Кытай Шинжаңда адамзатка каршы кылмыш кылдыбы? – БУУнун отчету

Тарбия лагерлери

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытайды Шинжаңда миллионго жакын уйгур жана башка мусулман калктарды ээнбаштык менен тарбия лагерлерине камаган деп айыпташууда.

БУУ көптөн бери күтүлүп жаткан отчетун чыгарып, Кытайды Шинжаң провинциясындагы уйгур жана башка мусулман калктарды кармап-камап, кыйноого салган, “бөрк ал десе баш алган” өкүмзордук саясатка айыптады.

Кытай өз кезегинде бул очтетту жарыялоого каршы болуп, аны батыш өлкөлөрүнүн оюна келген “фарс” деп атады.

Отчетто уйгур мусулмандары жана башка этникалык азчылыктарга жасалган куугунтук, зордук-зомбулук фактыларына баа берилген.

Иликтөөчү адистер “кыйноолордун кашкайган далилдери табылганын, алар адамгерчиликке каршы кылмыш болуп каралышы мүмкүн деп билдиришти.

Алар Кытайды улуттук коопсуздук жөнүндө чаржайыт жазылган мыйзамга таянып, азчылыктардын укуктарын басмырлап, ээнбаштык менен кармап-камоолорго барып жатат деп айыпташты.

БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынын тапшырмасы боюнча даярдалган отчетто камакка түшкөн адамдарга “ырайымсыз мамиле” жасалганы, анын ичинде “жыныстык жана гендердик зомбулук учурлары да” болгону айтылат.

Ошондой эле бийлик үй-бүлөнү пландаштыруу саясатына жамынып алып, адамдардын балалуу болуу иштерине чейин кийлигишип, мажбурлап дарылаган учурлары да жазылган.

БУУ Кытайга “ээнбаштык менен эркинен ажыратылып камакка алынган бардык адамдарды бошотууга” чакырды жана Пекиндин айрым аракеттери “эл аралык кылмыштарга, анын ичинде адамгерчиликке каршы кылмышка барабар” болуп каралышы мүмкүн экенин эскертти.

БУУнун отчетунда канча адам ээнбаштык менен кармалып камалганы так айтылбайт, бирок укук коргоочулардын эсебинде Шинжаңдагы тарбия лагерине камалган адамдар миллиондон ашат.

Шинжаңда 12 миллиондун тегерегинде уйгурлар жашайт, негизинен баары мусулман. Бирок БУУнун отчетунда мусулман эмес калктардын да башына түшкөн кыйынчылыктар да айтылат.

Бир топ мамлекеттер Пекиндин Шинжаңдагы саясатын геноцид деп аташкан.

Пекин өз кезегинде аны кыянат иштерге айыптаган отчетту четке кагып, тарбия лагерлери терроризм менен күрөшүү үчүн ачылганын жүйө тартууда.

"Кытай уйгурларга каршы геноцид уюштурду"

Тарбия борборлору

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытай Шинжаңдагы тарбиялоо лагерлерин кесиптик билим берүү борбору катары атаган менен аны сыртынан түрмөдөгүдөй кайтарат.
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Майк Помпео Кытай уйгур жана башка мусулман азчылыктарына каршы геноцид жасады деп билдирген.

"Менимче, геноцид дагы деле уланып жатат. Кытайдын бир партиялуу мамлекети тарабынан уйгурларды жок кылуу жараянына күбө болуп жатабыз",-деп айтты Помпео.

Жо Байдендин мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен дагы Помпеонун сөзүн колдоп чыккан.

Байдендин командасынын өткөн жылы август айында чыгарган кайрылууда "уйгурлар авторитардык Кытай бийлигинин колунан ырайымсыз куугунтукталды" деп айтылган.

Адам укуктарын коргогон топтор Кытай миллиондон ашуун уйгур жана кыргыз, казак сыяктуу башка азчылыктарды тарбия лагерлерине күч менен жөнөткөнүн байма-бай айтып келет.

Би-Би-Си Бээжин Шинжаңдагы азчылыктарды мажбурлап иштетип жатканын дагы ашкерелеген иликтөөсүн жарыялаган.

Шинжаңдагы азчылыктарга карата мамилени кескин сындап келген Европа Биримдиги, Британия жана Австралия дагы Вашингтондун артынан "геноцид" деп айтып чыгышы ыктымал.

Эми БУУ Кытайга олуттуу айыптоолорду койгон билдирүү жасады.

Мунун арты менен дүйнөлүк коомчулуктун Кытайга карата кысымы күчөшү дагы мүмкүн. Бирок бул кадам Бээжиндин саясатын өзгөртөбү?

уйгур протест

Сүрөттүн булагы, Getty Images