Дональд Трамп президенттик шайлоого катыша албай калабы? Сот чечими талкууда

Буга чейин Нью-Гэмпшир, Миннесота жана Мичиган штаттарында берилген ушул сыяктуу доо арыздар ишке ашпай калган

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Буга чейин Нью-Гэмпшир, Миннесота жана Мичиган штаттарында берилген ушул сыяктуу доо арыздар ишке ашпай калган

Колорадо штатынын Жогорку соту мурдагы президент Дональд Трампты 2024-жылдагы президенттик жарыштан четтетүү чечимин кабыл алды. Сот АКШнын Конституциясындагы "козголоңго же көтөрүлүшкө" катышкан чиновниктерге мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салган пунктка таянуу менен чечим чыгарды.

2021-жылдын 6-январында Дональд Трамптын жактоочуларынын тобу анын атаандашы Жо Байден жеңгенин аныктаган президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыгып, Капитолий дөңсөөсүндөгү Конгресстин имаратына бастырып кирген. Соттун чечими Трамптын ошол окуялардагы болжолдуу ролуна негизделди.

Трамп АКШнын тарыхында сейрек колдонулган 14-түзөтүүгө ылайык президенттикке ат салышуу укугунан ажыратылган биринчи талапкер болуп калды. Буга чейин башка штаттарда Трампты шайлоо бюллетенинен алып салуу аракети ишке ашпай келген.

Getty Images

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Getty Images

АКШнын Жогорку сотуна бул чечимге каршы даттанууну кароого мүмкүнчүлүк берүү үчүн чечимдин күчүнө кириши 2024-жылдын 4-январына чейин токтотулган.

4-3 деген бир аз гана айырма менен сот 2024-жылы Республикачылардын атынан аттанган талапкерди "АКШнын өкмөтүнө каршы адамдарды зомбулукка түртүүдөгү" ролу үчүн шайлоого катышууга Конституция тыюу салат деп тапты.

Колорадо штатынын Жогорку сотунун өкүмү Колорадо штатынын судьясынын мурдагы чечимин жокко чыгарды, ал 14-түзөтүү президенттерге тиешелүү эмес, анткени ал жерде президент теп даана айтылбайт деген.

Төмөнкү инстанциядагы соттун чечимине ылайык, Трамп "өз тарапташтарын зордук-зомбулукка үндөө аркылуу козголоңго катышкан", бирок президент катары ал түзөтүүгө ылайык четтетилиши мүмкүн болгон "АКШнын кызмат адамы" болгон эмес.

Getty Images

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Getty Images

Трамптын адвокаты Капитолийдеги баш аламандык козголоң катары баалана тургандай олуттуу болгон эмес экенин жана Трамптын ошол күнү Вашингтондогу тарапкерлерине айткан сөздөрү анын сөз эркиндикке болгон укугу менен корголгондугун ырастады. Адвокат соттордун Трампты бюллетенден чыгарууну талап кылууга укугу жок экенин жүйө келтирди.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бирок шейшемби күнкү чечиминде Колорадо штатынын Жогорку сотунун көпчүлүгү мындай жүйөө менен макул эмес экенин билдирди. Алар Трамптын тополоңдун алдында сүйлөгөн сөздөрү тарапкерлерине күрөшүүгө чакырык болгонун жана анын тарапташтары бул чакырыкты ээрчип кеткенин айтышкан.

Ошол эле учурда соттун өкүмүнө каршы чыккан үч судьянын бири Карлос Самур мыйзамдын негизинде өкмөт адамды мамлекеттик кызматты ээлөө укугунан ажырата албайт деп билдирди.

"Биз талапкердин коркунучтуу иштерди жасаганына карабастан, ал тургай көтөрүлүшкө катышкан тарыхы бар экенине ынанган күндө да - ал адам мамлекеттик кызматты ээлөө укугунан ажыратылган деп жарыялаганга чейин процедуралар аткарылышы керек" - деп жазган ал.

Шейшемби күнкү Жогорку Соттун чечими Колорадо штатынын 5-мартта өтө турган Республикалык праймеризине гана тиешелүү жана Колорадодон тышкаркы штаттарда иштебейт. Бирок бул Трамптын 5-ноябрдагы жалпы шайлоодогу абалына таасирин тийгизиши мүмкүн.

Келе жаткан шайлоого карата бейтарап божомол жасагандар Колорадо штатын "коопсуз" демократиялык штат деп эсептейт, демек, Трамптын шайлоодогу тагдыры кандай болбосун азыркы президент Жо Байден бул штатта жеңип чыгышы мүмкүн.

Акыркы президенттик шайлоодо Дональд Трамп бул штатта атаандашынан кыйла эле артта калган. Бирок атаандаштыкка жөндөмдүү башка штаттардагы соттор Колорадонун сотун ээрчисе, Трамптын президенттикке талапкерлиги олуттуу кыйынчылыктарга туш болушу мүмкүн.

Буга чейин Нью-Гэмпшир, Миннесота жана Мичиган штаттарында берилген ушул сыяктуу доо арыздар ишке ашпай калган.

Трамптын шайлоо штабы соттун чечимин толугу менен ката жана демократиялык эмес деп атап, АКШнын Жогорку Сотуна даттанаарын билдирди.

"Демократиялык партиянын лидерлери президент Трамптын сурамжылоолордо үстөмдүк кылып жаткан абалынан ашыкча коркуп жатышат. Алар Байдендин начар башкаруусуна ишенимин жоготушту жана эми америкалык шайлоочулар аларды келерки ноябрда кызматтан кууп түшпөшү үчүн колдон келгендин баарын жасап жатышат." – деди, Трамптын шайлоо штабынын өкүлү Стивен Чунг.

Ушул кезге чейин Трамптын каршылаштарынын 2024-жылы анын Ак үйгө кайтып келишине жол бербөө үчүн жасаган бардык аракеттеринен эч кандай майнап чыккан жок.

Чунг Дональд Трамптын юридикалык тобу мүмкүн болушунча тез арада АКШнын Жогорку Сотуна аппеляциялык арыз менен кайрыла турганын кошумчалады.

Бул чечимди республикачыл депутаттар да айыпташты. Атап айтканда, Өкүлдөр палатасынын спикери Майк Жонсон муну бир партиянын атынан жасалган, бир аз жымсалданган чабуул деп атады.

"Саясий көз карашына карабастан, добуш берүүгө катталган ар бир жаран биздин мурдагы президентти жана Республикалык праймериздеги ар бир сурамжылоодо сап башында турган адамды колдоо укугунан ажыратылышы мүмкүн эмес", - деди ал.

Өз кезегинде Колорадо сотуна доо арыз менен кайрылган, өздөрүн “жарандар Вашингтондогу жоопкерчилик жана этика үчүн” деп атаган топ бул чечимди кубаттады.

"Бул тарыхый жана негиздүү гана чечим эмес, бул биздин өлкөдөгү демократиянын келечегин коргоо үчүн зарыл чечим," - деди топтун лидери Ноа Букбиндер билдирүүсүндө.

АКШнын мурдагы президентинин оппоненттери бул ишти аны шайлоодон четтетүү үчүн колдонгусу келет. Алар маселени АКШнын Жогорку сотуна алып чыгып, кеңири күч-аракеттерди жумшоого үмүттөнүшүүдө.

Бирок, тогуз мүчөдөн турган Жогорку сотто консерваторлордун көпчүлүктү (6-3) тузүүсүн, алардын ичинде Трамп көрсөткөн үч судья да бар экенин эске алганда, бул иштин келечеги бүдөмүк.

Конституцияга кирген 14-түзөтүү Америкадагы жарандык согуштан кийин ратификацияланган. Бул түзөтүүнүн 3-бөлүмү Түштүк штаттар кайрадан курамга киргенден кийин сепаратисттердин мурдагы өкмөттүк кызматтарына кайтып келишине жол бербөө үчүн колдонулган.

Аталган түзөтүү Конфедерациянын президенти Джефферсон Дэвиске жана анын вице-президенти Александр Стивенске каршы колдонулган, алар Конгресстин мүчөлөрү эле, бирок андан бери бул түзөтүүгө сейрек учурларда гана кайрылышкан.

Трамптын акыркы шайлоонун жыйынтыгына каршы чыгуу аракетине байланышкан төрт кылмыш иши, анын ичинде бир федералдык жана Жоржия штатындагы бир кылмыш иши бар.