Операциядан коркпогон жаштар: пластикалык операция жасаткан кыздар көбөйүүдө

Сүрөттүн булагы, Diana's personal archive
- Author, Амалия Затари, Анастасия Платонова
- Role, Би-би-си
- Окуу убактысы: 10 мүнөт
2024-жылы дүйнө жүзү боюнча 17 миллион пластикалык операция жасалган, бул бир мүнөттө 33 операция жасалды дегенди билдирет. Белгилүү адамдар жүзүн пластикалык хирургия менен өзгөрткөнүн жашырбай калышты, ал эми кыздар пластикалык операциядан кийин көгала болгон, гипстелген мурдун сүрөткө тартып, социалдык тармактарга чыгарышууда. Орусияда да, дүйнө жүзү боюнча да кыздар барган сайын көбүрөөк пластикалык операцияны тандап жатышат. Би-Би-Си алардын айрымдары менен маектешип, дарыгерлерден жана психологдон эмне себептен операцияга батынган кыздардын саны барган сайын көбөйүп жатканын жана бул заманбап коом жөнүндө эмнеден кабар берерин сурады.
"Башкаларды көрүп, мен да батындым"
25 жаштагы Диана өспүрүм кезинен бери эле келбетин өзгөртүүнү кыялданып жүрчү. Диана Түндүк Кавказда төрөлүп-өскөндүктөн жергиликтүүлөрдүн бүкүрү бар мурдун жактырчу. Бирок өзүнүн мурду жакчу эмес, себеби аны өтө чоң жана калың, "тыкан көрүнбөйт" деп эсептечү.
Мектепте окуп жүргөндө Диана өзүн түрү суук балапанга окшоштурар эле: "Мен өтө түнт болчумун, сырткы келбетим такыр жакчу эмес. Чынын айтсам, кайсы бир кезге чейин өзүмдү эркек баладай алып жүрдүм. Кыз экенимди мойнума албай, чачымды кыпкыска кылып кырктырып салгам".
Мектепте классташтары Диананын сырткы келбети үчүн мазакташчу, бул да анын өзүнө болгон ишенимине таасирин тийгизген. "Алар "бул кыз сенден сулуу" деп, мени башкаларга салыштырышчу, - деп эскерет Диана. – Алар: "Сен эшекке окшошсуң, эркек баладайсың, мурдуң чоң" деп айтышчу.
Ошентип, окуучулук жылдары мазак сөздөр менен өткөн: "Мени эч ким уруп-согуп, кемсинтпесе да, балдардын айрым сөздөрү жүрөгүмө катуу тийчү. Балдар таш боор болот экен".

Сүрөттүн булагы, Personal archive
Диана 18ден 21 жашка чейин брекет тагынып, тишин оңдой алган. Бирок мурдунан уялып, бул сезимден арыла албай койду. Жыл өткөн сайын "мурдум өтө жаман" деген ишеним бекемдей берди.
17 жашында Диана Москвага багыт алып, университетти "мейманкана бизнеси" адистиги боюнча бүтүрүп, борбордогу мейманканалардын биринде администратор болуп иштей баштаган. Ал ай сайын маянасынын бир бөлүгүн пластикалык операция үчүн бөлүп турган. Бир жарым жылдын ичинде Диана 230 миң рубль чогулта алды. Махачкаладагы клиникалардын биринде ринопластиканы – мурунду кичирейтүү боюнча операцияны дал ушундай баага жасашат.

Сүрөттүн булагы, Personal archive
Диана Махачкалага операция жасатуу үчүн 2024-жылы учуп барган. Дагестандагы клиниканын баалары Москвадан бир нече эсе арзан болгондуктан, экинчиден, Дагестанда бир нече таанышы операция жасатып, баары ыраазы калгандыктан ушул клиниканы тандап алган.
Достору Диананы операциядан баш тарттырууга аракет кылышкан: "Алар мага: "Сен ансыз деле татынакайсың, эч жериңди өзгөртпөй эле койчу", - дешчү. Мен болсо өмүр бою ушундай мурун менен жашай турганымды элестете албадым. Ошентип, күндөрдүн биринде "болду, жетет, азыр эле операцияга жазылып, мурдумду өзгөртөм" деп чечтим".
Анын айтымында, ата-энеси башында анын пластикалык операция жасаткысы келерин билишкен эмес, билген күндө да бул операцияга акча беришмек эмес.
Диана операцияга жазылып койгондон кийин гана өз чечими тууралуу апасына айткан. Апасы операциядан баш тарттырууга аракет кылганы менен, мындан жыйынтык чыккан эмес. Атасы башынан эле ар кандай пластикалык операцияларга кескин каршы болчу, ошондуктан, операция жасалгандан кийин гана уккан. "Болору болуп, боёсу канып калган турбайбы", - атасы ушуну гана айткан.

Сүрөттүн булагы, Personal archive
"Ата-энемдин сырткы келбетинде эч кынтык жок"
18 жаштагы Полина Аксенова да мектептен бери мурдун кичирейткиси келчү: "Мурдум атамдыкын тартып, бир аз кең болуп, мага жарашчу эмес".
Бирок, Полинанын айтымында, бул каалоо өспүрүм курактагы өксүктөргө байланыштуу эмес: "Менин ата-энем өтө келишимдүү адамдар, ушундай үй-бүлөдө чоңойдум. Мен да аларга окшош болгум келчү. Апам пластикалык операцияга каршы эмес, өзү да бир нече жолу жасаткан".
Полина орусиялык телеалпаруучу Дана Борисова менен бизнесмен Максим Аксеновдун кызы. 18 жашка толгончо эле бир нече пластикалык операция жасатып, социалдык тармактарда бул тууралуу ачык айтып чыккан.

Сүрөттүн булагы, Personal archive
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Полина биринчи операциясын – ринопластиканы 17 жашында эле жасатып, жыйынтыгына ыраазы болгон: "Менин жаңы мурдум мага абдан жарашат". 18 жашка чыгарына бир жума калганда ал дагы бир операцияга батынган. Бул жолу дарыгерлер төшүн кичирейтип, ошол эле наркоздун астында ичиндеги майдын бир бөлүгүн жамбашына которушкан.
Полинанын айтымында, бул операцияны дарыгерлердин көрсөтмөсү менен жасаткан – төшү өтө чоң болгондуктан, бул ага ыңгайсыздык жаратчу. Он жыл мурун апасына да ушундай эле операцияны ушул эле пластикалык хирург жасаган.
Полинанын айтымында, апасы Дана Борисова кызынын экинчи операциясына – майды бир жерден алып, экинчи жакка которууга каршы болгон экен: "Апам ашыкча майды алдыртууга макул болгон эмес, себеби, мындай зарылчылык жок деген".
Ошого карабастан 18 жашка толуп жаткан кызына ушундай белек кылып, операцияга кеткен чыгымды көтөргөн. Полинанын айтымында, төштү кичирейтүүгө жана липоскульптурага 1,2 миллион рубль (болжол менен 13 100 евро) кеткен.

Сүрөттүн булагы, Arina Antonova/TASS
Полина ашыкча салмак үчүн эч качан санаага батпаганын, бирок эки жыл мурун, 16 жашында апасы ага "Оземпиктин" жардамы менен арыктоону сунуш кылганын эскерет. "Оземпик" – 2-типтеги диабетти дарылоодо колдонулчу дары, ал салмакты азайтууга көмөктөшөт, ошондуктан учурда дүйнөдө популярдуу болуп жатат.
"Башында макул болгон эмесмин, бирок кийин апамдын айткандарына көнүп, "Оземпиктин" уколун алдым, - дейт ал. – Менин оюмча, бул абдан жаңылыш чечим болду. Бул дары арыктоо үчүн эмес; укол сайдырып, каалаганыңды жей бергидей сыйкырдуу дары жок. Бул дары ден соолугуңа олуттуу таасирин тийгизет. Мен ал кезде кичинекей элем, акылым деле жок болчу".
Полинанын пластикалык операция жасатуу чечимине апасынын мисалы таасир эткен: "Ал 50 жашка чыкса да, абдан сулуу. Анан дагы, апам пластикалык операциядан такыр коркпойт. Ошондуктан, албетте, ушуларды көрүп жүрүп, сен да ошентип чоңоюп калат экенсиң. Эне – бул жашообуздагы эң жакын адамдардын бири эмеспи".
Полина пластикалык операцияны медициналык көрсөтмөсү жок эле жаш өткөндөн кийин жасатса жакшы болорун моюнга алат, бирок өзү тууралуу буларды белгиледи: "Өзүң менен күрөшкө күч короткондун ордуна, муну эртерээк жасап, бактылуу жашай берген жакшы деп ойлойм. Эгерде акыл кирип калган куракта өзүңдө бир нерсени өзгөртүүнү кааласаң, анда муну эмнеге кылбаш керек?".

Сүрөттүн булагы, telegram/poxenovaa
Глобалдык тренд
Эл аралык эстетикалык пластикалык хирургия коомунун (ISAPS) маалыматына ылайык, дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде кыздар арасында пластикалык хирургияга кызыгуу күчөп баратат.
"Операция жасаткан жаштардын санында өсүш байкалууда, - деп билдирди Би-Би-Сиге ISAPS'тын басма сөз кызматы. – Буга социалдык тармактардын таасири себеп болушу ыктымал. Кыздар башкалар операция жасап жатканын көрүп, аларга окшош болгусу келет".
Эгерде буга чейин белгилүү адамдар пластикалык операция жасатканын жашырып келсе, учурда ачык эле айтып калышты. Алардын арасында 27 жашында силикон импланттарын койдурганын айткан модель жана ишкер Кайли Женнер, рэп ырчысы Карди Би, "Достор" сериалынын жылдызы Лиза Кудроу, орусиялык ырчы Инстасамка, блогер Надежда Стрелец жана башкалар бар.
"Социалдык тармактарда баарынын сүрөттөрүн барактап отуруп, "Баракелде! Ушунча да сулуу болобу?" деп ойлойсуң. – Социалдык тармактар чындыкты чагылдырбайт, ошондуктан мен мүмкүн болушунча ачык болууга аракет кылам", - деди People журналына 28 жаштагы америкалык гимнаст Симона Байлз. Спортчу төшүн чоңойтуп, блефаропластика жасатып, кулагынын көнчөгүн түздөткөн. Байлз бул тууралуу ачык айтуу чечимин "кыздарга өз тандоосун жасоого укуктуу экенин көрсөтүп, мында уят нерсе болбогонун жеткирүү" каалоосу менен түшүндүрдү.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Социалдык тармактардын таасири бетке пластикалык операция жасоонун популярдуулугун арттырды, деп айтты Би-Би-Сиге ISAPS. 2024-жылдын аягында дүйнөдөгү эң популярдуу пластикалык хирургия блефаропластика болчу: 2,1 миллион адам ушундай операцияны жасаткан, бул бир жыл мурункуга караганда 13,5 пайызга көп. 2022-жылга салыштырмалуу 2023-жылы көздүн кабагына жасалган операциялардын саны 24% өскөн.
Липосакция жана төштү чоңойтуу эң кеңири таралган үч операциянын катарына кирет, бирок алардын популярдуулугу бир нече жылдан бери азайып баратат. 2023-жылга салыштырмалуу дүйнөдө липосакциялардын саны 12,6% пайызга, ал эми төштү чоңойтуу боюнча операциялар 17,5 пайызга азайган.
Орусия боюнча маалыматтарды ISAPS 2020-жылга чейинки отчетторуна кошуп келген. Ошол убакта Орусияда эң популярдуу операция блефаропластика болчу. Жылына пластикалык операциялардын жалпы саны боюнча Орусия тогузунчу орунду ээлесе, алдыңкы үчтүккө АКШ, Бразилия жана Германия кирет.
"2020-жылдан кийин орусиялык пластикалык хирургдар жетишсиз маалыматтарды бере баштагандыктан, Орусия отчетторго кирбей калды", - деп түшүндүрдү ISAPS. Би-Би-Си Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинен статистикалык маалыматтарды сураткан, бирок азырынча жооп келе элек.
"Пластикалык хирургияга болгон кызыгуунун жалпы дүйнөлүк өсүшү боюнча Орусия тренддерден артта калган жок", - дейт пластикалык хирург жана Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин пластикалык хирургия боюнча профилдик комиссиясынын мүчөсү Антон Захаров.
"Биз болгону жалпы дүйнөлүк процесстердин бир бөлүгүбүз, ал эми бул процесс социалдык тармактарга таянат эмеспи. Буга маалымат мейкиндиги да жигердүү салым кошууда", - дейт Захаров.

Сүрөттүн булагы, Personal archive
"Өзүңө болгон ишенимди арттырат"
Хирургиялык кийлигишүүлөр тууралуу атактуулар гана эмес, социалдык тармактардын катардагы колдонуучулары да ачык айта башташты. Кыздар пластикалык операцияга чейин жана андан кийин сүрөткө түшүп, ошондой эле "Инстаграмга" жана "Тиктокко" операциядан кийин калыбына келүү процессин чыгарып, шишик, көгала жана гипс менен түшкөн сүрөттөрүн жарыялап жатышат.
Визажист жана блогер Рита Захарова биринчи пластикалык операциясын 19 жашында жасаткан – ал Биштин дөмпөктөрүн, башкача айтканда, жаактагы майлуу ткандарды алдырткан. Анын бул тууралуу видеосун "Тиктокто" 9 миллиондон ашык адам көргөн.

Сүрөттүн булагы, TikTok/rzaharova
Азыр Рита 24 жашта, ушул жашка чейин ал дагы бир нече пластикалык операцияны жасаткан.
Рита төшүн чоңойтуу боюнча операцияны жасатуу тууралуу чечимди заматта кабыл алган: "Дубайда курбум менен отурганбыз. Анан эле: "Сенин төшүң ушундай беле?" деп таң калдым. Ал мага пластикалык операция жасатканын айтып, хирург менен байланышуу жолдорун айтып берген. Шарап ичип жатканда чечимди бир заматта кабыл алат экенсиң, мен ошол замат дааратканага барып, сүрөткө түшүп, аны клиникага жибергем. Бир жумадан кийин эле мага операция жасашты".
Ошондон кийин анын өзүнө болгон ишеними арткан: "Ушул операциядан кийин чындап өзүмдү өзгөчө аял сезе баштадым". Рита бул операцияга 5,5 миң евро (азыркы курс боюнча дээрлик 500 миң рубль) кеткенин айтып, муну "мыкты инвестиция" деп атайт. Ал эми липофилинг үчүн 600 миң рубль (6,6 миң евро) жана Биштин дөмпөктөрүн алдыруу үчүн 20 миңдей (220 евро) төлөгөн.
Ал жасаткан бардык операциялары жөнүндө өзүнүн катталуучуларына ачык айтып турат: "Адамдарга бул тема кызык, алар да салмактап көрүп, чечим кабыл алышат. Мындай теманы көтөрүш керек деп эсептейм, себеби аудитория да кабардар болуп, блогер да катталуучулардын санын көбөйтө алат".

Сүрөттүн булагы, instagram/rzaharova
Социалдык тармактардын таасири жана "колдон чыккан пайда синдрому"
Ондогон жылдардан бери пластикалык хирургия чөйрөсү бир топ өзгөрдү, дейт Захаров: технологиялык прогресс кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртты, ал эми социалдык тармактар буга чейин негизинен эл көзүндө жүргөн адамдар колдонгон кызматты калктын кеңири катмары арасында жайылтууга жардам берди.
Ошол эле учурда социалдык тармактар терс таасирин да тийгизди. Пластикалык хирург Сергей Круглик сүрөттөрдү өзгөртүү үчүн чыпкаларды жана атайын тиркемелерди "көйгөй менен чектешкен тенденция" деп атайт: "Сен дайыма жакшы жагына өзгөргөн сүрөттөрдү чыгарып, бирок күзгүдөн таптакыр башка адамды көрүп турсаң, бул сени операция жасоого түртөт".
"Социалдык тармактарда башка адамдардын жашоосуна көз салуу колдон чыгарылган пайда синдромун жаратат, - дейт Захаров. – Адамдар социалдык тармактарда бардыгы өтө сулуу жана келбеттүү болгонун көрүп, өздөрүнө ыраазы болбой калышат. Бул аларды сырткы келбетине көбүрөөк кам көрүүгө жана пластикалык хирургиянын кызматынан колдонууга түртөт".

Сүрөттүн булагы, Personal archive
Пластикалык хирургияга болгон кызыгуунун өсүшү социалдык тармактарда мындай кызмат көрсөтүүлөрдүн жарнактарынын көбөйүшүнө да алып келди, бул болсо өз кезегинде ишин жакшы билбеген адистердин пайда болушуна шарт түздү, дейт Захаров.
Өздөрүнө өмүр бою нааразылар
Пластикалык хирургия адамдын коомго аралашуусун жана жашоо сапатын жакшыртат, - дейт Захаров. Бирок социалдык тармактар да реалдуу эмес үмүт берүүдө: "Эгерде адам пластикалык хирургия кызматын колдонуп, бирок күтүп жаткан жыйынтыкты көрбөй калса, ал нааразы бойдон калат".
Анын айтымында, ага пластикалык операция жасатууга көрсөтмөсү жок бейтаптар көп келишет: "Мен мындай адамдарды кабыл алуудан баш тартам. Кандай гана пластикалык хирург болбосун биринчи жолугушууда ал медициналык көрсөткүчтөргө гана баа бербестен, ошону менен бирге бул адамды операцияга кандай жагдайлар түрткөнүн, эмне мотивация болгонун, операциядан эмнелерди күтүп жатканын түшүнүшү керек. Бул биздин ишибиздин бир бөлүгү, себеби, биздин милдет – адамда өзүнө болгон ишенимди пайда кылуу, маанайын көтөрүү. Бул психотерапиянын скальпель аралашкан элементи".
"Операциядан баш тартууга себеп болчу дагы бир жагдай – бейтаптын жаш курагы", - дейт пластикалык хирург Сергей Круглик.
"Кечээ 15 жаштагы кыз апасы менен келип, ринопластика жасап берүүнү өтүндү. Мен ага жаш кезде беттин скелети дагы чоңое турганын айттым. Ринопластикадан кийин мурун менен бет чоңоюп, бир нече жылдан кийин жакшы болбой калат, - дейт хирург. – Бирок мен бул кызды көндүрө алган жокмун; ал кийинки жумага операцияга жазылды. Кыз бардык сүрөттөргө мурдун жаап түшөт экен. Апасы: "Мен такыр ынандыра албай койдум. Психолог менен иштеп жатабыз, дары ичет, бизге пластикалык операция гана жардам бере алат", - деди.

Сүрөттүн булагы, YouTube/vipclinic_msk
"Сулуулуктун стандарттары өзгөрүүдө"
Инстаграм жана башка визуалдык социалдык тармактар чыпкалардын жана башка эффекттердин эсебинен сулуулуктун стандарттары тууралуу көз карашты өзгөртүп жатканын айтат психолог Сабина Нарымбаева. Анын баамында, социалдык тармактарда клиникаларды, бейтаптардын операцияга чейин жана андан кийин тартылган сүрөттөрүн жарнамалоо, ошондой эле блогерлердин операция жасатканы тууралуу видеолор адамдарга мындай кызмат көрсөтүүлөр жеткиликтүү болуп калганын көрсөтүүдө:
"Мындай контент керектөөчүдө коркуу сезимин азайтат, ал операциянын соңунда кандай болору тууралуу маалымат алып, "андай деле коркунучтуу эмес экен го, мындай сонун жыйынтык үчүн чыдап деле койсо болот", - деген ойду жаратат.

Сүрөттүн булагы, Personal archive
"Жакында эле бодипозитив, өзүңдү жана денеңди кандай болсо, ошондой кабыл ал деген түшүнүк тренд болуп жаткан. Анан эле "Оземпик" пайда болуп, пластикалык хирургия модага айланганда кайрадан баары өзгөрдү, - дейт Нарымбаева. – Эми "өзүңө кам көрүшүң керек, сырткы келбетиң үчүн жооптуусуң жана сырткы келбетиң сенин кандай адам болгонуңан кабар берет" деген сөздөр байма-бай айтылууда. Бул болсо коомдо хирургиялык кийлигишүүнү кадыресе көрүнүшкө айландырып жатат: "Кыздарга "сен өзүңдү өзгөртө аласың, өз денеңди эмне кылыш керектигин өзүң эле билесиң, сырткы келбетиңди өзүң каалагандай башкара аласың" деп айтышууда".
"Аялдардын сырткы көрүнүшү алардын маянасына жана коомдогу абалына таасир этери тууралуу изилдөөлөр бар, - деп улантат психолог. – Патриархалдык коом сулуулуктун реалдуу эмес стандарттарын сактоону жана ошол стандарттарга жооп берүү үчүн акчалай, физикалык жана материалдык ресурстарды колдонууну талап кылып жатат".

Сүрөттүн булагы, Personal archive
"Пластикалык хирургия сыйкыр эмес"
Диана ринопластикадан кийин "өзүмдү кыйла бактылуу жана ишенимдүү сезип калам" деп ойлогон: "Бирок эч нерсе өзгөргөн жок. Сезимдерим ошол эле бойдон. Болгону күзгүгө каранганда бир аз ыраазы болом. Пластикалык хирургия сыйкыр эмес, өзүңдү өзүң өнүктүрүшүң керек экен, ошондо анан бир жыйынтык болот".

Сүрөттүн булагы, Personal archive
Диана ринопластика жасатканына өкүнбөйт. Бирок операциядан бир жыл өткөндөн кийин анын мурдунун кайкысында кичинекей шишик пайда болгон. Би-Би-Си менен маектешкенден көп өтпөй Диана экинчи жолу операция жасатуу үчүн Махачкалага учуп кетти.
"Ринопластика менин жашоомо эч кандай таасирин тийгизген жок, - дейт ал. – Балким, менде башкача бир үмүт болсо керек. Мен ханыша болом, мага миллионерлер келет деп кыялдансам керек. Бирок андай болбойт экен. Сен ошол эле адам бойдон каласың. Мурдуң эле өзгөрөт, болду, ошол эле". (ZMa)
Редактор: Ольга Шамина
































