыгы көп болгудай. Оюнга кеминде 100 өлкөдөн спортчулар катышат. 3-октябрда жыйынтыкталат.













