Ооганстандагы зилзаладан кеминде 20 киши каза тапты

Ооганстандагы жер титирөөдө жараат алган аял

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ооганстандагы жер титирөөдө жараат алган аял

Ооганстандын түндүгүндө магнитудалык күчү 6,3 баллды түзгөн жер титирөөдөн кеминде 20 адамдын өмүрү кыйылды.

Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жүздөгөн киши жараат алганын, курмандыктардын саны өсүшү мүмкүндүгүн билдиришти.

Жер титирөө дүйшөмбүгө караган түнү болгон. Анын очогу Ооганстандагы эң ири шаарлардын бири Мазари-Шарифтин жанында жайгашкан.

АКШнын Геологиялык изилдөө институтунун маалыматында жер титирөөнүн очогу 28 чакырым тереңдикте жайгашканы белгиленген.

"Талибан" өкмөтүнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Шарафат Заман Амар билдиргендей, зилзаладан жыйырмадан ашык адам өлүп, 320дан ашууну жараат алды.

Жер титирөөнүн очогу Мазари-Шариф шаарынын жанында жайгашкан.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жер титирөөнүн очогу Мазари-Шариф шаарынын жанында жайгашкан.
Саманган районунда да бир топ адам өлгөнү кабарланууда.

Сүрөттүн булагы, Supplied

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Саманган районунда да бир топ адам өлгөнү кабарланууда.

Талибдердин Балх провинциясындагы басма сөз өкүлү Хажи Заид Шолгара районунда "көп киши жараат алганын" X социалдык түйүнүндөгү баракчасына жазды. Анын айтымында, провинциянын дээрлик бардык аймактарынан майда жараат алгандар жана турак-жайларга зыян келген учурлар тууралуу кабарлар түшүп жатат.

"Жарааттардын көбүнө адамдардын бийик имараттардан кулап түшкөнү негиз берген", - деп жазды ал.

Мазари-Шарифте жарым миллиондой адам жашайт. "Франц пресс" жаңылыктар агенттиги жазгандай, жер титирей баштаганда шаардын тургундарынын көбү урандылардын алдында калбайлы деп үйлөрүнөн качып чыгышкан.

Талибдердин Балх провинциясындагы өкүлү жарыялаган видеодон Мазари-Шарифтеги шиит мусулмандарынын мечитинин айлана тегерегинде урандылар кулап түшүп жатканын көрүүгө болот.

Кабулдагы талиб өкмөтү жер титирөөдөн кийинки жагдайга "тыкыр көз салып жатканын" маалымдады.

Август айында Ооганстандын чыгышындагы тоолуу аймактарда 6 баллдык жер титирөө катталып, андан миңден ашуун киши каза тапкан.

Ооганстандын турак-үйлөр негизинен ылай менен жыгачтан салынган алыскы аймактарында жер титирөөдөн каза тапкандар көп катталат. Курмандыктардын көбүнүн өлүмүнө турак-үйлөрдүн урап калганы себеп болот

Ооганстан Евразия жана Индия тектоникалык плиталарынын тийишкен тилкелеринде жайгашкандыктан бул өлкөдө жер титирөөлөр утур-утур болуп турат.