Беларус-Польша мигрант кризиси: Кантип миңдеген адамдар Чыгыш Европада чек арада отуруп калышты?

Польша-Беларус чек арасындагы мигранттар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мигранттардын арасында жаш балдар да көп, алардын абалы жакын арада начарлап кетиши ыктымал

Беларус менен Польшанын чек арасындагы миграциялык кризис барган сайын күчөп жатат. Жакынкы Чыгыштан жана Африкадан келген миңдеген адамдар Польшага өтүп кетүүнүн айласын издөөдө. Би-Би-Си ал адамдар бул жерге кантип келип калганы туурасында айрым негизги суроолорго жооп берет.

Flightradar24 сайтындагы маалымат боюнча, алдыңкы аптада Минскке Стамбулдан 21 рейс, Дубайдан 12, ал эми Багдаддан бир рейс учуп келет. Бул сайт чартердик рейстерди ар дайым эле эсепке ала бербейт.

Ал рейстердеги жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү мигрант болушу ыктымал. Алар беларус бийлигинин тымызын колдоосу менен өлкөнү Евробиримдик (ЕБ) аймагына өтүп кетүү үчүн транзиттик жер катары колдонууда.

Миграциялык кризис кантип башталып кетти?

2020-жылдан бери беларус бийлиги 76 өлкө үчүн виза талаптарын алып салып же болбосо бир топ эле жеңилдетип койгон. Алардын арасында Сирия, Ливия, Ирак жана Афганистан сыяктуу куралдуу жаңжалдан жабыр тарткан өлкөлөр да бар. Аталган өлкөлөрдөн жарандар чыгып кетүү үчүн аракет кылып келишет.

Сириядагы, Ирактагы жана Түркиядагы саякат агенттиктери Беларуска сапар тартууну жарнамалап, ЕБ аймагында үй жана жумуш сунуштай башташкан. Жүздөгөн мындай сунуштар аймактагы популярдуу кат алышуу кызматы эсептелген WhatsApp аркылуу таратылган.

Шарттарына карап, мындай саякат $10,000 - $20,000 турат. Германиянын Deutsche Welle медиа уюму өзүнүн иликтөөсүндө беларус консулдуктары мындай агенттиктерге Беларустун визасын берүү укугун ыйгарганы айтылат.

Быйыл Беларус Жакынкы Чыгышка учкан рейстеринин санын кескин түрдө көбөйткөн. ЕБ өлкөлөрүндө саякат агенттиктеринин сунуштарынын артында беларус бийлиги турат деп ойлошот. Мисалы, Франциянын Тышкы иштер министрлигинин ошентип айтканы бар.

Беларус-Польша чек арасы

Сүрөттүн булагы, Maxar technologies

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Спутниктен тартылган бул сүрөттөн Беларус менен Польшанын чек арасында мигранттар тизилип турганын көрүүгө болот

Ал мигранттар/качкындар кайдан келишти?

2021-жылдын сентябрь айында Ирактан келгендер көп болгон. Сентябрда ЕБ тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жозеп Боррелл Ирактын бийлиги менен Беларуска учкан рейстердин санын азайтуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүүгө жетишкен.

Азыр болсо ушул жол менен ЕБ аймагына кирүүгө аракет кылган адамдардын көпчүлүгүн сириялык күрддөр түзөт. Аларга Сириядагы бийлик өкүлдөрү да, "Ислам мамлекети" тобунун жоокерлери да коркунуч жаратат.

Алардан тышкары Ливиянын, Афганистандын жана Йемендин жарандары дагы бар. Саясий же диний негизде куралдуу жаңжал жүрүп жаткан Африкадагы Конго же Эфиопия сыяктуу бир нече өлкөдөн дагы адамдар келген.

Алар кантип беларус-польша чек арасына келишти?

Биринчи, Белавиа, Түрк, Катар аба жолдору жана ошондой эле бюджеттик FlyDubai (ФлайДубай) авиакомпаниясынын кадимки (чартердик эмес) рейстери менен учуп келишкен.

Жакынкы күндөргө чейин, эгер кажет болсо, качкындар үчүн виза аэропортто берилип турган.

Минсктеги мигранттар
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Минск аэропортундагы мигранттар. Минсктин тургундарынын айтымында, көпчүлүк жер астындагы өтмөктөрдө жана шаардагы турак-жайлардын кире беришинде чатырча тигип жашап жатышат

Учуп кетип жатканда жүргүнчүлөрдүн кимиси мигрант же качкын экенин аныктоо дээрлик мүмкүн эмес. Алардын акчасы бар, документтери баары жайында, кийимдери да көп өзгөчөлөнбөйт. Авиакомпаниялар ал жүргүнчүлөрдү учакка албай койгонго себеп да жок.

Андан кийин эмне болору анча түшүнүктүү эмес. Мигранттар Минскке келери менен өздөрү тартып чыгарган видеолордон аэропорттон Минскке жана андан ары Литванын же Польшанын чек арасына трансфер абдан жакшы уюштурулганын көрүүгө болот. Бирок, муну ким уюштуруп жатканын так айтуу мүмкүн эмес.

Мигранттар менен качкындар чек арадан кантип өтүп жатышат?

Миграциялык кризистин башталышында, Польша менен Литванын чек арачылары адамдарды өткөрүп, атайын жайларга жөнөтүп жатышкан. Ошол эле маалда, эки өлкөнүн тең Тышкы иштер министрликтери Беларусту бул жаңы көрүнүштү уюштуруп жатат деп дароо айыптап чыгышкан.

Качан гана жүздөгөн, кийин миңдеген адамдар күн сайын чек арадан өтүүгө аракет кыла баштаганда, Польша менен Литва аларды киргизбей, чек арасын тикен зымдар менен тосууга киришкен.

Беларус-Польша чек арасындагы тикен зымдан тургузулган тосмонун жанындагы мигранттар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чек арадан адамдар көп өтө баштаганда тикен зымдардан тосмо орнотулган

Азыр эми чек араны мыйзамсыз жол менен гана басып өтүүгө болот, ошентсе да көпчүлүгү аракет кылып көргүсү келет.

Алар же болбосо чек ара сакчыларынын тосмосун бузуп өтүшөт (9-ноябрда эки ушундай окуя болду), же болбосо корголбогон аймактарды издеп жатышат. Беларус менен Польшанын чек арасы дээрлик 400 км жана анын көпчүлүгүн токойлор же саз түзөт.

Беларус чек арачылары эмне кылып жатышат?

Соңку апталардагы жана айлардагы качкындардын жана мигранттардын өздөрүнүн ондогон билдирүүлөрүнүн, Литванын жана Польшанын бийлиги коомчулукка чыгарган видеолордун негизинде айтканда, Беларустун чек ара кызматы качкындарды чек арадан мыйзамсыз өтүүгө түз эле үндөп жатат.

Беларустун чек ара кызматынын веб сайты миграциялык кризис туурасында өзү каалап комментарий берүүдө. Бирок, көптөгөн качкындар чек арадан өтүү үчүн виза алышы керек экенин билбесин айтууда.

"Мыйзамсыз миграцияны токтотуу үчүн Беларус өзүнүн милдетин аткарып жатат. [Бул агымдын] себептерин ЕБ өлкөлөрүнүн "түстүү" революцияларды колдогон аймактардан табууга болот. Ал жактагы жөнөкөй жашоо талкаланып же согуш болуп жатат", - делет министрликтин сайтында.

Беларустун "Наша Нива" гезитине курган маегинде жашыруун бойдон калгысы келген чек ара кызматкери өз мекемесинин аракеттери "мыйзамдын жана убаданын баркын толугу менен түшүрдү"деп сүрөттөгөн.

Беларуска келген мигранттар

Мигранттар акыры кайда барууда?

Польша дагы, Литва дагы качкындар менен мигранттар үчүн транзиттик өлкө. Көпчүлүк туугандары же тааныштары жашаган Германияга, Францияга, Австрияга жана Нидерланддарга барууну көздөйт.

Германиянын бийлигинин маалыматы боюнча, бери эле дегенде 5 миң адам Беларус аркылуу Германияга барган.

Качкындар менен мигранттар Беларуста калып жатабы?

Ооба, бирок бийлик өкүлдөрү алардын так санын эч качан жарыялаган эмес. Минсктин жашоочуларынын айтымында, соода борборлорунда, жер астындагы өтмөктөрдө жана шаардагы турак-жайлардын кире беришинде жүздөгөн адамдар чатырча тигип жашап жатышат.

Балким, мындан улам кырдаалды көзөмөлдөй албай каларынан коркуп акыркы күндөрдө беларус бийлиги өлкөгө кирүү шарттарын күчөткөн.

Айрыкча, алар эң көйгөйлүү өлкөлөрдөн, Сириядан, Ирандан, Афганистандан, Нигериядан жана Йеменден, келген жарандарга аэропортто виза берүүнү токтоткон.

Бул миграциялык кризисте Орусиянын ролу кандай?

Көптөгөн ЕБ өлкөлөрүнүн расмийлеринин оюнча, Орусиянын бул кризиске тиешеси бар. Мисалы, Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий "Лукашенко ишке ашырып жаткан чабуулдун Москвада жетекчиси бар, ал жетекчи президент Путин" деп билдирген эле.

Орусиянын бийлиги мындай айыптоолорду толугу менен четке кагууда. Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Моравецкийдин сөздөрүн жоопкерчиликсиз жана кабыл алынгыс деп атады.

Ошентсе да Германиянын канцлери Ангела Меркел Владимир Путинге кайрылып, кризиске кийлигишүүгө чакырды. ЕБ бул кризисти блокту туруксуздаштырууга багытталган "гибриддик чабуул" деп атоодо. (EA)