Мигранттар чабуулу: ЕБ-Беларус сүйлөшүүлөрү

Польша-Беларус чек арасында

Сүрөттүн булагы, STATE BORDER COMMITTEE OF BELARUS/EPA

Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель шейшембиде Беларустун тышкы иштер министри Владимир Макеев менен телефондон сүйлөшүп, Польша менен чек арада тартипти калыбына келтирүүгө чакырды. Андан мурда Беларустун президенти Александр Лукашенко менен Германиянын канцлеринин милдетин аткаруучу Ангела Меркелдин телефондон сүйлөшкөнү кабарланган эле.

“Евробиримдиктин кеңешинин жыйынында Беларусту талкуулагандан кийин мен телефондон сүйлөштүм. Мен Беларус менен Евробиримдиктин чек ара районунда тартипти калыбына келтирүү жана бул зонада топтолуп калган адамдардын оор гуманитардык кырдаалын чечүү үчүн чукул аракеттерди көрүүгө чакырдым”,-деп жазды Боррель "Твиттерге".

Дүйшөмбүдө Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Беларуска каршы санкциялардын бешинчи блогун киргизүү жөнүндө чечим кабыл алышты жана мигранттарды Беларуска ташыган авиакомпанияларга, турагенттиктерге жана жеке адамдарга жаңы санкциялык механизди колдонууну макулдашты.

Кийинки күнү Беларустун президенти Александр Лукашенко Германиянын канцлеринин милдетин аткаруучу Ангела Меркель менен телефондон сүйлөшкөнү кабарланган эле. Алар миграциялык кризисти чечүү үчүн Макеев менен Боррелдин туруктуу байланышын кармоону макулдашкан болчу.

Чек ара Польша_Беларус

Сүрөттүн булагы, BELARUSIAN STATE BORDER COMMITTEE

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чек араны бузуп өтүүгө аракет кылган мигранттарды полшалык чек арачылар кайра артка сүрүштү

Шейшембиде Польша менен чек арага топтолгон мигранттар Германияга жол ачууну талап кылып, польшалык күч кызматкерлерине таш жаадырып, бөтөлкөлөрдү ыргытышты. Күч кызматкерлери жооп кылып, көз бууган газ колдонушту, бир нече ышкырган гранаталар жарылды. Суу менен аткылап, мигранттарды чек арадагы тосмолордон ары сүрүп салышты.

Польшанын полициясы кагылышуу учурунда өзүнүн жети кызматкери жаракат алганын билдирди. Ал эми мигранттар токойдогу лагерине кайтып кетишти.

Беларустун Чек ара комитети Польшаны мигранттарга адамгерчиликсиз мамиле кылууда деп айыптоодо.

"Чет өлкөлүктөрдүн ичинен айрым эркектер оор шарттардан кыйналып Польшанын аймагына кирүү аракетин көрүштү. Польша тарап куралсыз качкындарды суу менен аткылап, аларга ышкырган гранаталарды колдонду",-деди Беларустун Чек ара комитети.

Польшанын Коргоо министрлиги өз кезегинде мигранттардын өздөрү ышкырма гранаталар менен куралданып жүрүшкөнүн, аны Беларустун атайын кызматтары беришкенин айтууда.

Азыркы убакта чек аранын Беларус жагында Европага кирип кетүүнүн аракетин көрүп жаткан төрт миң чамал мигрант бар деп кабарланууда.

Евробиримдик Беларустун бийлигин гибриддик согуш жүргүзүүдө деп, башкача айтканда Батыш киргизген санкциялар үчүн атайын кризистик кырдаал түзүп жатат деп айыптоодо.

Беларустун президенти Александр Лукашенко бул кризисте өзүнүн эч күнөөсү жок экенин баса белгилеп, мигранттарды кабыл албай жатат деп кайра Батыш өлкөлөрүнө жоопкерчилик жүктөөдө. (КС)