"Мээлеп туруп атып жиберди": Чүйдө 49 жаштагы аял күйөөсүнүн колунан ажал тапты

Сүрөттүн булагы, COURTESY PHOTO
- Author, Айдай Аманкулова
- Role, Би-Би-Си кабарчысы
Чүй облусунда күйөөсүнүн колунан ажал тапкан келиндин сөөгү Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна жеткирилип, ошол жакта жерге берилди. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Москва районунун 63 жаштагы тургуну 49 жаштагы аялын атып өлтүрдү деген шек менен кармалганын ырастады. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, быйыл сегиз айдын ичинде 21 аял киши колдуу болгон.
Эки күн мурун эле аттарына чөп салып, тоокторуна жем чачып жүргөн 49 жаштагы Нурайым Жакыпова бүгүн жок. Акырда байлануу бойдон калган уй менен аттын кепшегени, иттин үргөнү гана угулбаса, Бала-Айылчы айылынын четиндеги үйү ээнсиреп бош турат.
Нурайымды күйөөсү мылтык менен аткан учурду кошунасы көрүп калган. Бул каргашалуу окуяга күбө болгон келин катуу коркуп калгандыктан учурда ооруканада жатат. Ал окуянын чоо-жайын камерага айтып бергиси келген жок.
"Катардагы эле күн болчу. Кечке маал... Ашкананын терезесинен көрүп калдым. Эжени көргөн жокмун, байкени көрдүм. Мылтык менен келе жатат деп эшикке чуркап чыктым. Эшикке чыкканда жетишпей калдым. Мээлеп туруп атып жиберди. Байке мас экен, аябай мас экен", – дейт маркумдун кошунасы.

"Мылтыкты кайдан алганы белгисиз"
Кошуналары шектүү каргалашуу окуянын алдында сөөк коюу зыйнатынан ичип келгенин айтышууда.
"Сөөк коюу зыйнаты болгон. Анда байке ичсе керек. Мас абалында эжени мылтык менен атыптыр. Кошуналар көрүп калышыптыр. Эже качып чыгыптыр. Бирок байке атканга жетишиптир", – деп кейип турду айылдагы Абдыкул Жапаров атындагы мектептин директорунун милдетин аткаруучу Айнура Сооронбаева.
Жубайлар Чүй боорундагы Бала-Айылчы аталышындагы айылдын четинде жашашат. Көп жылдан бери мал багышат. Ак-Суу айыл аймагынын жайыт инспектору Азамат Усуралиевдин билдиришинче, кылмышка шектүү мурда-кийин аңчылыкка деле чыкчу эмес. Мылтыкты кайдан алганы белгисиз:
"Курал жөнүндө эч нерсе деп айта албайм. Азыр кимдин гана үйүндө курал жок. Баарында эле болушу мүмкүн. Бирок бул байкенин курал көтөргөнүн, буга чейинки иштерин деле укпаптырмын".
"17-ноябрда Орусияга кетмек"
Айыл тургундарынын айтымында, жубайлар ортосунда уруш-талаш дайыма болуп турган. Маркум келин күйөөсү ичип келген күндөрү кошуналарына далай ирет качып барган экен. Түгөйлөр ортосундагы мамиле начар болгонун кылмышка шектүүнүн иниси Нурлан Эркетаев да тастыктады:
"Эми аралары жакшы эмес эле. Дайыма ызы-чуу менен түшүнбөстүк болуп турчу. Айтышып, урушуп кетишчү. Мен кичүү инисимин, мени угушмак беле, анын үстүнө өзүнчө турам".
Бул жубайлардын кийинки никеси. Экөөнүн ортосунда эки бала бар. Улуусу 11-класста, кичүүсү 5-класста окуйт.
Маркум келин паспорт алып, 17-ноябрда Орусияга иштегени кетүүнү пландап койгон экен.

Мектеп директору Айнура Сооронбаеванын билдиришинче, бир апта мурун эле кызын Токтогулдагы төркүнүнө жеткирген:
"Каза болгон эже "мен Орусияга иштегени кетип жатам, кызым Токтогулга, төркүнүмө барып окуйт" деп бир жума мурун кызын мектептен алып кеткен. Эже аябай жакшы киши эле. Биздин айылга келгенине 17 жыл болуп калды го. Баласы 11-класста окуйт да. Бул аралыкта бардык тиричиликти курап, балдарын жакшы карады. Баласына да, кызына да жакын болчу. Ошолорго кыйын болду", - деди ал.
Азырынча күйөөсүнүн колунан ажал тапкан Нурайым Жакыпованын жакындары менен байланышууга мүмкүнчүлүк боло элек.
Милициянын маалыматы
Милицияга маалымат ошол эле күнү, 1-ноябрда түшүп, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган.
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы тараткан расмий маалыматта Э.С. аттуу адам мас абалында үй-бүлөлүк чырдан улам өзүнүн 49 жаштагы жубайын мылтык менен атып таштаган. Аял алган жаратынан ошол жерде каза болгон.
"Бул факты боюнча Москва РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду", – деп айтылат милициянын маалыматында.
Шектүү Смаилбек Эркетаев Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө абагына киргизилген.

Сүрөттүн булагы, Official
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары улантылууда.
Чүй облустук милициясы Би-Би-Сиге учурда кылмышка шектүү мылтыкты кайдан алганы, курал колдонууга уруксаты болгон-болбогонун териштирип жатканын маалымдады.
Бул арада маркумдун сөөгү төркүнүнө жеткирилип, бүгүн, 3-ноябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунда жерге берилди.
Ушуга дээрлик окшош окуя быйыл 26-майда Ош облусунун Кара-Кулжа районунда катталган. Беш баланын энеси, 38 жаштагы Айзирек Эралиева Өзгөн районунун Алга айылына 20 жылдык кечеге барып келгенден кийин күйөөсүнүн колунан ажал тапкан. Жолдошу аны атып таштаган. Шектүүнү райондук сот 18 жылга эркинен ажыраткан.
Кыргызстанда быйылкы жылдын сегиз айында ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 14 277 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2024-жылдын ушул айына салыштырганда 35,1% көп. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, бул мезгил аралыгында 11 328 аялга коргоо ордерлери берилген.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, быйылкы жылдын сегиз айында 21 аял киши колдуу болду. Былтыр болсо жалпысынан 35 аял өлтүрүлгөн.
WPS (Аялдар, тынчтык жана коопсуздук индекси) деп аталган көрсөткүчкө ылайык, Кыргызстан 2021 жана 2023-жылдары эки ирет катары менен Борбор Азияда аялдар үчүн кооптуу өлкө катары таанылган. Кийинки индекс быйыл, 2025-жылы жарыяланат.
















