Депутаттар ант берди, спикерликке Нурланбек Тургунбек уулу шайланды

Сүрөттүн булагы, Courtesy
Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин 8-чакырылышынын шайланган депутаттары парламентте биринчи сессияга чогулду. Спикерликке Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кайра шайланды.
Жогорку Кеңештин 8-чакырылышынын алгачкы жыйынын эң улуу депутат Гүлайым Машрапова ачып, спикер шайланганга чейин төрагалык кылды. Гимн ойнолгондон кийин БШК төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров шайлоонун жыйынтыгы боюнча маалымат берди. Ошондой эле ал жаңы шайланган депутаттарга мандаттарын тапшырды. Депутаттык күбөлүгүн жана төш белгисин алган ар бир депутат дароо ант беришти.
Бул иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Министрлер кабинетинин мүчөлөрү катышты.
Жогорку Кеңештин түзүмү кандай болду?
Түштөн кийинки жыйында депутаттар парламентте 5 депутаттык топ түзүлгөнүн жарыялашты. Алсак, Нурланбек Азыгалиев башына турган "Ата-Журт" депутаттык тобунда 18 депутат бар. Ал эми "Мекенчил" тобуна 19 депутат кирген жана алардын лидери Кундузбек Сулайманов. Акылбек Түмөнбаев башында турган "Элдик" тобунда 18 эл өкүлү бар. "Адилет Кыргызстан" тобуна 14 депутат кирген жана алардын лидери Нурбек Сыдыгалиев. Ал эми Жанар Акаев башында турган "Ала-Тоо"депутаттык тобунда 15 депутат бар.
Ал эми Эрулан Көкүлов, Элвира Сурабалдиева жана Болот Ибрагимов эч кайсы топко кирбегенин жарыялашты.
Андан кийин депутаттык топтордун баары - "Ата-Журт", "Мекенчил", "Элдик", "Адилет Кыргызстан" жана "Ала-Тоо" спикерликке Нурланбек Тургунбек уулун көрсөттү. Башка альтернативдүү талапкер сунушталган жок.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында Нурланбек Тургунбек уулу 85 добуш менен спикер болуп шайланып, үчөө каршы болду.
Ушул эле күнү Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун орун басарлары тандалды. Парламенттин биринчи вице-спикерлигине "Элдик" депутаттык тобу тарабынан сунушталган Чыңгыз Ажибаев шайланды. Ал эми катардагы вице-спикерлик кызматтарга Жылдыз Таалайбек кызы менен Карим Ханжеза келишти. Жылдыз Таалайбек кызы "Адилет Кыргызстан" тобунан көрсөтүлгөн, ал эми Карим Ханджеза "Мекенчил" тобунан сунушталган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Жогорку Кеңештин депутаттары биринчи жумуш күнүндө комитеттерди да түзүп, алардын башчыларын да шайлашты.
Парламентте сегиз комитет түзүлдү.
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы болуп Курманкул Зулушев,
Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрогасы болуп Элдар Сулайманов,
Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин төрөгасы болуп Бакыт Тентишев,
Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин төрөгасы болуп Токтобүбү Ашымбаева,
Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрөгасы болуп Кубанычбек Конгантиев,
Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин төрөгасы болуп Алтынбек Кудайбердиев,
Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы болуп Болотбек Борбиев,
Эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелери боюнча комитетинин төрөгасы болуп Гүлсүнкан Жунушалиева шайланды.
Садыр Жапаров: Добуш сатылганын көрүп, төбө чачым тик турду
Бүгүн, 17-декабрда президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жаңы шайланган депутаттарынын ант берүү аземинде сүйлөп жатып, шайлоодогу мыйзам бузууларга токтолду. Мамлекет башчысы добуш берүүнү толук онлайн форматка өткөрүү азырынча мүмкүн эмес экендигине токтолуп, мурдагы пикиринен кайтып жатканын белгиледи.
Президент шайлоодон кийинки келип түшкөн видеоматериалдарды көргөнүн айтып, добуш сатып алуу фактылары дагы деле сакталып жатканына тынчсыздануусун билдирди.
"Мен эл аралык байкоочуларды шайлоонун эртеси эртең менен эле кабыл алган элем да. Ошондуктан, видео- материалдарды көрүүгө убактым жете элек эле. Кечинде үйгө келгенимде, мага келген маалыматтарды карап олтуруп, добушун сатып аткандар менен сатып алып жаткандарды көрүп, төбө чачым тик турду. Мына ушундан улам, бизге интернет аркылуу үйдөн добуш берүү ыкмасына өтүү эрте экенине ынандым. Качан гана талапкерлерибиз, саясатчыларыбыз, ошондой эле добушун саткан жарандарыбыздын көзү ачылып, оңолгондо гана андай ыкманы киргизсек болчудай. Ал эми азыркы Шайлоо кодексиндеги кемчиликтерге тиешелүү түзөтүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча иш алып бара берели", - деди Садыр Жапаров.
Президент парламенттик шайлоонун эртеси, 1-декабрда эл аралык уюмдардын байкоочулары менен жолугушканда келерки парламенттик шайлоодо жарандар интернет аркылуу добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүү ниети бар экенин билдирген.
Президент жаңыдан ишке кирген депутаттарга сунуш менен катар талап да койо кетти:
"Туура, идеалдуу жетекчилер жок, баарыбыз жаңылышабыз. "Иштебеген киши жаңылышпайт" деген сөз бар элибизде. Олуттуу кемчиликтери болсо сындагыла, сындан адам оңолот. Ошол эле маалда силер сындаган жетекчилердин коррупциялык иш-аракеттери же мамлекеттин казынасына кол салган учурлары болсо, ачык далилдер менен айтып чыгыңыздар. Биз силерге рахмат деп гана айтабыз. Коррупция кылган чиновник болсо ким болбосун, аларды аябайбыз. Тескерисинче, биз өзүбүз коррупционерлер менен уурулардын артынан сая түшүп, жазалап жатабыз. Аны баарыңыздар эле көрүп жүрөсүздөр. Эгер коррупционерлердин бетин ачып берген болсоңор, биз албетте, кош колдоп колдойбуз. Бирок жогоруда айтканымдай, министрлерге же башка мамлекеттик кызмат жетекчилерине чалып, "муну жумушка коюп кой, алып кой" деп кысым көрсөтүүнү токтотсоңуздар", - деди Садыр Жапаров.
Шайлоодогу нааразылыктар
Жаңы системага негизделген мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 30-ноябрда өттү. Жалпысынан 29 округдан 87 депутат шайланды. Бирок добуш сатып алуу чырына байланыштуу 13-округдун жыйынтыгы жокко чыгарылды. БШК 12-декабрдагы жыйынында шайлоонун жыйынтыгын бекиткен.
Боршайкомдун төрагасы Тынчтык Шайназаров бул жолку шайлоо "Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу" митингдери жок өткөн айткан.
Бул арада мурда депутат болгон дагы эки айым -- Жылдызкан Жолдошева менен Ыргал Кадыралиева алгач жеңишке жетип, кийин айрым тилкелердеги шайлоонун жыйынтыгы жокко чыкканына байланыштуу мандатка илинбей калышты. Алар президентке кайрылып, адилеттүүлүктү орнотууну талап кылып жатышат.
Мындан тышкары №26 шайлоо округунан талапкер Эльдар Абакировдин арызы да сотто каралууда. Абакиров шайлоо күнү Кемин районунда 5-6 адам 460 миң сом менен кармалганын айтып, акчанын чоо-жайын териштирүүнү талап кылган. Ал болжолдуу добуш сатып алуу аракети деп мүнөздөлгөн бул окуя боюнча күнөөлүү тарап так аныкталбаса, №26 округдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга чакырган.
Ички иштер миниистрлиги акча тараткан адам бул округдан шайлоого аттанган талапкер Медербек Саккараевдин өкүлү экенин ырастаган. БШК акча таратууга Саккараевдин тиешеси жок деген бүтүмгө келген жана ага мандат берүүнү чечкен. Бул чечимдерге каршы Абакировдун арызын Жогорку Сот 17-декабрда саат 16:00дө карайт деп күтүлүүдө.














