"Түбөлүккө созулчудай сезилди". Англияда поезддеги кол салууда 11 адам жаракат алды

Сүрөттүн булагы, JUSTIN TALLIS/AFP
Ишемби күнү кечинде Англияда Лондонго бараткан поездде белгисиз адам бычак менен жүргүнчүлөргө кол салды. Жекшембиге карата маалыматтарга ылайык, 11 адам жаракат алып, алардын биринин абалы оор бойдон калууда. Кол салууга тиешеси бар деген шек менен бир адам кармалды. Британ тартип коргоо органдарынын кабарлашынча, полицияда окуяны теракт деп көрсөткөн эч кандай маалымат жок.
Кол салуу ишемби күнү кечинде Англиянын түндүк-чыгышындагы Донкастер шаарынан Лондондогу Кингз-Кросс вокзалына бараткан поездде болгон. Окуя болгон учурда поезд Кембриджшир графтыгынан өтүп бараткан.
Кол салуу тууралуу полицияга жана тез жардам кызматына чала баштаган жүргүнчүлөрдөн белгилүү болду. Алар бычак көтөргөн бир адам поездде жүргөнүн, ал адамдарга кол салып жатканын билдиришти.
Окуя тууралуу белгилүү болгондон кийин көп сандаган полиция жана тез жардам кызматы Кембриджширдеги Хантингдон станциясына жетип келишти. Поезд ушул жерге токтогон.
Куралданган полиция кол салууга тиешеси бар деген шек менен поезддеги эки кишини камакка алды.
Жекшемби күнү түштөн кийин полиция кармалгандардын экөө тең Британиянын жарандары экенин тактады. Алардын бири – 32 жаштагы ынды кара британиялык, экинчиси 35 жаштагы Кариб аймагынан келген адам. Экөө тең Улуу Британияда төрөлгөн. Алардын ысымдары ачык жарыяланган жок.
Анткен менен 2-ноябрдын кечинде британ полициясы кол салууга 32 жаштагы гана адам шектелип жатканын, ал эми экинчиси, 35 жаштагы Лондондун тургуну эч кандай айып коюлбастан бошотулганын билдирди.
"Окуя болгон жерге келген полиция кызматкерлери бул адамдын кол салууга тиешеси боюнча ак ниет көрсөтмөлөрүн алышты. Бардык маалыматтар менен таанышып чыккан соң анын тиешеси жок экенин тастыктай алабыз", - деп билдирди полиция бошотулган адам тууралуу.
Жалпысынан кол салууда 11 жүргүнчү жабыркады. Такталган маалыматтар боюнча, алардын бешөө ооруканадан чыкты, бирок бир жабырлануучунун абалы оор бойдон калууда.
Жараат алгандардын ысымдары айтыла элек, бирок полиция кол салуучуну токтотууга аракет кылган London North Eastern Railway (LNER) темир жол компаниясынын кызматкеринин абалы оор бойдон калып жатканын билдирди.
"Полиция кызматкерлери пооездде орнотулган байкоо камерларындагы кадрларды карап чыкты. Ал чындап баатырларча кармашканы, көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап калууга жардам бергени талашсыз", - деп жазды полиция.

Сүрөттүн булагы, JUSTIN TALLIS/AFP
Күбөлөр эмне дешет?
Кол салуу маалында орун алган окуялардын чоо-жайы белгилүү боло баштады.
Поездде бараткан Олли Фостердин айтымында, жүргүнчүлөр дүрбөлөңгө түшүп, канга боёлгон жабырлануучулар жардам сурап кыйкырып жатышты.
Фостер Би-Би-Сиге адегенде "качкыла, тиги жакта бирөө баарын бычактап жатат" деген кыйкырыкты укканын, ошол замат муну бир күн мурда белгиленген Хэллоуинден кийинки пранк деп ойлогонун айтып берди.
Фостердин айтымында, улгайган адам кызды кол салуудан коргош үчүн калкалап калган, бирок ошол маалда башынан жана моюнунан жаракат алган. Анын жанындагы жүргүнчүлөр канды токтотуу үчүн курткаларды колдонушкан.
Мунун баары болгону 10-15 мүнөткө созулганы менен, Фостердин айтымында, окуя "түбөлүккө созулчудай сезилген".

Сүрөттүн булагы, JUSTIN TALLIS/AFP
Британиянын транспорт полициясы Би-Би-Сиге полиция жана чукул кырдаалдар кызматтары адегенде "Plato" код сөздү колдонгонун тастыкташты. Бул код "жапырт террордук чабуулга" реакция жасаган маалда колдонулат.
"Код сөзү кийинчерээк жокко чыгарылды", - деп билдирди Би-Би-Синин ички саясат маселелери боюнча кабарчысы Дэниел Сандфорд.
Жекшемби күнү түштөн кийин транспорт полициясынын өкүлү журналисттерге билдиргендей, такталган маалыматтар боюнча, теракт деп баалоого негиз берген эч нерсе жок.
Ички иштер министри Шабана Махмуд тергөөнүн жүрүшү тууралуу үзгүлтүксүз маалымат алып жатканын айтып, адамдарды "комментарий берүүдөн же божомол жасоодон алыс болууга" үндөдү.
Британиянын премьер-министри Кир Стармер Кембриджширдеги окуяны "терең тынчсызданууну жараткан үрөй учурган окуя" деп атады. (ZMa)












